Скрыть
1:7
1:12
Текоялык койчулардын бири Амостун сљздљрє. Ал Жєйєт падышасы Узиянын тушунда, Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда, жер титирерден эки жыл мурун Ысрайыл тууралуу кљрєнєш кљргљн.
Ошондо ал: «Тењир Сиондон кєркєрљйт, Иерусалимден єн салат, ошондо койчулардын жайыттары куурайт, Кармел тоосунун чокусу кургайт», – деди.
Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Дамаскты аябайм, анткени алар Гилатты темир мала менен малалашты.
Хазаелдин єйєнљ от жиберем, ал от Бенадаттын падыша сарайларын жалмайт.
Дамасктын дарбазаларынын бекиткичтерин талкалайм, Абен љрљљнєнєн тургундарын жана Эден єйєнљн бийлик таягын кармап турганды жок кылам, арамейлер Кирге туткундалып кетет, – дейт Тењир».
Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Азаны аябайм, анткени алар бєт элди Эдомдун колуна салып берєє єчєн туткундашты.
Азанын дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт.
Азоттун тургундарын да, Ашкелондо бийлик таягын кармап турганды да жок кылам, колумду Экронго бурам, ошондо пелиштиликтердин калдыгы кырылат, – дейт Кудай-Тењир».
Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Тирди аябайм, анткени алар бардык туткундарды Эдомдун колуна салып беришти, бир туугандык келишимди эстешкен жок.
Тирдин дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт».
Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Эдомду аябайм, анткени ал бир тууганын кылыч менен кубалады, бир туугандык сезимин љчєрдє, ал дайыма каарданып турду, љзєнєн жаалын таптакыр токтоткон жок.
Тейманга от жиберем, ал от Ботсранын падыша сарайларын жалмайт».
Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Амон уулдарын аябайм, анткени алар љз жерлерин кењейтиш єчєн, Гилат жериндеги кош бойлуу аялдардын ичин жара чабышты.
Рабенин дубалдарына от коём, ал от анын єйлљрєн салгылашуу кєнєндљ кыйкырыктар менен, бороон-чапкын кєнєндљ куюн менен жалмайт.
Ошондо алардын падышасы тљрљлљрє менен бирге туткундалып кетет, – дейт Тењир».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible