Скрыть
11:1
11:7
11:10
11:11
11:15
Лебанон, дарбазаларыњды ач, сенин кедр дарактарыњды от жалмасын.
Боздоп ыйла, кипарис, анткени кедр кулады, анткени чоњ дарактар да кыйратылды. Башандын эмен дарактары, љкєргєлљ, анткени чытырман токой кыйылды.
Койчулардын љкєрєп ыйлаганы угулуп жатат, анткени алардын жайыттары кыйратылды; жаш арстандардын ырылдаган айкырыгы угулуп жатат, анткени Иордандын дањкы талкаланды».
Менин Кудай-Тењирим мындай дейт: «Мууздала турган койлорду кайтар,
сатып алгандар аларды љлтєрєп жатышат, бирок љздљрєн айыптуубуз деп эсептешпейт, ал эми аларды саткандар: “Тењирге алкыш, мен байып калдым!” – деп жатышат. Аларды љздљрєнєн койчулары аяшпайт.
Анткени Мен мындан ары бул жердин тургундарына ырайым кылбайм, – дейт Тењир, – мына, Мен ал адамдардын ар бирин љз жакынынын колуна, љз падышасынын колуна салып берем, алар жерди кыйратышат, Мен ал адамдардын эч кимисин алардын колунан куткарбайм.
Мен мууздала турган койлорду, чыны менен эле байкуш койлорду кайтарам. Љзємљ эки таяк алам, биринчисин Ырайым, экинчисин Бирдик деп атайм, ошолор менен койлорду кайтарам.
Бир айда єч койчуну жок кылам. Алардын жаны Менден кандай жийиркенсе, Менин жаным да алардан ошондой жийиркенет.
Ошондо Мен мындай дейм: “Силерди кайтарбайм. Љлљ турганы љлсєн, жоголо турганы жоголсун, ал эми калгандары биринин этин бири жесин”.
“Ырайым” таягымды алам да, Љзємдєн бардык элдер менен тєзгљн келишимимди бузуш єчєн, аны сындырып салам.
Келишим ошол кєнє бузулат, ошондо Мени кєтєп турган койлордун ичинен байкуштары бул Тењирдин сљзє экенин билишет.
Анан аларга: “Эгерде кааласањар, Мага Менин акымды бергиле. Каалабасањар, бербей эле койгула”, – дейм. Ошондо алар Менин акыма отуз кємєш шекел тартып беришет».
Анан Тењир мага мындай деди: «Аны Тењир єйєнєн казынасына ташта. Алар Мени кандай кымбат баалашты!» Мен отуз кємєш шекелди алып, Тењир єйєнљ карапачы єчєн таштадым.
«Жєйєт менен Ысрайылдын ортосундагы бир туугандыкты бузуш єчєн, Љзємдєн экинчи таягымды – “Бирдик” таягын сындырдым».
Анан Тењир мага мындай деди: «Акылсыз койчулардын ичинен бирљљнєн куралын ал.
Анткени Мен бул жерге бир койчу коём, ал љлєп бара жаткан койлор єчєн кам кљрбљйт, жоголгондорун издебейт, ооругандарын айыктырбайт, соолоруна тамак бербейт, бирок семиз койлордун этин жейт, алардын туяктарын талкалайт.
Койлорду таштап койгон жаман койчуга кайгы! Анын колуна жана оњ кљзєнљ каршы кылыч келсин! Анын колу шал болуп калсын, анын оњ кљзє таптакыр кљрбљй калсын!»
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible