Скрыть
8:1
8:2
8:3
8:4
8:6
8:7
8:8
8:9
8:10
8:11
8:13
8:14
8:15
8:16
8:19
8:20
8:22
8:24
8:25
8:26
8:27
8:29
8:30
8:31
8:33
8:36
8:37
8:38
8:40
8:41
8:42
8:43
8:45
8:46
8:48
8:49
8:50
8:51
8:52
8:53
8:55
8:57
8:58
8:59
Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти.
Эртењ менен кайра ийбадатканага келди. Бєт эл Анын жанына чогулду. Ыйса отуруп алып, аларды окутту.
Ошол учурда мыйзам окутуучулар менен фарисейлер ойноштук кылып кармалган бир аялды Ыйсага алып келип, ортого тургузушту да, мындай дешти:
«Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды!
Тооратта Муса бизге мындайларды таш барањга алууну осуят кылган. Ал эми Сен эмне дейсињ?»
Ыйсаны айыптоого шылтоо табыш єчєн, муну алар сынап сурашты. Бирок Ыйса аларга кљњєл бљлбљстљн, эњкейип, жерге сљљмљйє менен бир нерсени жаза баштады.
Алар кайра-кайра сурай беришкендиктен, башын кљтљрєп: «Арањарда ким кєнљљсєз болсо, ошол адам аялга биринчи болуп таш ыргытсын», – деди да,
кайра эњкейип, жазганын улантты.
Муну укканда, аларды абийири ашкерелеп, адегенде башчылары, андан кийин калгандары, биринин артынан бири кете башташты. Ыйсанын жанында ортодо турган аял гана калды.
Ошондо Ыйса башын кљтљрєп, аялдан башка эч ким жок экенин кљрдє да: «Аял, сени айыптагандар кайда? Эч ким сени айыптаган жокпу?» – деди.
Аял Ага: «Эч ким, Тењир», – деп жооп берди. «Мен да сени айыптабайм. Бара бер, мындан ары кєнљљ кылба», – деди Ыйса.
Ыйса аларга дагы мындай деп сєйлљдє: «Мен дєйнљнєн жарыгымын. Мени ээрчиген адам карањгыда жєрбљй, љмєр жарыгына ээ болот».
Ошондо фарисейлер Ага: «Сен Љзєњ жљнєндљ Љзєњ кєбљлљндєрєп жатасыњ. Сенин кєбљлљндєрєєњ чындык эмес», – дешти.
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Љзєм жљнєндљ Љзєм кєбљлљндєрєп жатсам да, Менин кєбљлљндєрєєм чындык. Анткени Мен Љзємдєн кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди, кайда барарымды билбейсињер.
Силер сырткы кљрєнєшє боюнча соттойсуњар. Мен болсо эч кимди соттобойм.
Мен соттосом да, Менин сотум туура. Анткени Мен жалгыз эмесмин, Мени жиберген Атам менен биргемин.
Силердин мыйзамыњарда да: “Эки адамдын кєбљлљндєрєєсє чындык”, – деп жазылып турат.
Љзєм жљнєндљ Љзєм кєбљлљндєрљм, Мен жљнєндљ Мени жиберген Атам да кєбљлљндєрљт».
Ошондо алар Андан: «Сенин Атањ кайда?» – деп сурашты. Ыйса: «Силер Мени да, Атамды да билбейсињер. Эгерде Мени билсењер, анда Менин Атамды да билмексињер», – деп жооп берди.
Ыйса бул сљздљрдє ийбадатканада окутуп жатканда, курмандыктар салына турган кутунун жанында туруп сєйлљдє. Бирок Аны эч ким кармап кеткен жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.
Ыйса аларга дагы: «Мен кетем, Мени издейсињер, кєнљљкљр бойдон љлљсєњљр. Мен барган жерге силер бара албайсыњар», – деди.
Ошондо жєйєттљр: «“Мен барган жерге силер бара албайсыњар”, – дейт, эмне, Ал Љзєн Љзє љлтєрљбє?» – дешти.
Ыйса аларга: «Силер тљмљн жактансыњар, Мен жогору жактанмын. Силер бул дєйнљдљнсєњљр, Мен бул дєйнљдљн эмесмин.
Ошондуктан Мен силерге кєнљљкљр бойдон љлљсєњљр дедим. Бул Мен экениме ишенбесењер, кєнљљкљр бойдон љлљсєњљр», – деди.
Ошондо алар Андан: «Сен кимсињ?» – деп сурашты. Ыйса аларга: «Силерге башынан бери эле айтып келе жатканымдай, Мен Ошолмун.
Силер жљнєндљ айтып, айыптай турган себептерим кљп. Бирок Мени Жиберген – чындык. Мен дєйнљгљ Андан укканымды айтып жатам», – деп жооп берди.
Алар Ыйсанын Атасы жљнєндљ айтып жатканын тєшєнєшкљн жок.
Ошондуктан Ыйса мындай деди: «Адам Уулун жогору кљтљргљнєњљрдљ, Менин ким экендигимди, Љз атымдан эч нерсе кылбастыгымды, Атам кандай єйрљтсљ, ошондой сєйлљй тургандыгымды билесињер.
Мени Жиберген Мени менен бирге, Атам Мени жалгыз калтырган жок. Анткени Мен ар дайым Ага жакканды кылам».
Ушул сљздљрдє айтканда, Ага кљптљр ишенип калышты.
Ыйса Љзєнљ ишенип калган жєйєттљргљ мындай деди: «Эгерде Менин сљзєм боюнча жашасањар, анда Менин чыныгы шакирттеримсињер.
Ошондо чындыкты билип каласыњар жана чындык силерди эркин кылат».
Алар Ага: «Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирљљгљ кул болгон эмеспиз, “эркин болосуњар” дегенињ кандай?» – дешти.
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, кєнљљ кылган адам – кєнљљнєн кулу.
Бирок кул єйдљ тєбљлєккљ калбайт, уул калат.
Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуњар.
Ыбрайымдын урпактары экенињерди билем. Ошондой болсо да Мени љлтєргєњљр келет, анткени Менин сљзємљ жєрљгєњљрдљ орун жок.
Атамдан эмнени кљрсљм, Мен ошону айтып жатам. Силер болсо атањардан эмнени кљрсљњљр, ошону кылып жатасыњар».
Ошондо алар ага: «Биздин атабыз – Ыбрайым», – деп жооп беришти. Ыйса аларга: «Эгерде силер Ыбрайымдын уулдары болсоњор, анда Ыбрайым кылгандай иштерди кылат элењер.
Бирок азыр Мени – Кудайдан уккан чындыкты силерге айткан Адамды љлтєргєњљр келет. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес.
Силер љз атањардын кылганын кылып жатасыњар», – деди. Ошондо алар Ага: «Биз ойноштон туулган эмеспиз. Биздин бир эле Атабыз бар, Ал – Кудай», – дешти.
Ыйса аларга мындай деди: «Эгерде Атањар Кудай болсо, анда Мени жакшы кљрмљксєњљр. Анткени Мен Кудайдан келдим. Љз атымдан келген жокмун, Мени Ал жиберди.
Менин сљздљрємдє эмнеге тєшєнбљйсєњљр? Анткени Менин сљздљрємдє уга албайсыњар.
Силердин атањар – шайтан, силер ошонун кумарлуу иштерин аткаргыњар келет. Ал башынан эле киши љлтєргєч болчу, чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок. Жалган айтуу – анын табияты. Анткени ал – жалганчы жана жалгандын атасы.
Бирок Мен чындыкты айткандыктан, силер Мага ишенбей жатасыњар.
“Кєнљљњ бар”, – деп, Мени кимињер айыптай аласыњар? Эгерде Мен чындыкты айтып жатсам, анда эмне єчєн Мага ишенбейсињер?
Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сљздљрєн угат. Силер Кудайдан эмессињер, ошондуктан укпайсыњар».
Буга жєйєттљр: «“Самариялыксыњ, Сенин ичињде жин бар”, – деп, туура айткан экенбиз!» – деп жооп беришти.
Ыйса аларга: «Менин ичимде жин жок. Мен Атамды урматтайм, силер болсо Мени кордоп жатасыњар.
Дегинкиси, Мен Љзємљ дањк издебейм, бирок издей турган жана соттой турган Бирљљ бар.
Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сљзємдє аткарган адам эч качан љлбљйт», – деди.
Ошондо жєйєттљр Ага мындай дешти: «Ичињде жин бар экенине чындап кљзєбєз жетти. Ыбрайым љлгљн, пайгамбарлар да љлєшкљн. Сен болсо: “Менин сљзємдє аткарган адам эч качан љлбљйт”, – дейсињ!
Сен, эмне, атабыз Ыбрайымдан да чоњсуњбу? Ал љлгљн, пайгамбарлар да љлєшкљн. Сен Љзєњдє ким деп эсептеп жатасыњ?»
Ыйса мындай деп жооп берди: «Эгерде Мен Љзємдє Љзєм дањктап жатсам, анда Менин дањкым эч нерсеге турбайт. Мени Атам дањктайт, силер Аны “биздин Кудайыбыз” дейсињер.
Силер Аны билбейсињер, Мен болсо билем. Эгерде билбейм десем, анда силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен Аны билем жана Анын сљздљрєн сактайм.
Атањар Ыбрайым Менин кєнємдє кљрљм деп кубанган жана кљрєп кубанды».
Ошондо жєйєттљр Ага: «Љзєњ элєє жашка чыга элексињ, анан Ыбрайымды кљрдєњбє?» – дешти.
Ыйса аларга: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», – деди.
Ошондо алар Ыйсаны уруш єчєн, жерден таш алышты. Бирок Ал жашырынып, ийбадатканадан чыгып кетти. Аларды аралап љтєп, кетип калды.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible