Скрыть
2:7
2:10
2:13
2:15
Мен љз кєзљт ордумда турдум, мунара єстєндљ туруп, Тењир мага эмне деп айтарын билиш єчєн, менин даттануума эмне деп жооп берерин билиш єчєн, кєтєп турдум.
Ошондо Тењир мага мындай деп жооп берди: «Кљрєнєштє жаз, окуй турган адам оњой окуй алыш єчєн, аны таш лоокторго даана жазып кой.
Анткени кљрєнєш белгилєє бир мезгилге таандык, ал акыркы кєн жљнєндљ айтат, алдабайт. Анын аткарылуу убактысы создуктурулуп жатса да, кєт, анткени ал сљзсєз ишке ашат, аткарылбай койбойт.
Текебер адам тынч ала албайт, ал эми адил адам љз ишеними менен тирєє болот.
Текебер адам ачыган шарапка окшош, тынчыбайт. Ал љлгљндљр жаткан жайга окшоп араанын ачат, љлємгљ окшоп эч нерсеге тойбойт, ал љзєнљ бардык элдерди чогултат, бардык урууларды жыйнайт.
Бирок элдердин баары ал тууралуу лакап айтып, шылдыњдуу ыр чыгарып: “Љзєн љзєнєкє эмес, башка бирљљнєкє менен ченемсиз байыткан, љзєнљ кєрљљнє єйєп алган адамга кайгы! Бул качанкыга чейин созулат дейсињ!” – дешет.
Сени тытып жей тургандар капысынан чыкпайт бекен? Талап-тоноочулар сага каршы кљтљрєлбљйт бекен? Алар сени талап-тоношот.
Сен кљп элдерди талап-тоногонсуњ, адам канын тљккљнсєњ, љлкљнє, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраткансыњ, ошон єчєн сени да башка элдер талап-тоношот.
Љзєн жамандыктан сакташ єчєн, уясын бийик жерге салыш єчєн, арам жол менен байлык жыйнаган адамга кайгы!
Сен кљп элдерди кырып, љз єйєњдє уят кылдыњ, љз жаныња каршы кєнљљ кылдыњ.
Дубалдардын таштары боздоп ыйлашат, жыгач устундар аларга мындай деп жооп беришет:
“Кан тљгєп шаар курганга, мыйзамсыздык менен чеп курганга кайгы!”»
Элдердин эмгегин от жалмап жатканы, уруулардын љздљрєн љздљрє бекер кыйнап жатышканы Себайот Тењирден эмес бекен?
Анткени суулар дењизди толтургандай, жер Тењирдин дањкын таанып билєєгљ толот.
Сага кайгы, анткени сен жакыныња љзєњдєн кыянаттыгыњ кошулган ичимдик берип жатасыњ, анын жылањач этин кљрєш єчєн, аны мас кылып жатасыњ!
Сен дањкка эмес, маскарачылыкка тойдуњ. Сен да ич, жылањач этињди кљрсљт. Тењирдин оњ колундагы чљйчљк сага да жетет. Сага дањк эмес, маскарачылык келет.
Анткени сен Лебанондо кыянаттык кылдыњ, єрљйє учкан жаныбарларды кырдыњ, адам канын тљктєњ, љлкљнє, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраттыњ.
Сєрљтчє жасаган буркандан, куюлуп жасалган бул жалган окутуучудан эмне пайда? Уста сєйлљбљгљн кудайларды жасап, љз чыгармасына таянганы менен, андан эмне пайда?
Жыгачка: «Тур!» – деген, єнсєз ташка: «Ойгон!» – деген адамга кайгы! Ошолор бир нерсеге єйрљтљ алышабы? Ал алтын-кємєш менен капталган, анын жаны жок.
Тењир болсо Љзєнєн ыйык ийбадатканасында. Анын алдында бєт жер жєзє єндљбљсєн!
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible