Скрыть
5:1
5:2
5:6
5:7
5:17
5:19
5:20
5:22
5:23
5:24
5:26
5:28
5:30
5:32
5:34
5:35
5:36
5:40
5:41
5:46
5:47
5:48
Ыйса элди кљргљндљ, тоого чыкты. Ал отургандан кийин, шакирттери жанына келишти.
Ошондо Ыйса аларга мындай насаат айта баштады:
«Руху жакырлар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.
Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат.
Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат.
Адилеттикке ачыккандар жана суусагандар бактылуу, анткени алар тоюшат.
Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат.
Жєрљгє таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды кљрєшљт.
Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар “Кудайдын уулдары” деп аталышат.
Чындык єчєн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.
Мен єчєн кордук кљрсљњљр, Мен єчєн куугунтукталсањар, Мен єчєн жалган жалаага калсањар, бактылуусуњар.
Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыњар чоњ! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан.
Силер жердин тузусуњар. Эгерде туз љз даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтиресињ? Ал адамдардын тепсендисине ыргытылуудан башка эч нерсеге жарабайт.
Силер дєйнљнєн жарыгысыњар. Тоо єстєндљгє шаар жашырына албайт.
Чыракты жандырып, анын єстєнљ идишти кљмкљрєп койбойт. Єйдљгєлљрдєн баарына жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт.
Силердин жарыгыњар да адамдардын алдында так ошондой жаркырап турсун. Алар силердин жакшы иштерињерди кљрєп, Асмандагы Атањарды дањкташсын.
Мени мыйзамды же пайгамбарлардын сљзєн жокко чыгаруу єчєн келди деп ойлобогула. Жокко чыгаруу єчєн эмес, аткаруу єчєн келдим.
Мен силерге чындыкты айтып коёюн, асман менен жер жок болмоюнча, бардыгы аткарылмайынча, мыйзамдын бир да тамгасы, бир да белгиси жок болбойт.
Ошондуктан ким бул осуяттардын эњ кичинесин аткарбаса жана башкаларга да ошентип єйрљтсљ, ал Асман Падышачылыгында “эњ кичинекей” деп аталат. Ал эми ким аткарса жана єйрљтсљ, ал Асман Падышачылыгында “улуу” деп аталат.
Силерге айтып коёюн, эгерде силер мыйзам окутуучулар менен фарисейлерден да адилеттєє болбосоњор, анда Асман Падышачылыгына кирбейсињер.
Байыркы мезгилде жашагандарга: “Киши љлтєрбљ. Ким киши љлтєрсљ, ал жазага тартылат”, – деп айтылганын уккансыњар.
Мен болсо силерге мындай деп айтамын: бир тууганына жљнє жок ачууланган ар бир адам жоопко тартылат. Бир тууганын “келесоо” деген адам синедрион алдында жоопко тартылат, “акылсыз” деген адам болсо оттуу кљлгљ тєшљт.
Ошондуктан сен курмандык чалынуучу жайга курмандыгыњды алып келгенињде, бир тууганыњдын сага каршы бир нерсеси бар экени ошол жерден эсиње тєшсљ,
анда курмандыгыњды курмандык чалынуучу жайдын алдына таштагын да, барып, адегенде бир тууганыњ менен элдеш. Ошондон кийин гана курмандыгыњды алып кел.
Жолдо бара жатканыњда эле, каршылашыњ менен элдешип алганга шаш. Болбосо каршылашыњ сени сотко берет, сот болсо сакчыга тапшырат, ошентип, сени тєрмљгљ отургузуп коюшат.
Сага чындыкты айтып коёюн, акыркы кодрантыњды бермейинче, ал жерден чыкпайсыњ.
Байыркы мезгилде жашагандарга: “Ойноштук кылба”, – деп айтылганын уккансыњар.
Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам љз жєрљгєндљ ойноштук кылган болот.
Эгерде оњ кљзєњ сени кєнљљгљ тєртсљ, аны оюп алып, ыргытып жибер. Он эки мєчљњ бєт бойдон оттуу кљлгљ тєшкљндљн кљрљ, мєчљлљрєњдєн биринен гана ажыраганыњ жакшы.
Эгерде оњ колуњ сени кєнљљгљ тєртсљ, аны кесе чаап, ыргытып жибер. Он эки мєчљњ бєт бойдон оттуу кљлгљ тєшкљндљн кљрљ, мєчљлљрєњдєн биринен гана ажыраганыњ жакшы.
Дагы мындай деп айтылган: “Ким аялын кетире турган болсо, ага талак кат жазып берсин”.
Мен болсо силерге мындай деп айтамын: ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирген адам аялынын ойноштук кылуусуна себепкер болот; кєйљљсє кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.
Байыркы мезгилде жашагандарга: “Антты бузба. Тењирдин алдында берген антыњды аткар”, – деп айтылганын да уккансыњар.
Мен болсо силерге мындай деп айтамын: эч качан ант бербе; асманды оозанып ант бербе, анткени ал – Кудайдын тактысы.
Жерди оозанып да ант бербе, анткени ал – Анын бут коёр жери. Иерусалимди оозанып да ант бербе, анткени ал – улуу Падышанын шаары.
Башыњды оозанып да ант бербе, анткени бир да тал чачыњды ак же кара кыла албайсыњ.
“Ооба” деп айтуу керек болсо, “ооба” дегиле; “жок” деп айтуу керек болсо, “жок” дегиле. Ал эми булардан башкасы амалкљйдљн.
Силер: “Кљзгљ кљз, тишке тиш”, – деп айтылганын уккансыњар.
Мен болсо силерге мындай деп айтамын: жамандык кылган адам менен каршылашпа; оњ жаагыња чапкан адамга сол жаагыњды тосуп бер.
Сени менен соттошуп, кљйнљгєњдє алгысы келген адамга сырт кийимињди да бер.
Сени љзє менен бирге бир чакырым жол жєрєєгљ мажбурлаган адам менен эки чакырым жол жєр.
Сураганга бер, карыз сураган адамга тескери караба.
“Жакыныњды сєй, душманыњды жек кљр”, – деп айтылганын уккансыњар.
Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыњарды сєйгєлљ, силерди каргагандарга батањарды бергиле. Силерди жек кљргљндљргљ жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар єчєн жана куугунтуктагандар єчєн сыйынгыла.
Ошондо силер асмандагы Атањардын уулдары болосуњар. Анткени Ал Љз кєнєн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттєєгљ да, адилетсизге да жаадырат.
Силерди жакшы кљргљндљрдє гана жакшы кљрсљњљр, силерге кайдагы сыйлык? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи.
Эгерде бир туугандарыњар менен гана саламдашсањар, анда эмне љзгљчљлєгєњљр бар? Бутпарастар деле ошентишет эмеспи.
Ошондуктан асмандагы Атањар кандай жеткилењ болсо, силер да ошондой жеткилењ болгула.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible