Скрыть
15:2
15:3
15:5
15:6
15:7
15:11
15:12
15:15
15:16
15:17
15:20
15:22
15:23
15:25
15:26
15:27
15:28
15:29
15:31
15:33
15:34
15:35
15:36
15:37
15:38
15:39
Ошол убакта Иерусалимден мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсага келип:
«Эмне єчєн Сенин шакирттерињ ата-бабалардын салтын бузуп жатышат? Алар тамактанардын алдында кол жуу салтын аткарышпайт», – дешти.
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Анда эмне єчєн љзєњљр салттарыњардын айынан Кудайдын осуятын бузуп жатасыњар?
Кудай мындай деп осуят кылган: “Ата-энењди сыйла”, “Ким атасына же энесине тил тийгизсе, ал љлєм жазасына тартылсын”.
Силер болсо: “Эгерде ким атасына же энесине: «Сенин менден алчу нерсењдин баары Кудайга багышталган», – десе,
ал адам атасына же энесине сый кљрсљтпљй койсо да болот”, – дейсињер. Ошентип, силер љз салттарыњар єчєн Кудайдын осуятын четке кагып койдуњар.
Эки жєздєєлљр! Ышайа силер жљнєндљ туура пайгамбарчылык кылган:
“Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жєрљгє Менден алыс.
Алардын Мени урматтаганы – бекер, анткени алардын єйрљткљнє – адамдык эрежелер”».
Анан элди жанына чакырып, аларга мындай деди: «Жакшылап угуп, тєшєнєп алгыла.
Адамды оозуна кирген нерсе арам кылбайт, оозунан чыккан нерсе арам кылат».
Ошондо шакирттери келип, Ага: «Билесињби, фарисейлер бул сљздє укканда кыжырданышты», – дешти.
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир љсємдєк тєп-тамыры менен жок кылынат.
Аларды жайына койгула. Алар – сокурлардын сокур жол башчылары. Сокурду сокур жетелесе, экљљ тењ ањга тєшљт».
Петир Ага: «Бул єлгє-насаат ањгемењди бизге тєшєндєрєп берчи!» – деди.
Ошондо Ыйса: «Силер да алиге чейин тєшєнљ элексињерби?
Оозго кирген нерсенин баары ашказанга келип, анан тышка чыгып кетерин билбейсињерби?
Ооздон чыкканы жєрљктљн чыгат, адамды арам кылган мына ушу.
Анткени жаман ойлор, киши љлтєрєє, нике бузуу, ойноштук кылуу, уурулук, жалаа жабуу, ушак жєрљктљ пайда болот.
Мына ушулар адамды арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин аткарбай тамактануу адамды арам кылбайт».
Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келди.
Ошол аймактардан канаандык бир аял чыгып, Ыйсага: «Мага ырайым кылчы, Тењир, Дљљттєн Уулу! Кызым жин оорусунан катуу кыйналып жатат», – деп кыйкырды.
Бирок Ыйса аялга жооп берген жок. Ошондо шакирттери Ага жакын келип: «Аркабыздан калбай кыйкырып келе жатат, аны кетирип жиберчи», – дешти.
Ыйса болсо: «Мен Ысрайыл элинин гана жоголгон койлоруна жиберилгем», – деп жооп берди.
Аял жакын келип, Анын алдына чљгљлљп: «Тењир! Мага жардам бере кљр», – деп љтєндє.
Ыйса ага: «Балдардын нанын тартып алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес», – деди.
Аял Ага: «Ооба, ошондой, Тењир! Бирок иттер да кожоюндарынын єстљлєнљн тєшкљн кєкємдљрдє жешет эмеспи», – деди.
Ыйса аялга: «Оо аял! Ишенимињ зор экен, тилегенињдей болсун», – деп жооп берди. Ошондо анын кызы дароо айыгып калды.
Ыйса ал жерден кетип, Галилея кљлє тарапка келди. Бир тоого чыгып отурду.
Ошондо Анын жанына кљп эл келди. Алар чолок, сокур, дудук, майып жана башка оорулуу адамдарды Ыйсанын алдына алып келишти. Ыйса аларды айыктырды.
Дудуктар сєйлљп, буту баспагандар басып, сокурлар кљрєп калышты. Муну кљргљн эл тањ калып, Ысрайылдын Кудайын дањктады.
Ыйса шакирттерин жанына чакырып алып, мындай деди: «Элди аяп жатам. Єч кєндљн бери жанымда жєрєшљт, жегенге эч нерселери жок. Ачка кетиргим келбей турат, жолдо алсырап калышат го».
Шакирттери Ага: «Ушундай ээн жерде ушунча эл тоё турган нанды кайдан табабыз?» – дешти.
Ыйса алардан: «Канча наныњар бар?» – деп сурады. «Жети наныбыз, бир аз майда балыгыбыз бар», – дешти алар.
Ошондо Ал элге жерге отурууну буйруду.
Анан жети нан менен балыктарды алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты.
Бардыгы тоё жешти. Артып калган нандарды чогултканда, жети себет толду.
Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны тљрт мињ эле.
Элди таратып жибергенден кийин, Ыйса кайыкка тєшєп, Магдала аймагына келди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible