Скрыть
Псалом 37 
37:1
37:4
37:6
37:8
37:9
37:10
37:11
37:13
37:15
37:16
37:17
37:18
37:20
37:22
37:23
Псалом 38 
38:8
38:9
38:11
38:14
Псалом 39 
39:1
39:2
39:6
39:12
39:17
Псалом 40 
40:1
40:3
40:6
40:7
40:11
40:12
40:13
Псалом 41 
41:2
41:4
41:7
41:11
Псалом 42 
42:1
42:4
Псалом 43 
43:5
43:8
43:9
43:11
43:12
43:15
43:16
43:17
43:19
43:20
43:21
43:27
Псалом 44 
44:2
44:5
44:16
44:18
Псалом 45 
45:3
45:4
45:5
45:7
Дљљттєн забуру. Эске тєшєрєє єчєн.
Тењир! Мени каарданып ашкерелебе, ачууланып жазалаба.
Анткени Сенин жебелерињ денеме сайылып турат, Сенин менин єстємдљгє колуњ оор болуп жатат.
Сенин каарыњдан денемдин бир да соо жери жок. Кєнљљлљрємдєн айынан сљљктљрємдљ тынчтык жок.
Анткени мыйзамсыз иштерим башымдан ашып, оор жєк сыяктуу мага салмагын салып турат.
Акылсыздыгымдан жараларым ирињдеп, сасып жатат.
Бєкєрљйєп, таптакыр башымды кљтљрљ албай калдым, тањдан кечке кайгы тартып жєрљм.
Анткени ичим толтура илдет, денемдин соо жери жок.
Алсырап, аябай кыйналып жатам, жєрљгєм сыздагандан кыйкырып жатам.
Тењир! Менин каалоомдун баары Љзєњљ белгилєє, менин онтогонум да Сенден жашыруун эмес.
Жєрљгєм титиреп жатат, кєчємдє жоготтум, кљзєм да тунарып калды.
Досторум менен санаалаштарым илдетимди кљрєп, менден оолактап калышты, жакындарым да алыс турушат.
Мени љлтєргєсє келгендер болсо торлорун жайып жатышат, мага жамандык каалагандар мени љлтєрєє жљнєндљ сєйлљшєп жатышат, ар кєнє айла-амал ойлоп жатышат.
Ал эми мен дєлљйгљ окшоп эч нерсе укпайм; дудукка окшоп оозумду ачпайм.
Кулагы укпаган, оозунда жообу жок адамга окшоп калдым.
Анткени мен Сенден ємєттљнљм, Тењир. Сен мага жооп бересињ, Тењирим, Кудайым менин.
«Душмандарым мени кљрєп кубанышпасын. Бутум шилтенбей калса, алар мага кыйынсынышат», – дедим.
Анткени жыгылганы калдым, жаным кыйналып турат.
Мен љз айыбымды мойнума алам, кєнљљм єчєн кайгырып жатам.
Душмандарым болсо жашап жєрєшљт, кєч алып жатышат, мени себепсиз эле жек кљргљндљр кљбљйєп жатат.
Менин жакшылыгыма жамандык кылгандар да жакшы нерсеге умтулганым єчєн, мага каршы чыгып жатышат.
Тењирим, Кудайым, мени таштаба, менден алыстаба.
Мага жардам берєєгљ шашыл, Тењирим, менин Куткаруучум!
Ырчылар тобунун башчысы Жедутунга. Дљљттєн забуру.
«Тилим менен кєнљљгљ батпаш єчєн, љз жолдорумду байкап жєрљйєн. Кудайсыз жанымда турганда, оозумду ооздуктайын», – дедим.
Мен дєлљй да, дудук да болдум, жакшылык жљнєндљ да ооз ачпас болдум; азабым артты.
Кљљдљнємдљ жєрљгєм жалындап, оюмда от чыкты. Тилим ошондо сєйлљй баштады:
айтчы, Тењирим, мен качан љлљм, канча кєнєм калды, канча кєнєм калганын, канча жашарымды билейин.
Сен мага бир сљљм љмєр бердињ, менин љмєрєм Сенин алдыњда эч нерсе эмес. Чын эле, ар бир адамдын жашоосу курулай убаракерчилик экен.
Чын эле, адам элес сыяктуу жєрљт, бекер тєйшєк тартат, дєнєйљ жыйнайт, анысы кимге каларын билбейт.
Мен эми эмнени кєтмљк элем, Тењир? Менин ємєтєм бир Љзєњдљ.
Мени мыйзамсыз иштеримдин баарынан куткар, мени акылсыздарга кордотпо.
Мен дудук болуп калдым, ооз ачпайм, анткени Сен ушундай кылдыњ.
Соккуларыњды токтот, Сенин колуњдун соккусунан мен жок болуп бара жатам.
Сен адамды кєнљљсє єчєн жазалап, башына кыйынчылык саласыњ, анын кљркє кєбљ жегендей кєбєлљт. Ар бир адамдын жашоосу – курулай убаракерчилик!
Менин сыйынуумду ук, Тењир, Менин ыйыма кулак сал. Менин кљз жашымды кљрєп унчукпай койбо. Анткени мен Сенин жолоочуњмун, љзємдєн ата-бабаларымдай эле келгинмин.
Мени кыйнаба, кљзєм жумулуп дєйнљдљн љткєчљ, кєчкљ толуп алайын.
Ырчылар тобунун башчысына. Дљљттєн забуру.
Мен Тењирге бекем ишенгем, ошондуктан Ал мага назар салып, менин зар-муњумду укту.
Мени туњгуюктан, сормо саздан чыгарып, буттарымды ташка коюп, кадамымды бекемдеди.
Кудайыбызды мактаган жањы ырды оозума салды. Кљп адамдар кљрєп коркуп калышат, ошондо Тењирге таянышат.
Тењирди таяныч кылган жана текеберлерге, жалганчыларга кайрылбаган адам бактылуу.
Тењир, Кудайым, Сен кљп иштерди жасадыњ! Сенин бизге кљрсљткљн кереметтерињди, биз жљнєндљгє ниеттерињди ким айтып бєтљ алат? Сага ким тењ келе алат! Мен мунун баарын жар салып айтар элем, бирок аларга сан жетпейт.
Курмандык менен тартууларды Сен каалаган жоксуњ, бирок Сен менин кулагымды ачтыњ. Бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык менен кєнљљ єчєн чалынуучу курмандыкты талап кылган жоксуњ.
Ошондо мен: «Мына, мен бара жатам. Тєрмљк китепте мен жљнєндљ жазылган.
Мен Сенин эркињди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамыњ менин жєрљгємдљ», – дедим.
Мен Сенин адилеттигињди улуу жыйында жарыя кылдым. Оозумду тындырган жокмун, муну Сен билесињ, Тењир.
Сенин адилеттигињди жєрљгємљ катып алган жокмун, Сенин ишенимдєєлєгєњдє жана куткаруу ишињди жарыя кылдым, Сенин ырайымыњ менен чындыгыњды улуу жыйындын алдында жашырбадым.
Сен, Тењир, менден ырайымыњды аяба! Сенин ырайымыњ менен чындыгыњ мени дайыма коргоп жєрсєн.
Анткени мени сансыз кайгы курчап алды, мыйзамсыз иштерим љз башыма тийди, ошондуктан эч нерсени кљрљ албай жатам. Алар башымдагы чачымдан да кљп, менин кайрат-кєчєм кетти.
Ырайым кылып, мени куткарып ал, Тењир! Мага жардамга шашыл, Тењир!
Мени љлтєргєсє келгендердин бардыгы уятка калышсын, шылдыњ болушсун! Мага жамандык каалагандар артка кайтышсын, кєлкє болушсун!
«Ии-ии!» – деп табалагандар љздљрєнєн шылдыњ болуп калганына єрљйлљрє учсун.
Сени издегендердин баары кубанышсын, Сени менен шаттанышсын. Сенин куткаруу иштерињди сєйгљндљр: «Тењир улуу!» – деп, тынбай жар салышсын.
Мен болсо жардымын, жакырмын. Тењир, мен єчєн кам кљрљ кљр. Менин жардам берєєчєм да, Куткаруучум да Сенсињ, Кудайым, кечикпе!
Ырчылар тобунун башчысына. Дљљттєн забуру.
Бей-бечараны ойлогон адам бактылуу! Кыйынчылык кєнє аны Тењир куткарат.
Тењир аны коргоп, љмєрєн сактап калат. Жер єстєндљ ал бактылуу болот. Тењир, Сен аны душмандын колуна салып бербейсињ.
Ал ооруп жатканда, Тењир ага кєч берет. Сен аны тљшљгєнљн тургузасыњ, дартынан арылтасыњ.
«Тењир! Мага ырайым кыл, жанымды сакайт, анткени мен Сенин алдыњда кєнљљ кылдым», – дедим.
Душмандарым мен жљнєндљ «Ал качан љлљт? Анын ысымы качан љчљт?» деген жаман сљздљрдє айтышат.
Мени кљргљнє келген адам жалган сєйлљйт. Жєрљгєнљн жалганды ойлоп чыгарат да, сыртка чыгары менен элге жаят.
Мени жек кљргљндљрдєн бардыгы мага каршы чыгып, љз ара шыбырашып, мага жамандык ойлошот:
«Ал айыкпас дартка чалдыкты. Ал жыгылды, эми турбайт».
Атєгєл, мени менен тынчтыкта болгон, мен ишенип жєргљн, менин нанымды жеген адам мага согончогун кљтљрдє.
Сен болсо, Тењир, мага ырайым кыл, мени тургуз, мен алардын жазасын берем.
Эгерде душманым мага єстљмдєк кыла албаса, ошондон Сенин мага ырайым кылганыњды билем.
Мени болсо аман сактап, Љзєњдєн алдыња тєбљлєк тургузасыњ.
Тењир, Ысрайыл Кудайы, кылымдан кылымга дањкталсын! Оомийин, оомийин!
Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын єйрљтєєсє.
Бугу тунук суунун башатын эњсегендей, менин жаным да эњсейт Сени, Кудайым!
Менин жаным кєчтєє, тирєє Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам?
Ар кєнє мага: «Сенин Кудайыњ кана?» – дешкенде, кљзємдєн жашы мен єчєн кєнє-тєнє нан ордуна болгон.
Ал жљнєндљ эстеп, ички сырымды айтып жатам, анткени мен кљп эл менен, майрамдап жаткан топ эл менен бирге Кудайды дањктап, Кудайдын єйєнљ кубаныч менен кирчє элем.
Жаным, эмнеге чљгєп, эмнеге онтоп жатасыњ? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы дањктайм.
Жаным кыйналып, мен Сени Иордан жеринен, Хермондон, Митсар тоосунан эстеп жатам.
Сенин шаркыратмаларыњдын єнє менен туњгуюк туњгуюкту чакырат. Сенин бардык сууларыњ менен толкундарыњ єстємдљн љттє.
Кєндєз Тењир Љзєнєн ырайымын кљрсљтљт, тєн ичинде мен Ага ыр арнаймын, љмєрємдєн Кудайына сыйынам.
Љзємдєн коргоочума, Кудайыма, мындай деп айтам: «Эмне єчєн мени унуттуњ? Эмне єчєн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жєрљм?»
Душмандарым мени шылдыњдап, кєн сайын мага: «Кудайыњ кана?» – деп айтышканда, сљљктљрємдє сындырып жатышкансыйт.
Жаным, эмнеге чљгєп, эмнеге онтоп жатасыњ? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы дањктайм.
Мага акыйкаттык кыл, Кудайым, кара ниет эл менен болгон ишиме кийлигиш. Мени адилетсиз, амалкљй адамдан куткар.
Анткени Сен мага кєч бере турган Кудайсыњ. Эмнеге Сен мени таштап салдыњ? Эмне єчєн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жєрљм?
Љз жарыгыњ менен чындыгыњды жибер. Алар мени жетектеп, Сенин ыйык тооњо, Сен жашаган жерге алып барышсын.
Ошондо мен Кудайдын курмандык чалынуучу жайына, мага кубаныч, шаттык берген Кудайыма келем; гусли чертип, Сени дањктайм, Кудай, менин Кудайым!
Жаным, эмнеге чљгєп, эмнеге онтоп жатасыњ? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы дањктайм.
Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын єйрљтєєсє.
Кудай, Сенин мурунку заманда, ата-бабаларыбыздын убагында эмне кылганыњды бизге ата-бабаларыбыз айтып беришкен, биз љз кулагыбыз менен укканбыз.
Сен Љз колуњ менен элдерди талкаладыњ, аларды болсо жайгаштырдыњ. Урууларды талкалап, кууп чыгардыњ.
Анткени алар жерге љз кылычы менен ээ болушкан жок, аларды љздљрєнєн кєчє куткарган жок, тескерисинче, аларды Сенин оњ колуњ, Сенин кєчєњ, Сенин жєзєњдєн жарыгы куткарды, анткени Сен аларга ырайым кылдыњ.
Кудайым, Сен Љзєњ менин Падышамсыњ! Жакыпты куткар.
Биз Сени менен душмандарыбызды сєзљбєз, Сенин ысымыњ менен бизге каршы чыккандарды тебелейбиз.
Анткени мен љзємдєн жаама да таянбайм, мени кылычым да куткарбайт.
Бирок Сен бизди душмандарыбыздан куткарасыњ, бизди жек кљргљндљрдє уят кыласыњ.
Кудайды кєн сайын мактайбыз, Сенин ысымыњды тєбљлєк дањктайбыз.
Бирок Сен азыр бизди таштап койдуњ, уятка калтырдыњ, биздин аскерлер менен бирге чыкпай жатасыњ.
Бизди душмандарыбыздан качууга мажбур кылдыњ, жек кљргљндљр бизди талап-тоноп жатышат.
Бизди койлордой кылып жеш єчєн салып бердињ, бизди элдер арасына чачып жибердињ.
Љз элињди љтљ арзан сатып жибердињ, анын баасын кљтљргљн жоксуњ.
Бизди коњшуларыбызга шылдыњ кылдырдыњ, тегерегибизде жашагандарга кєлкє кылдыњ, кордоттуњ.
Сен бизди эл арасында ылакап кылдыњ, бљтљн элдер баштарын чайкап, бизди кєлкє кылышат.
Кєн сайын шылдыњ болом, уялганымдан бетим кызарат.
Кордоочулар менен ушакчылардын сљздљрєнљн, душмандарым менен љч алуучулардын кљздљрєнљн уялганымдан бетим кызарат.
Ушунун баары башыбызга тєштє, бирок биз Сени унуткан жокпуз, Сенин келишимињди бузган жокпуз.
Сен бизди чљљлљр жашаган жерде талкалаганда, бизге љлєм кљлљкљсєн тєшєргљндљ,
жєрљгєбєз артка бурулган жок, буттарыбыз Сенин жолуњдан чыккан жок.
Эгерде биз љз Кудайыбыздын ысымын унутуп койсок, колубузду башка кудайга сунсак,
Кудай бизди ушул єчєн жазалабай коймок беле? Анткени Ал жєрљктљгє сырларды билет.
Сен єчєн бизди кєн сайын љлтєрєп жатышат. Биз алар єчєн мууздала турган койлор сыяктуубуз.
Ордуњан тур, Тењир, эмнеге уктап жатасыњ, ойгон! Бизден биротоло баш тартып кетпе.
Эмне єчєн сен бизден Љз жєзєњдє жашырып жатасыњ? Эмне єчєн биздин кайгыбызды, эзилгенибизди унутуп жатасыњ?
Анткени биздин жаныбыз топурактай тебеленди, ичибиз топуракка жабышып калды.
Бизге жардамга кел, Љз ырайымыњ єчєн бизди куткар.
Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним кєє аспабы менен. Корактын уулдарынын єйрљтєєсє. Сєйєє ыры.
Жєрљгємдљн жакшы сљз тљгєлдє. «Менин ырым Падыша жљнєндљ. Тилим – тез жазуучунун калеми».
Сен адам баласынын эњ сулуусусуњ. Сенин оозуњдан ырайым тљгєлєп турат, ошондуктан Кудай Сага тєбљлєк батасын берген.
Љз кылычыњды белиње байла, Кудуреттєєм, дањкыњ менен, сулуулугуњ менен курчан.
Љзєњдєн ушул жасалгањ менен шашыл, чындык, момундук жана адилеттик єчєн Љз арабања отур. Ошондо оњ колуњ Љзєњљ кереметтєє иштерди кљрсљтљт.
Сенин жебелерињ курч. Элдер Сенин алдыња жыгылышат. Жебелер Падыша душмандарынын жєрљктљрєн тешип љтљт.
Кудайым, Сенин тактыњ тєбљлєктєє. Адилеттик таягыњ – падышачылык бийлигињдин таягы.
Сен чындыкты сєйєп, мыйзамсыздыкты жек кљрдєњ, ошондуктан Кудай, Сенин Кудайыњ, жолдошторуња караганда Сени кубаныч майы менен кљбєрљљк майлаган.
Бєт кийимињ мирра, алой, касия жыттанат. Пил сљљгєнљн жасалган ак сарайларда лира чертип, Сенин кљњєлєњдє ачышат.
Падышалардын кыздары Сенин ардактуу меймандарыњдын арасында. Сенин оњ жагыњда Опир алтынынан кийим кийген ханыша турат.
Ук, бийкеч, кара, кулак сал, љз элињди, атањдын єйєн унут.
Падыша сенин сулуулугуњду кљргєсє келет, анткени Ал сенин Тењирињ, сен да Ага таазим кыл.
Тирдин кызы да белектери менен, элдин эњ байлары да тартуулары менен Сага таазим кылышат.
Падыша кызынын бєт дањкы љзєнєн ичинде. Кыздын кийимдери чылк алтындан тигилген.
Тєркєн тєстєє кийим кийген аны Падышага алып келишет, артынан курбу кыздарын алып келишет.
Аларды кубаныч менен, салтанат менен алып келишет да, Падышанын сарайына киргизишет.
Сенин ата-бабаларыњдын ордунда уулдарыњ болот. Аларды Сен бєт жер жєзєнљ тљрљ кылып коёсуњ.
Сенин ысымыњды укумдан-тукумга љчпљс кылам, ошондуктан элдер Сени кылымдан кылымга дањкташат.
Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Аламот кєє аспабы менен. Ыр.
Кудай биздин баш калкалар жайыбыз жана кєчєбєз, кыйынчылык учурунда тез жардам берєєчєбєз.
Ошондуктан жер титиресе да, тоолор жылып дењизге чљксљ да, биз коркпойбуз.
Алардын суулары шаркырап ташкындай берсин, алардын толкундарынан тоолор титирей берсин.
Дарыя суулары Кудайдын шаарын, бардыгынан жогору турган Кудайдын ыйык жайын шаттыкка бљлљйт.
Кудай анын ортосунда, ал солк этпейт: Кудай ага тањ азандан жардам берет.
Бутпарас элдер чуулдап, падышачылыктар кулай баштады: бардыгынан жогору турган Кудай єн салды эле, жер эрип кетти.
Себайот Тењир биз менен, Жакыптын Кудайы биздин чебибиз.
Келгиле, Тењирдин иштерин – жер єстєн кандай кыйратканын кљргєлљ.
Ал жер жєзєндљгє согуштарды токтотту, жааларды талкалады, найзаларды сындырды, арабаларды љрттљп жиберди.
Токтогула, Менин Кудай экенимди таанып билгиле. Мен элдер арасында дањкталам, жер єстєндљ дањазаланам.
Себайот Тењир биз менен, Жакыптын Кудайы биздин чебибиз.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible