Скрыть
1:1
1:5
1:11
1:13
1:19
1:20
1:25
1:26
1:27
1:28
1:30
1:31
1:33
1:35
1:36
1:37
1:39
1:41
1:42
1:43
1:45
Кудайдын Уулу Ыйса Машайактын Жакшы Кабарынын башталышы.
Пайгамбарлардын китептеринде: «Мына, Мен Сенден мурун Љзємдєн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт»;
«Тењирге жол даярдагыла. Ал єчєн жолдорду тєздљгєлљ деп, ээн талаада жар салган єн угулат», – деп жазылгандай,
чљмєлдєрєєчє Жакан келип, ээн талаада сууга чљмєлдєрєп, мындай деп жар салды: «Кєнљљњљр кечирилиши єчєн, тобо кылгыла, сууга чљмєлдєрєлгєлљ».
Бєт Жєйєт эли жана бардык иерусалимдиктер ага келип, кєнљљлљрєн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясына чљмєлдєрєп жатты.
Жакан тљљнєн жєнєнљн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жєрчє. Ал чегиртке менен жапайы бал жечє.
Жакан элге мындай деп жар салды: «Менин артымдан менден Кєчтєє келе жатат. Мен эњкейип, Анын бут кийиминин боосун чечєєгљ да татыксызмын.
Мен силерди сууга чљмєлдєрдєм, Ал болсо Ыйык Рухка чљмєлдєрљт».
Ошол кєндљрдљ Галилеянын Назарет шаарынан Ыйса келип, Жакан тарабынан Иордан суусуна чљмєлдєрєлдє.
Ал суудан чыкканда, (Жакан) ачылган асманды жана Рухтун кљгєчкљн сыяктуу Ага тєшєп келе жатканын кљрдє.
Ошондо асмандан «Сен Менин сєйєктєє Уулумсуњ. Мен Сага ыраазымын» деген єн угулду.
Ошол замат Рух Аны чљлгљ алып барды.
Ыйса чљлдљ кырк кєн болуп, шайтан тарабынан сыналды. Ал жырткычтар менен бирге болду. Периштелер Ага кызмат кылышты.
Жакан камакка алынгандан кийин, Ыйса Галилеяга келип, Кудайдын Падышачылыгы жљнєндљ жар салып:
«Убакыт келди, Кудайдын Падышачылыгы жакындап калды. Тобо кылгыла, Жакшы Кабарга ишенгиле», – деди.
Ыйса Галилея кљлєнєн жээги менен бара жатып, кљлгљ тор салып жаткан Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди кљрдє. Алар балыкчылар эле.
Ошондо Ыйса аларга: «Менин артымдан ээрчигиле, Мен силерди адам кармоочу кылам», – деди.
Алар ошол замат торлорун таштап, Анын артынан ээрчип жљнљштє.
Бир аз нары баскандан кийин, Ал Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды кљрдє. Алар кайыктын ичинде тор оњдоп отурушкан эле.
Ошол замат Ыйса аларды чакырды. Ошондо алар атасы Зебедейди жумушчулары менен кайыкка калтырып, Ыйсанын артынан ээрчип жљнљштє.
Алар Капернаумга келишти. Ыйса ишемби кєнє синагогага кирип, элди окутту.
Эл Анын окутуусуна тањ калды. Анткени Ыйса аларды мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.
Алардын синагогасында жин оорулуу бир адам бар эле. Ал ошол замат:
«Эй, назареттик Ыйса! Бизде эмне ишињ бар? Сен бизди жок кылганы келдињби? Сенин ким экенињди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысыњ!» – деп кыйкырды.
Бирок Ыйса жинге: «Єнєњдє бас да, анын ичинен чыгып кет!» – деп тыюу салды.
Ошондо жин ал адамды калтыратып жана катуу кыйкыртып, анын ичинен чыгып кетти.
Бардыгынын єрљйлљрє учуп, бири-бирине: «Бул эмнеси? Бул эмне деген жањы окутуу?! Ал жиндерге бийлик менен буйрук берип жатат, алар болсо Ага баш ийип жатышат», – дешти.
Ал жљнєндљгє кабар Галилеянын туш тарабына тез эле тарап кетти.
Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Жакыпты, Жаканды ээрчитип, тєз эле Шымон менен Андрейдин єйєнљ келди.
Шымондун кайненеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан. Ыйсага дароо ал жљнєндљ айтышты.
Ошондо Ыйса оорулуунун жанына келип, колунан кармап тургузду. Аял ысытма оорусунан ошол замат айыгып, аларга кызмат кыла баштады.
Кєн батып, кеч киргенде, Ага бардык оорулууларды жана жин оорулууларды алып келишти.
Шаардын бардык эли эшиктин алдына чогулду.
Ыйса ар кандай оорудан азап чеккен кљптљгљн адамдарды айыктырды, кљптљгљн адамдардын ичинен жиндерди кууп чыгарды, алардын сєйлљшєнљ жол берген жок. Анткени жиндер Анын Машайак экендигин билишчє.
Эртеси Ыйса тањ ата электе туруп, єйдљн чыгып, ээн жерге барып сыйынды.
Шымон жана анын жанындагылар Ыйсаны издеп жљнљштє.
Аны табышканда: «Бардыгы Сени издеп жатышат!» – дешти.
Ыйса аларга: «Жакын жердеги башка кыштактарга, шаарларга баралы. Мен ошол жерлерде да Жакшы Кабар айтышым керек. Анткени Мен ошон єчєн келгем», – деди.
Ошентип, Ал бєткєл Галилеяны аралап, алардын синагогаларында элди окутуп, жин оорулуу адамдардан жиндерди кууп чыгарып жєрдє.
Ыйсага пес оорулуу бир адам келип, тизелеп жыгылды да: «Эгерде Сен кааласањ, мени таза кыла аласыњ», – деп жалынды.
Ыйса боор ооруп, ага колун тийгизди да: «Каалайм, таза бол!» – деди.
Ошол замат ал пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.
Ыйса болсо ага: «Эч кимге эч нерсе айтпагын!» – деп, катуу эскертти да:
«Барып, ыйык кызмат кылуучуга кљрєн, тазаланууњ єчєн, Муса буйруган курмандыкты чал. Бул аларга кєбљлљндєрєє болсун», – деп, кетирип жиберди.
Ал болсо ал жерден кетти да, болгон окуяны элге жая баштады. Ошондуктан Ыйса шаарга ачык кире албай, шаардын сыртындагы ээн жерлерде болду. Ошондо да Ага бардык жерден эл келип жатты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible