Скрыть
4:1
4:2
4:3
4:5
4:8
4:9
4:11
4:13
4:14-15
4:19
4:20
4:21
4:22
4:23
Ошондон кийин Ыйса шайтан тарабынан сыналуу єчєн, Рух аркылуу чљлгљ алынып барылды.
Ал кырк кєн, кырк тєн орозо кармап, акырында ачка болду.
Ошондо азгыруучу Ага жакын келип: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоњ, анда мына бул таштарга нанга айланууну буйру!» – деди.
Ыйса ага: «“Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сљз менен да жашайт”, – деп, Ыйык Жазууда жазылып турат», – деп жооп берди.
Ошондо шайтан Аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананын тљбљсєнљ тургузуп, мындай деди:
«Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоњ, анда боюњду таштап жибер. Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Љзєнєн периштелерине буйрук берет. Сен бутуњду ташка уруп албашыњ єчєн, алар Сени колдоруна кљтљрєп кетишет”, – деп жазылып турат».
Ыйса ага: «Ыйык Жазууда: “Кудай-Тењирињди сынаба”, – деп да жазылып турат», – деп жооп берди.
Шайтан кайрадан Аны алып, абдан бийик тоого чыгарды да, дєйнљдљгє бардык падышачылыктарды жана алардын атак-дањкын кљрсљттє.
Анан Ага: «Алдыма жыгылып, мага таазим кылсањ, ушунун баарын Сага берем», – деди.
Ошондо Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени: “Кудай-Тењириње табын жана бир гана Ага кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди.
Ошондо шайтан Ыйсанын жанынан кетти. Периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.
Ыйса Жакандын камакка алынганын угуп, Галилеяга кетти.
Ал Назарет шаарында калбастан, Забулун жана Напталы дубандарына, Галилея кљлєнєн жээгиндеги Капернаум шаарына жайланышты.
Бул Ышайа пайгамбар аркылуу «Дењизди карай кеткен жолдогу Забулун жана Напталы жери, Иордандын наркы љйєзєндљ жашаган бутпарастардын Галилеясы,
карањгычылыкта жашаган эл улуу жарыкты кљрдє, љлєм кљлљкљсє баскан љлкљдљ жашагандарга жарык жаркырады» деп айтылган сљздєн аткарылышы єчєн болду.
Ошол убакыттан тартып, Ыйса мындай деп жар сала баштады: «Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды».
Ал Галилея кљлєнєн жанынан љтєп бара жатып, Петир деген да ысым коюлган Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди кљрдє. Бул эки бир тууган кљлгљ тор ыргытып жатышкан, анткени алар балыкчылар эле.
Ыйса аларга: «Менин артымдан ээрчигиле, силерди Мен адам кармоочу кыламын», – деди.
Алар ошол замат торлорун таштап, Аны ээрчип жљнљштє.
Ыйса андан ары кетип бара жатып, башка эки бир тууганды, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды кљрдє. Алар атасы Зебедей менен бирге кайыкта торлорун оњдоп жатышкан. Ыйса аларды да чакырды.
Алар ошол замат кайыкты да, атасын да таштап, Аны ээрчип жљнљштє.
Ыйса бєт Галилеяны аралап, синагогаларда элди окутуп, Асман Падышачылыгы жљнєндљ Жакшы Кабар таратып, адамдардын ар кандай ооруларын жана кеселдерин айыктырып жєрдє.
Ошондо Ал жљнєндљ бєт Сирия эли угуп, Ага бардык оорулууларды: ар тєрдєє кеселге жана дартка чалдыгып кыйналгандарды, жин оорулууларды, элирме оорулууларды, шал оорулууларды алып келип жатышты. Ыйса болсо аларды айыктырып жатты.
Галилеядан, Декапол дубандарынан, Иерусалим шаарынан, Жєйєт аймагынан жана Иордан дарыясынын наркы љйєзєнљн келген топ эл Ыйсанын артынан ээрчип жєрдє.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible