Скрыть
2:6
2:8
2:9
Мыйзамсыздык ойлогондорго жана тљшљгєндљ жатып алып кыянат иштерди ойлоп тапкандарга кайгы! Алар ошол иштерди тањ агарганда ишке ашырышат, себеби алардын колунда кєч бар.
Талааларды каалашат, аларды кєч менен тартып алышат; єйлљрдє каалашат, аларды зордук менен тартып алышат. Адамды єйє менен кошо, эркекти мурасы менен кошо тоноп алышат.
Ошондуктан Тењир мындай дейт: «Мына, Мен бул тукумга алаамат каптатууну ойлоп жатам. Силер ал алааматтын айынан мойнуњарды кыймылдата албай каласыњар жана тєз баса албай каласыњар, анткени ал мезгил – алааматтуу мезгил.
Ошол кєнє силер тууралуу лакап айтышат, катуу ыйлап: “Биз таптакыр кыйрадык! Менин элимдин энчиси башкаларга берилди. Эми ал мага кайра кантип кайрылып келет? Биздин талаалар бљтљн урууларга бљлєнєп берилди”, – дешет.
Ошондуктан сенде Тењирдин алдындагы жыйында жерди бљлєш єчєн љкчљмљ таш ыргыткан эч ким болбойт.
Пайгамбарлар, пайгамбарчылык кылбагыла. Маскара болуп калбашыњар єчєн, аларга пайгамбарчылык кылбагыла.
Оо Жакыптын тукуму деп аталгандар! Эмне, Тењирдин Руху чыдамкай эмеспи? Анын иштери ушундай бекен? Адил жашаган адамга Менин сљзєм жакшылык алып келбейт бекен?
Мурун Менин элим болуп жєргљн эл душман сыяктуу каршы чыкты. Силер согуштан кайтып, тынч љтєп бара жаткандардын сырт кийимин да, ич кийимин да тартып алып жатасыњар.
Менин элимдин аялдарын љздљрєнєн жакшынакай єйлљрєнљн кууп чыгарып жатасыњар. Алардын балдарынан Менин жасалгаларымды биротоло тартып алып жатасыњар.
Тургула, кеткиле, анткени бул жер силердин тынчтана турган жерињер эмес. Ал љзєнєн ыпыластыгы єчєн талкаланат, болгондо да ырайымсыздык менен талкаланат.
Эгерде жењил ойлуу бир адам жалган нерсе ойлоп таап: “Мен сага шарап жана кєчтєє ичимдик тууралуу насаат айтам”, – десе, анда ал бул элге жаккан насаатчы болмок.
Жакып, сенин бєт тукумуњду сљзсєз чогултам, Ысрайылдын калдыгын сљзсєз бириктирем, аларды Ботсрадагы койлордой, бир короодогу койлордой, бир жерге чогултам. Алар элинин кљптєгєнљн бака-шака болушат.
Алардын алдында дубал талкалоочу барат. Алар тосмолорду кыйратышат, дарбазалар аркылуу кирип, дарбазалар аркылуу чыгышат, алардын алдында љздљрєнєн падышасы, ал эми алардын башында Тењир барат».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible