Скрыть
3:3
Ошондо мен мындай дедим: «Жакыптын башчылары, Ысрайылдын тљрљлљрє, уккула! Чындыкты силер билишињер керек эмеспи?
Силер болсо жакшы нерсени жек кљрєп, жаман нерсени жакшы кљрєп жатасыњар. Алардын терисин сыйрып жатасыњар, этин сљљктљрєнљн ажыратып жатасыњар,
Менин элимдин этин жеп, терисин сыйрып жатасыњар, ал эми сљљктљрєн карапага сала тургансып сындырып, этин казанга сала тургансып бљлєп жатасыњар».
Ошондо алар Тењирди чакырышат, бирок Тењир аларды укпайт, ошол убакта алардан Љз жєзєн жашырат, анткени алар кыянат иштерди кылып жатышат.
Менин элимди адаштырган, тиштери менен кемирген, «Тынчтык!» деп кыйкырган, ал эми љздљрєнєн оозуна эч нерсе салбагандарга согуш жарыя кылган пайгамбарларга каршы Тењир мындай дейт:
«Ошон єчєн кљрєнєштєн ордуна силерге тєн болот, пайгамбарчылыктардын ордуна карањгылык болот. Пайгамбарлардын єстєнљн кєн батат, алардын єстєнљн кєн карањгылайт.
Кљрљгљчтљр уятка калышат, тљлгљчєлљр шылдыњ болушат. Алардын бардыгы ооздорун жабышат, анткени Кудайдан жооп болбойт».
Мен болсо Жакыпка љзєнєн кылмышын, Ысрайылга љзєнєн кєнљљсєн айтыш єчєн, Тењирдин Рухунун кєчєнљ, адилеттєєлєккљ жана кайраттуулукка толдум.
-10 Акыйкаттыктан жийиркенген, тєз нерсенин баарын кыйшык кылган, Сионду кан менен, Иерусалимди адилетсиздик менен курган Жакыптын башчылары, Ысрайылдын тљрљлљрє, муну уккула!
Анын башчылары пара алып сот жєргєзєп жатышат, ыйык кызмат кылуучулары акы алып окутуп жатышат, пайгамбарлары акча алып пайгамбарчылык кылып жатышат, бирок ошол эле учурда алар: «Тењир биздин арабызда эмеспи? Биздин башыбызга алаамат тєшпљйт!» – деп, Тењирге таянып жатышат.
Ошондуктан силердин айыњардан Сион айдоо талаасындай болуп айдалат, Иерусалим єйєлгљн урандыга айланат, ал эми бул єй турган тоо токойлуу адырга айланат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible