Скрыть
34:2
34:3
34:6
34:9
34:12
34:13
34:14
34:16
34:17
34:20
34:22
34:24
34:25
34:28
Дљљттєн забуру. Тењир, мени менен кєрљшкљндљр менен кєрљш, мени менен согушкандар менен согуш.
Калкан, соот алып, мага жардамга кел.
Кылычыњды кынынан сууруп, мени кууп келе жаткандардын жолун торо. Менин жаныма: «Сенин куткаруучуњ Менмин!» – деп айт.
Мени љлтєргєсє келгендер уятка калышсын, шылдыњ болушсун. Мага жамандык каалагандар артына качып, абийири тљгєлсєн.
Алар шамал сапырган самандай болушсун, Тењирдин периштеси аларды кууп жиберсин.
Алардын жолу карањгы жана тайгак болсун, Тењирдин периштеси аларды куугунтуктасын.
Анткени алар мага себепсиз ор казышкан, тор жайышкан. Менин айыпсыз жаным єчєн кљр казышкан.
Ага кєтєлбљгљн љлєм келсин, мага жашыруун жайган торуна љзє тєшсєн, торуна љзє тєшєп љлсєн.
Ал эми менин жаным Тењир менен кубанат, Анын куткарганына шаттанат.
Менин бєт сљљктљрєм: «Тењир! Кєчсєздє кєчтєєдљн сактаган, жарды менен жакырды каракчыдан куткарган Сендей ким бар?» – дейт.
Жалган кєбљлљр мага каршы чыгышты: мен билбегендерди сурап, суракка алышты.
Жакшылыгым єчєн алар мага жамандык кылып, жанымды жалгызсыратышты.
Мен алар ооруп жатканда, зумбал кийип, љз жанымды орозо кармап кыйнадым, башымды кљтљрбљй, кайра-кайра сыйындым.
Аларга досумдай, бир тууганымдай мамиле кылдым. Энесине аза кєткљн адамдай кайгыга батып, башымды шылкыйтып жєрдєм.
А мен мєдєрєлєп кеткенде, алар кубанып, топтошо калышты; мени тилдегендер мага каршы чогулушту, мени эмне єчєн токтоосуз кордоп жатышканын билбейм.
Алар эки жєздєєлљнєп, мени шылдыњдап, тиштерин кычыратышты.
Тењир! Муну качанга чейин карап тура бересињ? Жанымды алардын кыянаттыгынан куткар, жалгыз жанымды арстандардын азуусунан куткар.
Мен Сени чоњ жыйында дањктайм, љтљ кљп элдин ортосунда дањазалайм.
Мага себепсиз кас болуп жєргљндљр мени табалап карап турушпасын, мени айыпсыз жек кљргљндљр табалап, бири-бирине кљз кысышпасын.
Анткени алар тынчтык жљнєндљ сєйлљшєп жатышкан жок, тескерисинче, жерде тынч жашагандарга жамандык кылууну ойлонуштуруп жатышат.
Мени карап алып: «Ии-и! Ии-и! Љз кљзєбєз менен кљрєп жатабыз!» – деп табалап жатышат.
Сен муну кљрдєњ, Тењир, унчукпай койбо. Менден алыстаба, Тењир.
Кудайым, Тењирим, ордуњан тур, мени актоо єчєн, мени коргоо єчєн ойгон!
Мени Љзєњдєн акыйкаттыгыњ менен акта, Тењирим, Кудайым, алар мени табалашпасын.
Љз ичтеринен: «Ырас болду! Табабыз канды!» – дешпесин. «Биз аны жуттук», – дешпесин.
Башыма кыйынчылык тєшкљнєнљ табасы канып кубангандар уятка калышсын, шылдыњ болушсун. Мага менменсингендердин абийири тљгєлсєн, уят болушсун.
Менин акталышымды каалагандар кубанып, салтанат куруп, тынбай: «Љз кулуна тынчтык каалаган Тењир дањазалансын!» – дешсин.
Менин тилим Сенин чындыгыњды жар салып, ар кєнє Сени дањазалайт.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible