Скрыть
23:2
23:8
23:9
23:13
23:23
23:26
23:34
23:35
23:36
23:37
23:38
23:39
«Менин короомдун койлорун кырган жана туш-тушка кууп жиберген койчуларга кайгы!» – дейт Тењир.
Ошондуктан Ысрайылдын Кудай-Тењири Менин элимди кайтарып жєргљн койчуларга мындай дейт: «Силер Менин койлорумду чачыратып жибердињер, туш-тушка кууп жибердињер, аларды карабай койдуњар. Мына, Мен силерди кыянат иштерињер єчєн жазалайм, – дейт Тењир.
Мен койлорумдун калдыгын, аларды кайсы љлкљлљргљ кууп жиберсем, ошол љлкљлљрдљн чогултуп, љз короолоруна алып келем, ошондо алар укумдап-тукумдап кљбљйєшљт.
Алардын єстєнљн аларды кайтара турган койчуларды коём, ошондон кийин алар коркушпайт, чочушпайт, жоголушпайт, – дейт Тењир.
Мына, кєндљр келе жатат, – дейт Тењир, – ошол кєндљрє Дљљткљ адилеттєє Бутак љстєрєп чыгарам, Падыша такка отурат, акылмандык менен иш кылат, жер єстєндљ акыйкаттык жана адилеттик кылат.
Анын убагында Жєйєт куткарылат, Ысрайыл коопсуз жашайт. Мына, аны мындай ат менен аташат: “Тењир биздин адилеттигибиз!”
Ошондуктан мына, кєндљр келе жатат, – дейт Тењир, – ошол кєндљрє: “Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккан Тењир тирєє!” – деп айтпай калышат.
Бирок: “Ысрайылдын урууларын Љзє кууп жиберген тєндєк жеринен жана башка жерлерден кайра алып чыгып, љз жерлерине алып келген Тењир тирєє”, – деп айтышат. Ысрайыл љз жеринде жашайт».
Пайгамбарлар жљнєндљ. Ичимде жєрљгєм тилинип жатат, сљљктљрємдєн баары титиреп жатат. Мен Тењирим єчєн, Анын ыйык сљздљрє єчєн шарапка жењилген мас кишиге окшоп турам.
Анткени жер ойноштук кылгандарга толду, анткени жер каргыштан улам боздоп турат. Чљлдљгє жайыттар куурап калды, алардын максаты – жамандык, алардын кєч-кубаты – анткорлук.
Анткени пайгамбар да, ыйык кызмат кылуучу да эки жєздєє, атєгєл, «Мен Љз єйємдљ да алардын мыйзамсыздыгын таптым, – дейт Тењир.
Ошон єчєн аларга љздљрєнєн жолдору карањгыдагы тайгалак жердей болот. Аларды тєртєп кетишет, ошондо алар ошол жерге жыгылышат, анткени Мен аларды жазалай турган жылы алардын башына мєшкєл тєшєрљм, – дейт Тењир.
Мен Самариянын пайгамбарларынан да акылсыздыкты кљрдєм. Алар Баалдын атынан пайгамбарчылык кылып, Менин элим Ысрайылды адаштырышты.
Иерусалимдин пайгамбарларынан да љтљ жаман нерселерди кљрдєм, алар бузуктук кылып, жалганчылык менен жєрєшљт, эч ким љзєнєн мыйзамсыздыгынан бурулбасын деп, кылмышкерлерди колдоп жатышат. Алардын бардыгы Менин алдымда Содом сыяктуу, анын тургундары Амор сыяктуу».
Ошондуктан Себайот Тењир пайгамбарлар жљнєндљ мындай дейт: «Мен аларга эрмен жедирем, љт кошулган суу ичирем, анткени эки жєздєєлєк бєт жер жєзєнљ Иерусалимдин пайгамбарларынан тарады».
Себайот Тењир мындай дейт: «Силерге пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын сљздљрєнљ кулак салбагыла: алар силерди алдап жатышат, алар Тењирдин оозунан чыккан сљздє эмес, љз жєрљгєнєн кыялдарын айтып жатышат.
Алар Мага акарат келтиргендерге дайыма: “Тењир айтты, Силерде тынчтык болот”, – деп жатышат. Љз жєрљгєнєн љжљрлєгє менен жєргљн ар бир кишиге: “Силерге кайгы келбейт”, – деп айтып жатышат.
Анткени ким Тењирдин кењешмесинде турду? Анын сљзєн ким кљрєп, ким укту? Анын сљзєн ким угуп, ким тєшєндє?
Мына, Тењирден катаал бороон келе жатат, каардуу бороон келе жатат, ал ыймансыздардын башына тєшљт.
Тењир Љз жєрљгєнєн ниетин аткармайынча, аны жєзљгљ ашырмайынча, Анын каары кайтпайт. Келе жаткан кєндљрдљ силер муну ачык тєшєнљсєњљр.
Мен бул пайгамбарларды жиберген эмесмин, алар љздљрє жєгєрєп кетишти. Мен аларга сєйлљгљн эмесмин, алар љздљрє пайгамбарчылык кылышты.
Эгерде алар Менин кењешмемде турушса, анда Менин элиме Менин сљзємдє жарыя кылышмак, аларды жаман жолдорунан жана жаман иштеринен буруп кетишмек.
Мен жакын турганда эле Кудай, алыс турганда Кудай эмес бекем? – дейт Тењир.
Адам Мен кљрбљй турган жашыруун жерге жашынып кала алабы? – дейт Тењир. Асман менен жерди толтуруп турган Мен эмес бекем? – дейт Тењир.
Менин ысымым менен жалган пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын эмне деп жаткандарын Мен уктум. Алар: “Тєшємљ кирди, тєшємљ кирди”, – дешет.
Бул качанкыга чейин жалганды пайгамбарчылык кылган, љздљрєнєн жєрљгєндљгє куру кыялды пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын жєрљгєндљ жєрљ берет?
Алардын ата-бабалары Баалдын айынан Менин ысымымды унутуп коюшкандай, алар бири-бирине айтып берген тєштљрє аркылуу Менин элимди Менин атымды унутканга чейин жеткирєєнє ойлоп жатышабы?
Тєш кљргљн пайгамбар тєшєн тєш катары айтып берсин. Ал эми кимде Менин сљзєм бар болсо, ал Менин сљзємдє туура айтсын. Топон менен таза дандын кандай жалпылыгы бар? – дейт Тењир.
Менин сљзєм от сыяктуу эмеспи? – дейт Тењир. – Менин сљзєм асканы талкалаган барскандай эмеспи?
Ошондуктан мына, Мен Менин сљзємдє бири-биринен уурдаган пайгамбарларга каршымын, – дейт Тењир.
Мына, Мен: “Тењир айтты”, – деп коюп, љздљрєнєн тили менен иш кылган пайгамбарларга каршымын, – дейт Тењир.
Мына, Мен жалган тєш кљргљн пайгамбарларга каршымын, – дейт Тењир. Мен аларды жибербесем да, аларга буйрук бербесем да, љздљрєнєн тєштљрєн айтып берип, Менин элимди љздљрєнєн куру кыялы менен, азгырыгы менен тескери жолго салып жатышат, – дейт Тењир. Алар бул элге эч кандай пайда алып келишпейт», – дейт Тењир.
«Эгерде ушул эл, же пайгамбар, же ыйык кызмат кылуучу сенден: “Тењирден кандай оордук болот?” – деп сураса, анда аларга айт: “Кандай оордук? «Мен силерди таштап кетем», – дейт Тењир”.
Эгерде пайгамбар, же ыйык кызмат кылуучу, же эл: “Тењирден оордук келет”, – десе, Мен ал адамды да, анын єйєн да жазалайм.
Бири-бирињерден, бир тууган бир туугандан: “Тењир эмне деп жооп берди?” же болбосо: “Тењир эмне деп айтты?” – деп сурасын.
Ал эми “Тењирден оордук болот” деген сљздє мындан ары колдонбогула, анткени аны айткан адамга љз сљзє љзєнљ оордук болот. Анткени силер Кудайыбыз Себайот Тењирдин, тирєє Кудайыбыздын, сљздљрєн бурмалап жатасыњар.
Пайгамбарга: “Сага Тењир эмне деп жооп берди?” же болбосо: “Тењир эмне деп айтты?” – де.
Эгерде силер: “Тењирден оордук келди”, – деп дагы айта турган болсоњор, анда Тењир мындай дейт: “Тењирден оордук келди”, – деп айтпагыла деп айттырып жибергениме карабастан, “Тењирден оордук келди” деген сљздє айтканыњар єчєн,
мына, Мен силерди таптакыр эсимден чыгарып коём, силерди таштап коём, силерге жана силердин ата-бабаларыњарга берген бул шаарды Љзємдєн жєзємдљн четке кагам.
Силерди тєбљлєккљ унутулгус шылдыњ жана маскара кылам».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible