Скрыть
18:1
18:2
18:3
18:6
18:8
18:9
18:10
18:15
18:16
18:18
18:19
18:20
Љз дегенин бербеген адам љз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат.
Акылсыз адам билимди сєйбљйт, бирок ал љзєнєкєн гана айткысы келет.
Мыйзамсыздын келиши менен жек кљрєє кошо келет, ал эми кордук менен кошо шылдыњ келет.
Адамдын оозунан чыккан сљз – терењ суу. Акылмандыктын башаты – кайнар булак.
Адил адамды сотто айыпка жыгыш єчєн, мыйзамсыз адамга бет карамалык кылган жакшы эмес.
Акылсыздын тили чатак чыгарат, айткан сљзє єчєн таяк жейт.
Акылсыздын тили – љзєнљ љлєм, оозу – жаны єчєн жайылган тор.
Ушакчынын сљздљрє таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.
Љз ишине кош кљњєл болгон адам – ысырапчыл адамдын тууганы.
Тењирдин ысымы – бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот.
Байдын мал-мєлкє – анын бекем шаары, ал ага бийик чеп болуп сезилет.
Жыгылардын алдында адамдын жєрљгє текеберденет, ал эми моюн сунгандык атак-дањкка жеткирет.
Аягына чейин укпай туруп жооп берген адам акылсыз, ал уятка калат.
Адамдын руху адамдын алсыздыгын кљтљрљт, ал эми жараланган рухту ким сакайта алат?
Акылдуу адамдын жєрљгє билимге жетет, акылдуу адамдардын кулагы билимди издейт.
Берилген белек адамдын жолун ачып, аны тљрљлљргљ чейин жеткирет.
Атаандашы келип изилдегиче биринчи келгендин кеби жєйљљлєєдљй туюлат.
Љкчљмљ таш талаш-тартышты токтотуп, кєчтєєлљрдєн ортосундагы талаш-тартышты чечет.
Каарданган бир тууган кире алгыс чептєє шаардан да бекем. Чыр-чатак сепилдин кулпуларына окшош.
Адамдын ичи љз тилинин жемишине толот, ал љз оозунун чыгармасына тоёт.
Љлєм менен љмєр тилдин бийлигинде, аны сєйгљндљр анын жемишинен татышат.
Жакшы аял тапканы – ырыс тапканы, Тењирден ырайым кљргљнє.
Жакыр жалбарып сєйлљйт, бай орой жооп берет.
Дос кєткєсє келген адам досторчо мамиле кылышы керек. Бир тууганыњдан да жакын дос болот.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible