Скрыть
1:1
1:7
1:9
1:10
1:14
1:17
Хабакук пайгамбар кљргљн кљрєнєш.
Тењир, мен качанга чейин боздой берем? Сен мени качанга чейин укпайсыњ? Сага качанга чейин зордук-зомбулук тууралуу зар какшай берем? Сен качанга чейин куткарбайсыњ?
Эмне єчєн Сен мага кыянат иштерди, кыйынчылыктарды кљрсљтєп жатасыњ? Талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту љз кљзєм менен кљрєп жатам, касташуулар менен уруш-чатактар болуп жатат.
Ушундан улам мыйзам љз кєчєн жоготту, адилеттєє сот жок. Мыйзамсыз адам адил адамга єстљмдєк кылгандыктан, сот да туура эмес жєрєп жатат.
«Башка элдерге кљз жєгєртєп, кунт коюп карагылачы, ошондо силер абдан тањ каласыњар. Анткени Мен силердин кєндљрєњљрдљ бир иш жасайм, эгерде ал жљнєндљ силерге айтышса, ишенмек эмессињер.
Анткени Мен каздимдерди, жерди узун-туурасынан аралап жєргљн ырайымсыз жана жєгљндљлбљгљн элди, љздљрєнљ таандык эмес айыл-кыштактарды басып алууга кљтљрљм.
Ал – коркунучтуу, каардуу эл. Анын љкємє да, бийлиги да љзєнљн чыгат.
Анын аттары илбирстерден кєлєк, ињирдеги карышкырлардан ыкчам. Анын атчан аскерлери ар тарапка чапкылашат. Анын атчандары алыстан келишет, жемине шукшурулуп келип тийген бєркєттљй болуп учуп келишет.
Алардын баары талап-тонош єчєн келишет. Ал алдыга умтулуп, кумдай сансыз адамдарды туткундап кетет.
Ал падышаларды шылдыњ кылат, тљрљлљр анын кєлкєсєнљ айланат. Ал бєт сепилдерге кєлљт, курчоо жалын єйєп, аны каратып алат.
Ошондо ал текеберденет, жаалданып, ары-бери басат. Анын кудайы – љзєнєн кєчє».
Бирок менин Кудай-Тењирим, менин Ыйыгым эзелтен бери эле Сен эмес белењ? Биз љлбљйбєз! Сен, Тењир, аны сот єчєн койгонсуњ. Менин аска-зоом! Сен аны жазалаш єчєн дайындагансыњ.
Сенин таза кљздљрєњ кыянат иштерди карап тура албайт, Сен мыйзамсыздыкты карап тура албайсыњ. Бирок эмне єчєн Сен кыянат иш кылгандарды карап турасыњ, эмне єчєн Сен мыйзамсыз адам љзєнљн адилеттєєрљљк адамды жутуп жатканда унчукпайсыњ?
Эмне єчєн Сен адамдарды башчысы болбогон дењиз балыктарындай, жерде сойлоочулардай кылып таштап салдыњ?
Ал алардын баарын кайырмактары менен сєйрљп чыгып, тору менен кармап, балык кармаган торлоруна чогултуп жатат, ошон єчєн кубанып, салтанат куруп жатат.
Ошон єчєн љз торуна арнап курмандыктарды чалып жатат, балык кармаган торуна арнап жыпар жыттуу зат тєтљтєп жатат, анткени алар аркылуу анын єлєшє майлуу, тамак-ашы мол.
Эмне, ал љз торун ошон єчєн бошотуп жатабы? Ошон єчєн элдерди аёосуз уруп-согуп жатабы?
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible