Скрыть
18:2
18:4
18:5
18:6
18:7
18:8
18:11
18:12
18:15
18:16
18:18
18:19
18:20
18:21
18:22
18:23
18:25
18:26
18:27
18:29
18:30
18:31
18:34
18:35
18:38
Ыйса ушул сљздљрдє айткандан кийин, шакирттери менен ал жерден чыгып, Кидрон суусунун наркы љйєзєнљ љттє. Ал жерде бир бак бар эле. Ыйса шакирттери менен ошол бакка кирди.
Ыйса ал жерде шакирттери менен тез-тез чогулуп тургандыктан, Ага чыккынчылык кылган Жєйєт да ал жерди билчє.
Ал бир топ аскерди жана башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлердин кызматчыларын ээрчитип келип калды. Алардын колунда шамана, чырак жана курал бар эле.
Љзєн эмне кєтєп турганын толук билген Ыйса алардан: «Кимди издеп жєрљсєњљр?» – деп сурады.
Алар Ага: «Назареттик Ыйсаны!» – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Менмин», – деди. Чыккынчы Жєйєт да алар менен турган эле.
Ыйса аларга: «Менмин», – дегенде, алар артка кетенчиктеп, жерге жыгылышты.
Ыйса алардан дагы бир жолу: «Кимди издеп жєрљсєњљр?» – деп сурады. «Назареттик Ыйсаны», – деп жооп беришти алар.
Ыйса аларга: «“Менмин”, – деп, Мен силерге айттым. Эгерде Мени издеп жєрсљњљр, буларды коё бергиле, кете беришсин», – деди.
Анын «Мага бергендерињдин эч кимиси љлгљн жок» деген сљзє аткарылышы єчєн ушундай болду.
Ошондо Шымон Петир кылычын кынынан сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун оњ кулагын шылый чапты. Кулдун аты Малкос эле.
Бирок Ыйса Петирге: «Кылычыњды кынына сал! Атам берген чљйчљктљн ичпей коймок белем?» – деди.
Мињ башы менен аскерлер жана жєйєт башчыларынын кызматчылары Ыйсаны кармап алып, байлашты да,
адегенде Анаска алып барышты. Ал ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турган Кайапанын кайнатасы эле.
«Эл єчєн бир адамдын љлгљнє жакшы», – деп, жєйєт башчыларына кењеш берген ошол Кайапа эле.
Шымон Петир менен дагы бир шакирт Ыйсанын артынан бара жатышты. Ал шакирт башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгондуктан, анын короосуна Ыйса менен бирге кирди.
Петир болсо дарбазанын сыртында калды. Башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгон жанагы шакирт сыртка чыгып, дарбазачы кєњ менен сєйлљшєп, Петирди да киргизди.
Дарбазачы кєњ Петирден: «Сен да Ушул Адамдын шакирттеринен эмессињби?» – деп сурады. Петир ага: «Жок», – деп жооп берди.
Кєн суук болгондуктан, кулдар менен кызматчылар от жагып алып, отту тегеректеп жылынып турушту. Петир да алардын жанында жылынып турду.
Башкы ыйык кызмат кылуучу болсо Ыйсадан шакирттери жана окутуусу жљнєндљ сурады.
Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Мен жєйєттљр ар дайым чогулган жерде, синагогаларда жана ийбадатканада элди окутуп жєрдєм. Элге ачык сєйлљдєм, жашыруун сєйлљгљн жокмун.
Эмне єчєн Менден сурап жатасыњ? Менин эмне жљнєндљ сєйлљп жєргљнємдє уккандардан сура. Алар Менин эмне жљнєндљ сєйлљгљнємдє билишет».
Ыйса ушинтип айтканда, ошол жерде турган кызматчылардын бири Аны жаакка чаап жиберди да: «Башкы ыйык кызмат кылуучуга да ушинтип жооп бересињби?» – деди.
Ошондо Ыйса ага: «Эгерде туура эмес айтсам, туура эмес экенин кљрсљт. Эгерде айтканым туура болсо, Мени эмнеге уруп жатасыњ?» – деди.
Ушундан кийин Анас Ыйсаны байлануу бойдон башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапага жиберди.
Шымон Петир болсо дагы эле отко жылынып турган. Ошол учурда андан: «Сен да Анын шакирттеринен эмессињби?» – деп сурашты. Ал болсо: «Жок», – деп танып койду.
Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучунун кулдарынын бири, Петир кулагын шылый чапкан кулдун тууганы: «Мен сени бактан, Анын жанынан кљргљндљй болуп жатам», – деди.
Петир дагы танып койду. Ошол учурда короз кыйкырды.
Эртеси тањ заардан жєйєт башчылары Ыйсаны Кайапаныкынан Пилаттын ак сарайына алып келишти, бирок љздљрє киришкен жок. Анткени алар таза эмес болуп эсептелип, Пасах тамагын жей албай калышмак.
Пилат чыгып, алардан: «Бул Адамга кандай айып коюп жатасыњар?» – деп сурады.
«Эгерде жамандык кылбаса, Аны сенин алдыња алып келмек эмеспиз», – деп жооп беришти алар.
Ошондо Пилат аларга: «Аны алып кеткиле да, љз мыйзамыњар боюнча соттой бергиле», – деди. Жєйєт башчылары ага: «Бирљљнє љлєм жазасына тартууга бизге тыюу салынган», – дешти.
Љзєнєн кандай љлєм менен љлљрєн алдын ала айткан Ыйсанын сљзє аткарылышы єчєн ушундай болду.
Пилат ак сарайга кайра кирип, Ыйсаны чакыртып алды да: «Сен жєйєттљрдєн Падышасысыњбы?» – деп сурады.
Ыйса ага: «Муну сен љзєњ айтып жатасыњбы же Мен жљнєндљ сага бирљљ айттыбы?» – деди.
Пилат ага: «Мен, эмне, жєйєт белем! Сени мага Љз элињ жана башкы ыйык кызмат кылуучулар алып келишти. Эмне кылдыњ эле?» – деди.
Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин Падышачылыгым бул дєйнљдљн эмес. Эгерде Менин Падышачылыгым бул дєйнљдљн болсо, анда кызматчыларым Мени жєйєттљрдєн колуна тєшєрбљљ єчєн кєрљшєшмљк. Менин Падышачылыгым бул дєйнљдљн эмес».
Ошондо Пилат Ага: «Демек, Сен Падыша экенсињ да?» – деди. Ыйса ага: «Љзєњ айтып жатасыњ. Мен Падышамын. Мен чындык жљнєндљ кєбљлљндєрєє єчєн тљрљлгљм жана ошол єчєн бул дєйнљгљ келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин єнємдє угат», – деди.
Пилат Андан: «Чындык деген эмне?» – деп сурады да, кайра чыгып, элге мындай деди: «Мен Андан эч кандай айып тапкан жокмун.
Силердин салтыњар боюнча Пасах майрамы сайын бир туткунду бошотуп берчє эмес белем. Каалайсыњарбы, мен силерге жєйєт Падышасын бошотуп берейин?»
Ошондо алар: «Аны эмес, Бараббаны!» – деп кыйкырышты. Барабба болсо кылмышкер эле.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible