Скрыть
7:1
7:6
7:7
7:8
7:9
7:10
7:11
7:12
7:13
7:14
7:15
7:16
7:17
7:18
7:19
7:20
7:21
7:22
7:24
7:26
Уулум! Менин сљздљрємдє сакта, осуяттарымды катып ал.
Менин осуяттарымды сакта жана жаша, менин акыл-насааттарымды кљзєњдєн карегиндей сакта.
Аларды колуња байлап ал, жєрљгєњдєн лоокторуна жазып ал.
Акылмандыкка: «Сен менин карындашымсыњ», – де, акылга: «Сен менин бир тууганымсыњ», – де.
Булар сени башка бирљљнєн аялынан, жылуу сєйлљгљн бљтљн аялдан сактайт.
Бир кєнє мен єйємдєн терезесинен, тордон карап турдум.
Ошондо тажрыйбасыз жаштар арасынан акылсыз жаш уланды кљрєп калдым.
Ал бузулган аял турган бурчтун жанындагы аянттан љтєп, ошол аялдын єйєнљ барчу жолдо бара жатты.
Ал убак кєн батып, кєєгєм кирип, карањгы боло баштаган убак эле.
Мына ошондо анын алдынан бузулган аялдын кийимин кийген, амалкљй,
чуулгандуу, жєгљнсєз бир аял чыкты, ал єйєндљ турбайт.
Ал бирде кљчљдљ, бирде аянтта, ар кайсы бурчта туруп алып, тузак тартат.
Ал жаш уланды кармап алып љљп, уялбастан ага мындай деди:
«Мен тынчтык курмандыгын чалдым, берген убадаларымды бєгєн аткардым.
Ошондуктан сени тосуп чыктым, сени издеп чыгып таап алдым.
Килемдерди, Мисирдин тєркєн тєстєє кездемелерин тљшљп, тљшљк салдым.
Уктоочу бљлмљмдє смирна, алой жана корица менен ањкытып койдум.
Yйгљ кир, тањ атканча эркелешип, сєйєєгљ ыракаттанабыз.
Анткени кєйљљм єйдљ жок, ал узак сапарга кеткен.
Кємєшкљ толгон капчыгын ала кеткен, єйгљ ай толгон кєнє келет».
Ал жаш уланды кљптљгљн жылуу сљздљр менен азгырып, жылуу жумшак сєйлљп, бийлеп алды.
Ошол замат жаш улан союларын билбеген љгєздљй болуп, боорун жебе тешип кетерин, атыларын билбеген бугудай болуп, аялдын артынан жљнљдє.
Ал куштай болуп, торго жулунат, тор анын љлємє єчєн жайылганын билбейт.
Ошентип, балдарым, мага кулак салгыла, менин сљздљрємљ кљњєл бургула.
Жєрљгєњ ал аялдын жолуна бурулбасын, анын жолуна тєшєп адашпагын.
Анткени ал аял далайларды жарадар кылып кулаткан, кљптљгљн кєчтєє адамдар ал аялдын колунан љлєшкљн.
Анын єйє – љлємдєн ички бљлмљлљрєнљ тєшєрљ турган, љлгљндљр жаткан жайга алып барчу жол.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible