Скрыть
8:2
8:3
8:5
8:9
8:17
Тењир мага: «Бир чоњ тєрмљк кагаз ал, ага адамдар жазган жазуу менен “Майер-Шалал-Хаш-Бас”деп жаз», – деп айтты.
Ошондо мен жаныма ишенимдєє кєбљлљрдє: ыйык кызмат кылуучу Урий менен Жеберехия уулу Захарияны алдым.
Анан пайгамбар аялга келдим, ал кош бойлуу болуп, уул тљрљдє. Тењир мага: «Баланын атын Майер-Шалал-Хаш-Бас деп кой деди.
Анткени бул бала “ата”, “апа” деп айта алганга чейин, Дамасктын байлыгы менен Самариянын олжолорун Ашур падышасынын алдына кљтљрєп барышат».
Тењир мага сєйлљгљнєн улантып, дагы мындай деди:
«Бул эл жай аккан Шилоахтын сууларын барктабай, Ретсинге жана Ремалиянын уулуна суктанганы єчєн,
Тењир бул элге буркан-шаркан тєшєп аккан чоњ дарыяны – Ашур падышасын бєт атак-дањкы менен каптатат. Ошондо ал љзєнєн нугунан кљтљрєлєп, жээктеринен ашып-ташыйт.
Анан ал бєт Жєйєт жерине кирип, аны каптап, жогору кљтљрєлєп, мойнуна чейин жетет. Алардын жайылган канаты Сенин жергењдин бир четинен экинчи четине чейин жетет, Эмануел!»
Жоолашкыла, элдер, бирок титирегиле, уккула, бєт алыскы жерлер! Куралдангыла, бирок титирегиле, куралдангыла, бирок титирегиле!
Согуш планын тєзљ бергиле, бирок аныњар бузулат, чечим чыгара бергиле, бирок аныњар жєзљгљ ашпайт, анткени Кудай биз менен!
Анткени Тењир Љзєнєн кєчтєє колун менин єстємљ коюп, бул элдин жолу менен жєрбљ деп эскертип, мындай деди:
«Бул эл чыккынчылык деп эсептегендин баарын эле чыккынчылык деп эсептей бербегиле. Бул эл корккон нерседен коркпогула да єрљйєњљрдє учурбагыла.
Себайот Тењирди, Аны, ыйык туткула, Ал силердин коркунучуњар, Ал силердин титирљљњљр!
Ал Ысрайылдын эки уруусу єчєн ыйык жай, мєдєрєлтљ турган таш, азгыруучу аска болот. Иерусалимде жашагандар єчєн сыйыртмак, жайылган тор болот.
Алардын кљбє мєдєрєлљт, жыгылат, талкаланат, жайылган торго чалынат жана колго тєшљт.
Кєбљлљндєрєєнє сакта, Менин шакирттеримдин кљзєнчљ мыйзамга мљљр бас».
Мен Жакыптын тукумунан Љз жєзєн жашырган Тењирге ишенем, Андан ємєт кылам.
Мына, мен жана Кудай берген менин балдарым: биз Сион тоосунда жашаган Себайот Тењирдин Ысрайылга берген аяны жана белгиси болобуз.
Силерге: «Љлгљндљрдє чакыргандарга, сыйкырчыларга, кєбєрљп-шыбырагандарга жана ичинен сєйлљгљндљргљ кайрылгыла», – дешкенде, силер: «Эл љз Кудайына кайрылууга тийиш эмеспи? Љлгљндљрдљн тирєєлљр жљнєндљ сурамак беле?» – деп жооп бергиле.
Мыйзам менен кєбљлљндєрєєгљ кайрылгыла. Эгерде алар бул сљздє айтпаса, анда аларда жарык жок.
Алар жер єстєндљ аёосуз эзилип, ач-жылањач тентишет жана ачкачылык учурунда ачууланышып, љз падышасы менен љз Кудайына акарат келтиришет.
Асманга кљз чаптырышат, жерди карашат: кайгы жана карањгылык, коюу карањгылык, алар карањгылыкка кулатылат. Бирок азыр коюу карањгылык каптаган жерде дайыма эле карањгылык боло бербейт.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible