Скрыть
15:2
15:3
15:4
15:5
15:6
15:12
15:13
15:14
15:15
15:16
15:18
15:19
15:21
15:22
15:23
15:24
15:25-26
15:27
15:28
15:29
15:30
15:31
15:33
15:34
15:35
15:36
15:39
15:40
Жєйєт аймагынан келген кээ бир жєйєттљр бир туугандарды: «Эгерде Мусанын мыйзамы боюнча сєннљткљ отургузулбасањар, куткарылбайсыњар», – деп окутушту.
Ушундан улам Пабыл, Барнаба менен алардын ортосунда келишпестик пайда болуп, талаш-тартыш чыкты. Ошондо Пабыл менен Барнабаны жана дагы бир нече адамды бул маселе боюнча Иерусалимдеги элчилерге жана Жыйын башчыларына жиберєєнє чечишти.
Жыйын тарабынан жљнљтєлгљн алар Финикия менен Самарияны аралап бара жатып, ал жерлердеги бир туугандарга бутпарастардын Кудайга кайрылышкандыгы жљнєндљ айтып, бардыгын кубандырышты.
Иерусалимге келишкенде, аларды Жыйын, элчилер жана Жыйын башчылары кабыл алышты. Алар Кудайдын љздљрє аркылуу кылган иштеринин бардыгын, Анын бутпарастар єчєн ишеним эшигин кандай ачкандыгын айтып беришти.
Ошондо фарисейлер тобунан Ыйсага ишенип калгандардын кээ бирљљлљрє чыгып: «Бутпарастар сєннљткљ отургузулууга тийиш, алардан Мусанын мыйзамын аткарууну талап кылуу керек», – дешти.
Ошондо элчилер менен Жыйын башчылары ушул маселени кароо єчєн чогулушту.
Узакка созулган талкуудан кийин, Петир ордунан туруп, аларга мындай деди: «Бир туугандар! Бутпарастар мен аркылуу Жакшы Кабар угуп, Ыйсага ишенип калуусу єчєн, Кудай эњ башында арањардан мени тандап алгандыгын билесињер.
Адамдын жєрљгєндљгєнє билген Кудай бизге Ыйык Рухту бергениндей эле, аларга да берди. Бул аркылуу Кудай аларды кабыл алгандыгын кєбљлљндєрдє.
Алардын жєрљктљрєн љздљрєнєн ишеними аркылуу тазалап, алар менен биздин ортобуздагы айырмачылыкты жок кылды.
Эмне єчєн силер шакирттердин мойнуна ата-бабаларыбыз да, биз да кљтљрљ албаган тєйшєктє жєктљп, Кудайды сынап жатасыњар?
Бирок биз Тењирибиз Ыйса Машайактын ырайымы менен алар сыяктуу эле куткарыларыбызга ишенебиз».
Ошондо бєт эл тынчтанып, Барнаба менен Пабылдын сљзєнљ кулак салышты. Алар Кудайдын бутпарастар арасында кандай ажайыптар менен кереметтерди жасагандыгын айтып беришти.
Алар сєйлљп бєтєшкљндљн кийин, Жакып мындай деп сљз баштады: «Бир туугандар! Мага кулак салгылачы.
Шымон бизге Кудайдын эњ башында эле бутпарастарга назарын салып, алардан Љзєнєн ысымы єчєн эл жаратууну каалаганын айтып берди.
Бул жљнєндљ пайгамбарлар мындай деп айтышкан:
“Андан кийин Мен кайрылып келип, Дљљттєн кулап калган чатырын кайрадан тургузам, анын ичиндеги бузулган жерлерин калыбына келтирем, аны оњдойм.
Ошондо Менин ысымым кайсы элдердин арасында жарыя кылынса, ошол элдердин бардыгы Тењирди издешет, – дейт ушунун бардыгын жасап жаткан Тењир”.
Байыртадан бери эле Кудайга Љзєнєн бардык иштери белгилєє.
Ошондуктан мен бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылгандарга ашыкча нерселерди жєктљбљљ керек деп ойлойм.
Тескерисинче, аларга мындай деп жазып жибериш керек: “Буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ойноштук кылбагыла, љзєњљргљ каалабаган нерсени башкаларга да каалабагыла”.
Анткени байыртадан бери эле Мусанын мыйзамы бардык шаарларда айтылып, ар бир ишемби кєнє синагогаларда окулуп келе жатат».
Ошондо элчилер менен Жыйын башчылары Жыйын менен чогуу ойлонуп, љздљрєнєн арасынан адамдарды, атап айтканда, бир туугандардын арасында башчылык кылган, Барзаба деген да ысымы бар Жєйєттє жана Сыласты тандашты да, аларды Пабыл жана Барнаба менен бирге Антийохеяга жиберєєнє чечишти.
Тљмљнкєдљй кат жазып, алар аркылуу берип жиберишти: «Элчилердин, Жыйын башчыларынын жана бир туугандардын атынан Антийохеядагы, Сириядагы жана Киликиядагы бутпарас бир туугандарыбызга салам айтабыз.
Биздин арабыздан барган кээ бирљљлљр “Бутпарастар сєннљткљ отургузулууга тийиш, алар мыйзамды аткаруулары керек” деген сљздљрє менен силерди тынчсыздандырып, олку-солку кылышканын уктук. Бирок биз аларга андай тапшырма берген эмеспиз.
Ошондуктан биз чогулуп, кишилерди тандап, аларды Тењирибиз Ыйса Машайак єчєн жандарын арнап койгон сєйєктєє бир туугандарыбыз Барнаба жана Пабыл менен бирге силерге жиберєєгљ бир добуштан чечим чыгардык.
Ошентип, биз Жєйєт менен Сыласты жибердик, алар муну силерге оозеки да тєшєндєрєп беришет.
Анткени Ыйык Рух жана биз силердин мойнуњарга тљмљнкє эњ маанилєє нерселерден башка эч кандай тєйшєк жєктљлбљсєн деп чечтик:
буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ойноштук кылбагыла, љзєњљргљ каалабаган нерсени башкаларга да каалабагыла. Ушулардан сактансањар, жакшы кыласыњар. Саламатта болгула».
Ошентип, жљнљтєлгљндљр Антийохеяга келишти да, Жыйынды чогултуп, катты тапшырышты.
Алар болсо катты окуп чыгып, бул акыл-насаатка кубанышты.
Жєйєт менен Сылас пайгамбар да болушкандыктан, бир туугандарга кљптљгљн акыл-насааттарды айтып, алардын ишенимин бекемдешти.
Ал экљљ Антийохеяда дагы бир аз убакыт болушкандан кийин, бир туугандар аларды элчилерге тынчтык менен узатып жиберишти.
Бирок Сылас Антийохеяда калууну чечти, Жєйєт болсо Иерусалимге кайтты.
Пабыл менен Барнаба да Антийохеяда калып, башка кљптљгљн адамдар менен бирдикте Тењирдин сљзєн єйрљтєп жана таратып жєрєштє.
Бир аз убакыт љткљндљн кийин Пабыл Барнабага: «Тењирдин сљзєн кайсы шаарларда айтсак, ошол шаарлардагы бир туугандарга кайра барып, алардын кандай жашап жатышканын кљрєп келели», – деди.
Барнаба Марк деген да ысымы бар Жаканды ээрчитип алгысы келди.
Бирок Пабыл љздљрєнљ тапшырылган ишке чогуу барбай, Памфилияда калып калган Жаканды ээрчиткиси келген жок.
Ушундан улам Пабыл менен Барнабанын ортосунда келишпестик пайда болуп, экљљ бири-биринен бљлєнєп кетишти. Барнаба Маркты алып, Кипрге сєзєп кетти.
Пабыл болсо Сыласты тандап алды да, бир туугандар тарабынан Кудайдын ырайымына тапшырылып, жолго чыкты.
Ал Сирияны жана Киликияны кыдырып, ал жерлердеги Жыйындарды бекемдеп жєрдє.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible