Скрыть
3:1
3:2
3:6
3:18
Козголоњчул, булганган, ырайымсыз шаарга кайгы!
Ал сљздє укпайт, акыл-насаатты кабыл албайт, Тењирге таянбайт, љз Кудайына жакындабайт.
Анын тљрљлљрє – ырылдаган арстандар, башкаруучулары – ињирдеги карышкырлар, алар тањга чейин бир да сљљк калтырышпайт.
Анын пайгамбарлары – жењил ойлуу, ишенимсиз адамдар. Анын ыйык кызмат кылуучулары ыйык нерселерди булгашат, мыйзамды тебелеп-тепсешет.
Адилет Тењир анын ичинде, адилетсиздик жасабайт, ар дайым эртењ менен Љзєнєн адилет љкємєн кљрсљтєп турат. Бирок мыйзамсыз адам уят-сыйытты билбейт.
«Мен элдерди кырдым, алардын чептери кыйратылды. Алардын кљчљлљрєн ээн калтырдым, эми ал кљчљлљрдљн эч ким баспайт. Алардын шаарлары талкаланды: аларда эч ким жашабай калды, бир да адам калган жок.
Мен ага: “Менден гана корк, акыл-насаатты кабыл ал!” – дегем. Менден коркуп, акыл-насаатымды кабыл алганда, анын турак жайы кыйратылмак эмес, ал єчєн Мен белгилеген нерсе анын башына тєшмљк эмес. Бирок алар љздљрєнєн бардык жаман иштерин тырышчаактык менен улантып жатышты.
Ошондуктан Мен кыйратуу єчєн ордуман турган кєнгљ чейин, Мени кєткєлљ, – дейт Тењир, – анткени Мен элдерди чогултуш єчєн, падышачылыктарды чакырыш єчєн, аларга Љзємдєн каарымды, Љзємдєн жалындаган каарымды тљгєш єчєн љкєм чыгардым. Анткени бєт жер жєзєн Менин кызганычымдын оту жалмайт.
Ошондо бардык элдер Тењирдин ысымын чакырсын деп, Ага бир кишидей кызмат кылсын деп, Мен аларга кайрадан таза ооз берем.
Эфиопия дарыяларынын аркы љйєзєндљгє љлкљлљрдљн Мага табынуучулар – Менин чачырап кеткен элимдин балдары Мага тартуу алып келишет.
Ошол кєнє сен љзєњдє Мага каршы жасаган ар кандай кєнљљлєє иштерињ менен булгабайсыњ, анткени Мен ошол кєнє сенин ичињден сенин атагыњ менен мактангандарды жок кылам, ошондон кийин Менин ыйык тоомдо љзєњдє жогору кљтљрбљйсєњ.
Бирок сенин ичиње момун, жљнљкљй элди калтырам, алар Тењирдин ысымына таянышат.
Ысрайылдын калдыгы адилетсиздик кылбайт, жалган сєйлљбљйт, алардын оозунда айлакер тил болбойт. Алар тынч оттоп, жайылып жєргљн койлордой болушат, эч ким алардын тынчын албайт».
Кубан, Сион кызы! Салтанат кур, Ысрайыл! Бєт жєрљгєњ менен кубан, шаттан, Иерусалим кызы!
Тењир сени жазалабай турган болду, сенин душманыњды кууп чыкты! Тењир, Ысрайыл Падышасы, сени менен, мындан ары жамандыктан коркпойсуњ.
Ошол кєнє Иерусалимге: «Коркпогун», Сионго: «Сенин колуњдан кєч кетпесин!
Сенин Кудай-Тењирињ сени менен, Анын сени куткарганга кєчє жетет. Ал сен єчєн абдан кубанат, Љз сєйєєсє менен сага ырайым кылат, сен жљнєндљ шаттанып салтанат курат», – дешет.
«Салтанаттуу майрамдар єчєн кайгыргандарды Мен чогултам. Алар сенин адамдарыњ, алардын єстєндљ маскарачылык жатат.
Мына, Мен ошол учурда сени кысымга алгандардын баарын жок кылам, аксагандарды куткарам, чачырап кеткендерди чогултам, алар кайсы жерде кордолушса, ошол жерде аларды атактуу, дањктуу кылам.
Ошол учурда силерди алып келем, ошол эле учурда силерди чогултам. Мен силердин туткундарыњарды кљз алдыњарда кайрып келип, силерди жер єстєндљгє бардык элдердин арасында атактуу, дањктуу кылам», – дейт Тењир.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible