Скрыть
78:7
78:9
Асаптын забуру. Кудай! Бутпарастар Сенин мурасыња келишти. Сенин ыйык ийбадатканањды булгашты, Иерусалимди урандыга айландырышты.
Сенин кулдарыњдын љлєктљрєн асмандагы куштарга жем кылышты, Сенин ыйыктарыњдын денелерин жырткычтарга жем кылышты.
Алардын кандарын Иерусалимдин тегерегинде суудай агызышты, аларды кљмљр киши болгон жок.
Биз љз коњшуларыбызга кєлкє болдук, тегерегибиздегилерге шылдыњ, кєлкє болдук.
Тењир, качанга чейин ачуулана бересињ, ачууњ качанга чейин от болуп кєйљ берет?
Љз каарыњды Сени билбеген элдерге, Сенин ысымыњды чакырбаган падышачылыктарга тљк.
Анткени алар Жакыпты жутушту, анын єйєн кыйратышты.
Ата-бабаларыбыздын кєнљљлљрє єчєн бизди жазалаба, бизге кечиктирбей ырайым кыл, анткени биз аябай алсырап калдык.
Кудай, биздин Куткаруучубуз, Љз ысымыњ дањкталышы єчєн, бизге жардам бер, бизди куткар, Љз ысымыњ єчєн биздин кєнљљлљрєбєздє кечир.
Бутпарастар: «Булардын Кудайы кайда?» – деп айтышпасын. Кулдарыњдын тљгєлгљн каны єчєн биздин кљзєбєзчљ љч алганыњ бутпарастар арасында белгилєє болсун.
Сага туткундун онтогон єнє жетсин. Љлємгљ кыйылгандарды Љзєњдєн кудуретињ менен куткар.
Тењирим, Сага акарат келтиришкени єчєн, биздин коњшуларыбызды жети эсе жазала.
Ал эми биз, Сенин элињ, Сенин жайытыњдагы койлоруњ, Сени тєбљлєккљ дањктайбыз, Сенин дањкыњды укумдан-тукумга жарыялайбыз.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible