Скрыть
14:2
14:4
14:5
14:6
14:7
14:8
14:9
14:10
14:11
14:12
14:14
14:15
14:16
14:18
14:19
14:20
14:21
14:22
14:24
14:26
14:27
14:28
14:29
14:30
14:31
14:32
14:33
14:35
14:36
Ошол кєндљрє дубан акими Ирод Ыйса жљнєндљ угуп,
љз карамагындагы адамдарына: «Бул – чљмєлдєрєєчє Жакан. Ал тирилиптир, ошондуктан кереметтерди кљрсљтєп жатат», – деди.
Ирод љзєнєн бир тууганы Филиптин аялы Иродия єчєн Жаканды байлатып, тєрмљгљ отургуздурган эле.
Анткени Жакан ага: «Бул аялды албашыњ керек болчу», – деп айткан.
Ирод Жаканды љлтєргєсє келген, бирок элден корккон. Анткени эл аны пайгамбар деп эсептечє.
Ироддун туулган кєнє белгиленип жатканда, Иродиянын кызы ортого чыгып бийлеп берди. Анын бийлегени Иродго жагып калгандыктан,
ал эмнени гана сурабасын, берерин айтып, ант берди.
Кыз болсо энесинин єйрљтєєсє боюнча: «Мага азыр чљмєлдєрєєчє Жакандын башын идишке салдырып келип бер», – деди.
Буга падыша капа болду. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондугу єчєн, анын сураганын орундатууну буйруду.
Жакандын башын алууга тєрмљгљ киши жиберди.
Идишке салынган башты кызга алып келип беришти, кыз болсо аны энесине алып барып берди.
Шакирттери келип, анын сљљгєн коюшту. Андан кийин алар барып, Ыйсага кабарлашты.
Ыйса муну укканда, Љзє жалгыз кайыкка тєшєп, ээн жерге сєзєп кетти. Бул жљнєндљ уккан адамдар љз шаарларынан чыгып, Анын артынан жљљ ээрчишти.
Жээкке чыгып, Ыйса чогулган кљп элди кљрдє. Аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды.
Кеч киргенде, шакирттери Ыйсанын жанына келип: «Бул ээн жер экен, кеч да болуп кетти. Элди тарат, айылдарга барып, љздљрєнљ тамак-аш сатып алышсын», – дешти.
Ошондо Ыйса аларга: «Элди таратуунун кереги жок, аларга тамак-ашты силер бергиле», – деди.
Алар Ага: «Бизде беш нан, эки балык эле бар», – дешти.
Ошондо Ыйса: «Аларды бул жерге, Мага алып келгиле», – деди.
Элге чљпкљ отурууну буйругандан кийин, Ал беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты.
Бардыгы тоё жешти. Артып калган нандарды чогултканда, он эки себет толду.
Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны беш мињге жакын эле.
Ошондон кийин Ыйса Љзєнєн шакирттерине: «Кайыкка тєшєп, Менден мурун наркы љйєзгљ љтљ бергиле», – деп буйруду. Љзє болсо элди таратыш єчєн калып калды.
Элди таратып жибергенден кийин, Љзє жалгыз сыйынуу єчєн, тоого чыкты. Тєн ортосуна чейин Ыйса ал жерде жалгыз болду.
Ал убакта кайык кљлдєн ортосуна жетип калган эле. Карама-каршы тараптан шамал соккондуктан, толкун кайыкты ары-бери чайпап жатты.
Тєнкє тљртєнчє кєзљт убагында Ыйса кљлдєн єстє менен басып, аларга келди.
Кљлдєн єстєндљ басып келе жаткан Ыйсаны кљргљн шакирттер коркуп кетип: «Бул – элес!» – деп кыйкырып жиберишти.
Бирок Ыйса ошол замат аларга: «Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!» – деди.
Петир Ага: «Тењир! Эгерде бул Сен болсоњ, буйрук бер, мен Сага суу єстє менен басып барайын», – деди.
Ыйса ага: «Кел», – деди. Петир кайыктан тєшєп, суу єстє менен басып, Ыйсага жакын барды.
Бирок катуу шамалды кљргљндљ, коркуп кетип, чљгљ баштады. Ошондо ал: «Тењир! Мени сакта!» – деп кыйкырды.
Ыйса колун сунуп, аны дароо кармап калды. Анан ага: «Ишеними аз, эмнеге шектендињ?» – деди.
Алар кайыкка тєшкљндљн кийин, шамал басылып калды.
Кайыктагылар болсо: «Сен чын эле Кудайдын Уулу экенсињ», – деп, Ага таазим кылышты.
Наркы љйєзгљ, Генисарет жерине сєзєп љтєштє.
Ал жердин тургундары Ыйсаны таанып, тегерек-четтегилердин баарына киши жиберишти. Ошондо Ыйсага оорулуулардын баарын алып келишип,
Андан: «Кийимињдин этегине эле колубузду тийгизєєгљ уруксат бер», – деп љтєнєп жатышты. Анын кийимине колун тийгизгендер айыгып жатышты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible