Скрыть
18:3
18:7
18:8
18:9
18:13
18:15
18:16
18:17
18:22
18:23
18:24
18:26
18:28
18:29
18:30
18:31
18:33
Теңир Мамрей деген эмен токоюнун жанында Ыбрайымга келди. Ал кєн ысыкта чатырдын кире беришинде отурган.
Ал башын көтөрєп караса, тушунда єч эркек киши турган экен. Аларды көрєп, чатырдын кире беришинен утурлай чуркап барып, аларга жерге чейин башын ийип таазим этти.
Анан мындай деди: «Эгедерим! Эгерде мен Сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, кулуңдун жанынан кыя өтпө.
Азыр бир аз суу алып келип, бутуңарды жууп беришет. Ушул дарактын тєбєндө эс алгыла.
Мен тамак-аш алып келейин, кубаттанып алып, жолго чыккыла, анткени кулуңардын жанынан өтєп баратасыңар». Алар ага: «Айтканыңдай кыл», – дешти.
Ошондо Ыбрайым чатырга шашып кирип, Саарага мындай деди: «Бол тезирээк, эң жакшы ундан єч сата камыр жууруп, ачыткысыз нан жасай кой».
Анан Ыбрайым бадага чуркап барып, бир жакшы жаш музоону алып келип, уланга карматты. Улан аны даярдаганга шашты.
Анан май, сєт, бышырылган музоо этин алып келип, алардын алдына койду. Алар тамак жеп жатышканда, өзє алардын жанында, дарактын тєбєндө турду.
Алар андан: «Аялың Саара кайда?» – деп сурашты. Ал: «Ушул жерде, чатырда», – деп жооп берди.
Алардын бири мындай деди: «Мен келерки жылы ушул эле убакта сеникинде болом, ошондо аялың Саара уулдуу болот». Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле.
Ыбрайым менен Саара картайып, улгайып калышкан эле. Сааранын аялдарга мєнөздєє нерсеси токтоп калган болчу.
Саара ичинен кєлєп: «Картайып калганда, мага ушундай сооронуч болмок беле? Мырзам да кары», – деди.
Ошондо Теңир Ыбрайымга мындай деди: «“Картайып калганымда кантип эле төрөйєн?” – деп, Саара эмне єчєн кєлдє?
Теңир єчєн кыйын нерсе барбы? Келерки жылы, айтылган мөөнөттө Мен сеникинде болом, ошондо Саара уулдуу болот».
Саара болсо: «Мен кєлгөн жокмун», – деп, мойнуна албай койду. Анткени ал коркуп кеткен эле. Бирок Ал: «Жок, сен кєлдєң», – деди.
Анан алар орундарынан турушту да, ал жерден Содомго жөнөштє. Ыбрайым аларды узатып коюу єчєн, алар менен кошо жөнөдє.
Ошондо Теңир мындай деди: «Мен кыла турган ишимди Ыбрайымдан жашырмак белем!
Ыбрайымдан улуу жана кєчтєє эл чыгары анык. Жер жєзєндөгє бардык элдер ал аркылуу бата алышат.
Анткени Мен аны өз уулдарына жана өзєнөн кийинки укум-тукумуна чындык жана адилеттєєлєк менен жашоону, Теңирдин жолунда жєрєєнє осуяттасын деп тандап алдым. Теңир Ыбрайымга айтканын орундатат».
Анан Теңир мындай деди: «Содом менен Амордун кєнөөсє абдан оор, алардан кордук көргөндөрдєн ыйы катуу.
Тєшєп көрөйєн, алардын кылып жаткан иштери Мага жеткен ыйчалык бекен же жокпу, билейин».
Ошентип, алар ал жерден бурулуп, Содомго кетишти. Ыбрайым болсо дагы эле Теңирдин алдында турду.
Анан Ыбрайым Теңирге жакын келип, мындай деди: «Кантип эле Сен адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кыласың?
Балким, бул шаарда элєє адил адам бардыр? Кантип эле Сен ал жердеги элєє адил адам єчєн аларга ырайым кылбай жок кыласың?
Мыйзамсызга эмне болсо, адилге да ошол болбошу єчєн, Сен адилди мыйзамсыз менен бирге жок кылбайсың, Сен эч качан андай кылбайсың! Бєт жер жєзєнєн Соту адилетсиз сот жєргєзмөк беле?»
Ошондо Теңир мындай деди: «Эгерде Мен Содом шаарынан элєє адил адам тапсам, анда Мен алар єчєн ал жерге ырайым кылам».
Ыбрайым: «Мен топурак жана кєл болсом да, Эгедериме сєйлөгөнгө батындым.
Эгерде элєє адилге бешөө жетпей калса, жетпеген беш адам єчєн Сен бєтєндөй шаарды кыйратасыңбы?» – деп сурады. Теңир ага: «Эгерде андан кырк бешти тапсам, кыйратпайм», – деп жооп берди.
Ыбрайым Теңир менен сєйлөшєєсєн улантып: «Мємкєн, ал жерден кырк адил адам табылар», – деди. Теңир ага: «Кырк адам єчєн да андай кылбайм», – деди.
Ыбрайым дагы: «Менин айта турган сөзємө Эгедерим каарданбаса экен. Мємкєн, ал жерден отузу табылар?» – деди. Теңир ага: «Эгер отузу табылса да, андай кылбайм», – деди.
Ыбрайым дагы: «Мен Эгедериме сєйлөгөнгө батындым. Мємкєн, ал жерден жыйырмасы табылар?» – деди. Теңир ага: «Жыйырмасы єчєн да андай кылбайм», – деди.
Ошондо Ыбрайым Теңирге: «Мен дагы бир жолу айтсам, Эгедерим каарданбаса экен. Мємкєн, ал жерден ону табылар?» – деди. Теңир ага: «Ону єчєн да жок кылбайм», – деди.
Ошондо Теңир Ыбрайым менен сєйлөшєєсєн токтотуп, анын жанынан кетти. Ыбрайым болсо өз єйєнө кайтып келди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible