Скрыть
1:10
Буга чейин ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу ар кандай жолдор менен сєйлљп келген Кудай
акыркы кєндљрдљ бизге Уулу аркылуу сєйлљдє. Ал аркылуу Кудай ааламды жараткан жана Аны баарына мураскор кылып дайындаган.
Уул Тењирдин дањкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук кљчєрмљсє. Ал Љз Сљзєнєн кєчє менен бардык нерсени кармап турат. Кєнљљлљрдљн тазалоону ишке ашыргандан кийин, Ал асмандагы улуу Кудайдын оњ жагына отурду.
Периштелерден Ал канчалык жогору болсо, алардын алдында Анын мураска алган ысымы да ошончолук жогору.
Кудай периштелердин кимисине: «Сен Менин Уулумсуњ, бєгєн Мен Сенин Атањ болдум» же «Мен Ага Ата болом, Ал Менин Уулум болот», – деп айтты эле?
Тун Уулун дєйнљгљ кайра дагы алып киргенде, Ал мындай дейт: «Кудайдын бардык периштелери Ага табынышсын».
Периштелер жљнєндљ Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Сен Љзєњдєн периштелерињди шамал, кызматчыларыњды жалындаган от кыласыњ».
Ал эми Уул жљнєндљ мындай деп айтылган: «Оо, Кудай, Сенин тактыњ тєбљлєктєє, Сенин Падышачылыгыњдын таягы – адилеттик таягы.
Сен чындыкты сєйєп, мыйзамсыздыкты жек кљрдєњ. Мына ошон єчєн Кудай, Сенин Кудайыњ, жолдошторуња караганда Сени кубаныч майы менен кљбєрљљк майлаган.
Сен, Тењир, адегенде жерди негиздегенсињ, асманды да Сенин колдоруњ жараткан.
Алар жок болушат, Сен болсо тєбљлєк жашайсыњ. Алардын баары чапандай эскирет.
Сен аларды жабуудай тєрљсєњ, кийимдей алмаштырасыњ, алар љзгљрљт. Бирок Сен ошол бойдонсуњ, Сенин жылдарыњдын аягы жок».
Кудай периштелердин кимисине: «Мен Сенин душмандарыњды бут алдыња жыгып бергенге чейин, Менин оњ жагыма отур», – деп айтты эле?
Периштелердин баары куткарылууну мураска алчуларга кызмат кылуу єчєн, Тењир тарабынан жиберилген кызмат кылуучу рухтар гана эмеспи?
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible