Скрыть
8:1
8:5
8:11
8:14
8:18
8:20
Себайот Тењирден мындай сљз болду:
Себайот Тењир мындай дейт: «Мен Сионду чоњ кызганыч менен кызгандым. Мен аны катуу каар менен кызгандым».
Тењир мындай дейт: «Мен Сионго кайрылып келип, Иерусалимде жашайм, ошондо Иерусалим чындык шаары деп аталат, Себайот Тењирдин тоосу ыйык тоо деп аталат».
Себайот Тењир мындай дейт: «Иерусалимдин кљчљлљрєндљ кайрадан кары кишилер менен кары аялдар колдоруна таяк кармап отурушат, анткени алар узак љмєр сєрєшљт.
Бул шаардын кљчљлљрє ойноп жєргљн жаш балдар менен жаш кыздарга толот».
Себайот Тењир мындай дейт: «Эгерде бул ошол кєндљрє бул элдин кљзєнљ укмуш болуп кљрєнсљ эле, Менин кљзємљ да укмуш болуп кљрєнмљк беле? – дейт Себайот Тењир».
Себайот Тењир мындай дейт: «Мен Љз элимди чыгыш љлкљсєнљн жана батыш љлкљсєнљн куткарып алам.
Аларды алып келем, алар Иерусалимде жашап калышат. Алар Менин элим болушат, акыйкаттык менен чындыктын негизинде Мен алардын Кудайы болом».
Себайот Тењир мындай дейт: «Себайот Тењирдин єйєнєн пайдубалы орнотулган кєнє пайгамбарлар аркылуу айтылган сљздљрдє азыр да угуп жаткандар, ийбадаткананы куруш єчєн, кайраттуу болгула.
Анткени ошол кєндљрдљн мурун адамдарга акы тљлљљ болгон эмес, жаныбарлардын эмгеги єчєн да акы тљлљљ болгон эмес. Кетип жаткандарга да, келип жаткандарга да душмандардан тынчтык болгон эмес. Адамдардын бири-бири менен касташуусуна Мен жол берчємєн.
Азыр болсо бул элдин калдыгы єчєн Мен мурдагы кєндљрдљй эмесмин, – дейт Себайот Тењир.
Анткени эгин тынчтыкта айдалат, жєзєм сабагы љз жемишин берет, жер љз тєшємєн берет, асман љз шєєдєрємєн берет: мунун баарын Мен бул калган элдин ээлигине берем.
Жєйєт менен Ысрайыл, силер элдердин арасында каргыш болосуњар, бирок Мен силерди куткарам, силер бата болосуњар. Коркпогула, кайраттуу болгула!»
Анткени Себайот Тењир мындай дейт: «Силердин ата-бабаларыњар Мени каардантышканда, Мен силерди жазалоону чечкем, ошол чечимимди љзгљрткљн эмесмин, – дейт Себайот Тењир.
Бирок Мен бул кєндљрє Иерусалимге жана Жєйєткљ кайрадан жакшы нерсе кылууну чечтим. Коркпогула!
Силер кыла турган иштер булар: бири-бирињерге чындыкты айткыла, дарбазањардын алдында акыйкаттык менен тынчтыкты сактап сот жєргєзгєлљ.
Силердин арањардан эч ким љз жєрљгєндљ жакынына каршы кыянаттык ойлобосун, жалган антты сєйбљгєлљ, анткени мунун баары – Мен жек кљргљн нерселер, – дейт Тењир».
Анан мага Себайот Тењирден мындай сљз болду:
Себайот Тењир мындай дейт: «Тљртєнчє айдын орозосу, бешинчи айдын орозосу, жетинчи айдын орозосу жана онунчу айдын орозосу Жєйєт тукуму єчєн кубаныч менен шаттыкка, жакшы майрамдарга айлансын. Чындык менен тынчтыкты сєйгєлљ».
Себайот Тењир мындай дейт: «Кљптљгљн элдер жана кљптљгљн шаарлардын тургундары келишет.
Бир шаардын тургундары экинчи шаардын тургундарына барып: “Тењирдин алдына барып сыйыналы, Себайот Тењирди издейли”, – дешет; Ар бири: “Мен да барам”, – дейт.
Иерусалимде Себайот Тењирди издеш єчєн, Тењирге сыйыныш єчєн, кљптљгљн уруулар жана кєчтєє элдер келишет».
Себайот Тењир мындай дейт: «Ал кєндљрдљ мындай болот: ар кандай тилдерде сєйлљгљн бардык элдерден он киши чыгып, бир жєйєттєн этегинен кармап, ага: “Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук”, – дешет».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible