Скрыть
Псалом 55 
55:2
55:3
55:4
55:6
55:7
55:8
55:9
55:11
55:13
55:14
Псалом 56 
56:3
Псалом 57 
57:1
57:2
Псалом 58 
58:2
58:3
58:7
58:11
58:12
58:15
58:17
58:18
Псалом 59 
59:1
59:6
59:7
59:9
59:11
59:13
Псалом 60 
60:1
60:6
Псалом 61 
61:6
61:8
61:12
Псалом 62 
62:4
62:5
62:6
62:11
Псалом 63 
63:1
63:2
63:3
63:5
63:8
Ырчылар тобунун башчысына. Жат элдин арасында єндљбљгљн кљгєчкљн жљнєндљ. Дљљттєн пелиштиликтер Гатта кармап алганда жазган жазуусу.
Ырайым кыл мага, Кудайым! Анткени мени жуткусу келген адам кєнєгљ мага кол салып, кысымга алып жатат.
Мени душмандарым жуткусу келип, ар кєнє издеп жєрєшљт. Анткени мага каршылар љтљ кљп, кудуреттєє Тењир!
Мени коркунуч басканда, Сага таянам.
Мен Кудайды сљзє єчєн дањктайм. Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?
Ар кєнє менин сљздљрємдє тескери буруп алышат; алар мага каршы жамандык ойлошот:
топтошуп, бекинип, менин жанымды тузакка тєшєрєш єчєн, баскан изимди ањдышат.
Кантип эле алар љздљрєнєн жалган иштери єчєн жазадан кутулуп кетишсин? Кудай, каарыњ менен бул элдерди талкала.
Менин жер кезип жєргљн кєндљрєм Сенде эсептелєє. Кљз жашымды Љз идишиње куй. Алар Сенин китебињде жазылган эмеспи?
Мен Сени чакырганда, душмандарым артына качышат. Кудай мен тарапта экенин ошондон билем.
Мен Кудайды сљзє єчєн дањктайм, мен Тењирди сљзє єчєн дањктайм.
Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?
Сага берген убадаларымды аткарам, Кудайым; Сага ыраазычылыгымды билдирем,
анткени Сен менин жанымды љлємдљн куткардыњ, Кудайдын алдында, тирєєлљрдєн арасында жєрєшєм єчєн, бутумду да мєдєрєлткљн жоксуњ.
Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Дљљттєн Шабулдан єњкєргљ качып барганда жазган жазуусу.
Ырайым кыл мага, Кудайым, ырайым кыл мага, анткени менин жаным Сага таянат, кыйынчылык артта калганга чейин Сенин канатыња корголой турайын.
Мага ырайым кылуучу Кудайды, бардыгынан жогору турган Кудайды, чакырып жатам.
Ал асмандан жардам жиберип, мени куткарат. Мени жутам деп издеп жєргљндє уятка калтырат. Кудай Љз ырайымын жана чындыгын жиберет.
Менин жаным арстандардын арасында. Мен оозунан жалындаган от чыккандардын арасында, тиштери жебе менен найза болгон, тилдери жалањдаган кылыч болгон адамдардын арасында жатам.
Кудайым, дањкыњ асмандан да жогору кљтљрєлсєн, Сенин дањкыњ бєт жер єстєндљ болсун!
Менин бутума тузак даярдап коюшту; жаным кыйналды. Алдыма ањ казышты, бирок ага љздљрє тєшєп калышты.
Жєрљгєм даяр, Кудайым, жєрљгєм даяр: ырдаймын да дањктаймын.
Ойгон, дањкым, арфа менен гусли, ойгон! Мен эрте турам.
Тењирим, Сени элдердин арасында дањазалайм, Сени уруулар арасында дањктап ырдайм.
Анткени Сенин ырайымыњ асманга чейин жетет, Сенин чындыгыњ булуттарга чейин жетет.
Кудайым, дањкыњ асмандан да жогору кљтљрєлсєн, Сенин дањкыњ бєт жер єстєндљ болсун!
Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Дљљттєн жазуусу.
Чыны менен эле, чындыкты айтып жатасыњарбы, силер, соттор; адилет соттоп жатасыњарбы, адам уулдары?
Жєрљгєњљрдљ мыйзамсыздык кылып жатасыњар, жерде колуњар менен кылган кыянат иштерди таразага коюп жатасыњар.
Кудайсыздар тљрљлгљндљн баштап эле тєз жолдон чыгышат, энесинин курсагынан чыккандан тартып эле жалган айтып адашышат.
Алардын уусу жыландын уусундай, кулагын жаап алган керењ, уулуу жыландын уусундай.
Ал арбоочунун сљздљрєн, эњ эле мыкты арбоочунун арбоосун да укпайт.
Кудай! Алардын оозундагы тиштерин талкала, арстандардын жаактарын сындыр, Тењир!
Алар агын суудай агып жок болушсун, алар сынган жебелерге окшоп калышсын.
Yлєлдљй болуп бараткан жеринен жок болушсун, бойдон тєшкљн баладай, кєндє кљрбљй калышсын.
Казаныњар кєйєп жаткан тикенектин табын сезгенче, анын кєйбљгљнєн да, кєйгљнєн да куюн учуруп кетсин.
Кудайдын алардан љч алганын кљргљндљ, адил адам кубанат, буттарын кудайсыздардын канына жууйт.
Ошондо адам: «Чыны менен эле, адил адам љз жемишин алат! Жер єстєндљ жазалай турган Кудай бар!» – дейт.
Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Шабул Дљљттє љлтєрєє єчєн, єйєн кароолго алган учурда Дљљттєн жазган жазуусу.
Оо Кудай! Мени душмандарымдан куткар, мага каршы чыккандардан корго!
Мени мыйзамсыз иш кылгандардан куткар, канкорлордон сакта.
Анткени, мына, алар мени љлтєргєсє келип ањдып жєрєшљт, зулумдар мага каршы топтолуп жатышат. Бул менин кылмышым єчєн эмес, менин кєнљљм єчєн эмес, Тењир.
Мен кєнљљсєз болсом деле топтошуп, куралданып жатышат. Мага жардам берєєгљ кел, назарыњды сал.
Сен, Тењир, Себайот Кудайсыњ, Ысрайылдын Кудайысыњ, бардык элдерди жазалоого аттан, мыйзамсыз иш кылган кудайсыздардын бирин да аяба.
Кечинде алар кайрадан келишет, иттердей улуп, шаарды тегеренип жєрєшљт.
Мына, алар оозу менен жаман сљздљрдє кусуп жатышат, алардын оозунда кылычтары бар. Алар: «Ким укмак эле?» – деп ойлошот.
Бирок Сен, Тењир, аларды кєлкє кыласыњ, ал элдердин баарын уят кыласыњ.
Алардын кєчє бар, бирок мен Љзєњљ чуркайм, анткени Кудай менин тирегим.
Мага ырайым кљрсљткљн Кудай мени алдыман тосуп чыгат. Кудай мени душмандарымды коркпой карагыдай кылат.
Элим унутуп калбашы єчєн, аларды љлтєрбљ. Аларды Љз кєчєњ менен таркатып жибер, аларды кулат, Тењир, биздин калканыбыз.
Алар тилдеринин кєнљљсє єчєн, ооздорунан чыккан сљздљрє єчєн, љздљрєнєн текебердиги менен берген анты єчєн, айткан калпы єчєн колго тєшєшсєн.
Каарыњ менен чачып жибер, аларды чачып жибер, алар жок болушсун. Кудай Жакыптын єстєнљн бийлик жєргєзљрєн тљгљрљктєн тљрт бурчу билсин.
Алар кечинде кайрылып келип, иттердей улуп, шаарды тегеренип жєрєшсєн.
Тамак издеп тентип жєрєшсєн, тєндљрдє ачка љткљрєшсєн.
Мен болсо Сенин кудуретињди мактап ырдайм, Сенин ырайымыњды тањ азандан жар салам, анткени башыма кыйынчылык тєшкљн кєнє Сен мага тирек, баш калкалар жай болдуњ.
Менин Кєчєм! Сени дањктап ырдайм, анткени Кудай менин тирегим, мага ырайым кылган Кудайым.
Ырчылар тобунун башчысына. Шушан-Эдут кєє аспабы менен. Yйрљнєє єчєн Дљљттєн жазуусу.
Дљљттєн месопотамиялык Сирия жана собалык Сирия менен согушкандагы, Жойап кайрылып келе жатып, Туздуу љрљљнєндљ он эки мињ эдомдукту кыйратканда жазган жазуусу.
Оо Кудай! Сен бизди четке кактыњ, бизди талкаладыњ, бизге каардандыњ. Эми бизди кайра тургуз.
Сен жерди титиретип, жарака кетирдињ. Анын бузулган жерлерин айыктыр, анткени ал титиреп жатат.
Сен Љз элињдин башынан оор кєндљрдє љткљрєєсєнљ жол бердињ, бизди баш айланта турган шарабыња тойгуздуњ.
Кудайдан корккондорго тууњду бер, алар аны чындык єчєн кљтљрсєн.
Сенин жакшы кљргљндљрєњ куткарылсын. Мени Љзєњдєн оњ колуњ менен куткар, мени ук.
Кудай Љзєнєн ыйык жайында мындай деди: «Жењишке жетем, Шекемди бљлљм, Сукот љрљљнєн љлчљйм.
Гилат да, Менаше да Меники, Эпрайым – Менин башымдагы туулга, Жєйєт Менин бийлик таягым.
Маап Менин жууна турган чылапчыным. Эдомго љтєгємдє сунам. Пелишти жерин жењип, салтанат менен чыгам!»
Ким мени бекем чептєє шаарга киргизет? Ким мени Эдомго жеткирет?
Кудайым, Сен бизди таштап койдуњбу? Кудайым, биздин аскерлер менен согушка чыкпайсыњбы?
Бизге кысталышта жардам бер, анткени адамдын жардамы – курулай убаракерчилик.
Кудай менен кєчтєєбєз, Ал душмандарыбызды кулатат.
Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспап менен. Дљљттєкє.
Кудай, менин зар-муњума кулак сал, сыйынуумду ук.
Жєрљгєм кайгыга чљгєп жаткандыктан, мен Сени жердин тєбєнљн чакырып жатам. Мени љзєм чыга албай турган аскага чыгар.
Анткени Сен менин баш калкалар жайымсыњ, Сен менин душмандан коргогон бекем мунарамсыњ.
Мен Сенин єйєњдљ тєбљлєк жашайын, Сенин канатыњдын астында тынч алайын.
Анткени Сен, Кудайым, менин убадаларымды уккансыњ, Сенин ысымыњдан корккондорго єлєш бергенсињ.
Падышанын кєндљрєнљ кєн кош, анын жылдарын муундан муунга улант.
Ал Кудайдын алдында тєбљлєк болсун. Аны Љзєњдєн ырайымыњ жана чындыгыњ менен сакта.
Ошондо мен Сенин ысымыњды тєбљлєккљ дањктап ырдайм, убадаларымды кєн сайын аткарам.
Жедутундуку боюнча. Ырчылар тобунун башчысына. Дљљттєн забуру.
Менин жаным Кудайдан гана тынчтык табат. Мени Ал гана куткарат.
Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.
Качанкыга чейин жалгыз адамды куугунтуктай бересињер? Баарыњар урайын деп калган дубалга, кыйшайып калган тосмого окшоп жерге кулайсыњар.
Алар аны тактыдан кулатууну ойлоп, жалаа жабышты. Алар оозу менен бата беришет, бирок жєрљгєндљ каргашат.
Жаным, Кудайдан гана тынчтык тап! Анткени мен бир гана Андан ємєт кылам.
Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.
Менин куткарылуум да, дањкым да Кудай. Менин бекем чебим да, баш калкалар жайым да Кудай.
Адамдар! Ар убакта Кудайдан ємєттљнгєлљ. Жєрљгєњљрдљгєнє Анын алдына тљккєлљ, анткени Кудай биздин баш калкалар жайыбыз.
Адам уулдары – болгону, жел; атактуу адамдар – закым. Эгерде аларды таразага тартса, баары биригип желден жењил.
Талоончулукка таянбагыла, уурдап алганыњар менен менменсинбегиле. Байлыгыњар кљбљйгљн сайын, жєрљгєњљр байлыкка байланбасын.
Кудай мага бир жолу айтты, мен эки нерсени: кєч Кудайда экенин,
ырайым да Сенде экенин уктум, Тењир, анткени Сен ар бир адамга ишине жараша тиешелєєсєн бересињ.
Дљљттєн Жєйєт чљлєндљ жєргљндљгє забуру.
Кудай! Сен менин Кудайымсыњ, Сени тањ сєргљндљн баштап эле издей баштайм. Менин жаным Сени эњсейт, какшыган, суусуз ээн жерде денем Сени кљксљйт.
Сенин кєчєњ менен дањкыњды кљрєє єчєн, мен Сени ыйык жайда карадым.
Анткени љмєргљ караганда Сенин ырайымыњ артык, оозум Сени дањктайт.
Сени љмєрєм љткљнчљ ушинтип мактайм. Сенин ысымыњ єчєн колумду жогору кљтљрљм.
Тљшљгємдљ жатып Сени эстегенде, тєн ичинде Сен жљнєндљ ойлогондо,
менин жаным майга жана зайтун майына тойгонсуп, оозум Сени кубанычтуу єн менен дањктайт.
Анткени Сен менин жардам берєєчємсєњ, мен Сенин канатыњдын далдаасында шаттанам.
Жаным Сага байланды. Сенин оњ колуњ мени колдоп турат.
Ал эми мени љлтєргєсє келгендер љлгљндљр жаткан жайга тєшєшљт.
Аларды кылычтап љлтєрєшљт, алар чљљлљргљ жем болушат.
Падыша болсо Кудайдан кубаныч алат, Кудай менен ант бергендер дањкталышат, анткени жалган сєйлљгљндљрдєн жаагы жап болот.
Ырчылар тобунун башчысына. Дљљттєн забуру.
Кудай, сыйынуумду ук, љмєрємдє душмандын коркутуусунан сакта!
Мени бузукулардын арам ойлорунан, зулумдардын козголоњунан жашыр.
Алар тилдерин кылычтай курчутуп, заар сљздљрєн жебедей тартып турушат.
Кєнљљсєздє жашыруун атып љлтєрєшљт, аны кєтєлбљгљн жерден атышат, коркуп да коюшпайт.
Алар арам ойлорун ишке ашыруу єчєн бекем турушат, жашыруун тузак салууну кењешишет. «Ким кљрмљк эле?» – дешет.
Жалган нерселерди ойлоп таап, талдоо артынан талдоо жєргєзєп, атєгєл, адамдын ички дєйнљсєнљ чейин, жєрљгєнєн тєпкєрєнљ чейин изилдешет.
Бирок Кудай аларды жебе менен кыйратат. Алар кєтєлбљгљн жерден љлєшљт.
Алар љздљрєнєн тили менен љздљрєн кыйратышат. Аларды кљргљндљрдєн баары качып кетишет.
Адамдардын баары коркуп, Кудайдын иштерин жарыя кылышат, бул Анын иши экенин тєшєнєшљт.
Ал эми адил адам Тењирден кубаныч алат, Андан баш калкалар жай табат. Жєрљгє тазалардын баары Аны менен мактанышат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible