Скрыть
48:3
48:4
48:6
48:8
48:9
48:10
48:12
48:14
48:15
48:16
48:17
48:19
48:21
48:22
48:23
48:26
48:28
48:30
48:31
48:35
48:39
48:42
Маап тууралуу Ысрайылдын Кудайы, Себайот Тењир, мындай дейт: «Небого кайгы! Ал ээн калды! Кирийатайим маскара болду, каратып алынды. Мизгаб маскара болду, талкаланды.
Мындан ары Мааптын дањкы чыкпайт. Кешпондо ага каршы: “Жєргєлљ, аны элдер арасынан жок кылалы”, – деп, жамандык ойлоп жатышат. Мадмейна, сен да љлљсєњ, сени кылыч ээрчип жєрљт».
Хоронайымдан љкєрєк угулуп жатат, талкалануу жана улуу кыйроо болуп жатат.
Маап талкаланды, анын балдары љкєрєп жатат.
Лухитке чыгып бараткан жерде ый артынан ый чыгып жатат, Хоронайымдан тєшєп бара жаткан жерде душман кыйрагандардын ыйын угуп жатат.
Качкыла, љз љмєрєњљрдє сактагыла, чљлдљгє жылањач сљксљљлдљй болгула.
Анткени сен љз иштериње, байлыгыња ємєттљндєњ. Ошон єчєн сен да алынасыњ, Кемош да љзєнєн ыйык кызмат кылуучулары жана тљрљлљрє менен туткунга кетет.
Кыйратуучу ар бир шаарга келет, бир да шаар аман калбайт. Тењир айткандай, љрљљн кыйрайт, тєздєк ээн калат.
Маапка канат бергиле, ал учуп кетсин. Анын шаарлары чљлгљ айланат, анткени ал шаарларда жашаганга эч ким калбайт.
Тењирдин ишин кљњєл коштук менен кылган адамга каргыш! Анын кылычын кан тљгєєдљн кармаган адамга каргыш!
Маап жаш чагынан бейкапар жашап, љзєнєн ачыткысынын єстєндљ отурат, идиштен идишке куюлган жок, туткундалып кеткен жок. Ошондуктан ал љз даамын сактап калды, жытын жоготкон жок.
«Ошондуктан мына, кєндљр келе жатат, – дейт Тењир, – ошол кєндљрє Мен ага куюштуруучуларды жиберем, алар аны куюштурушат, анын идиштерин бошотушат, анын кумураларын талкалашат.
Ошондо Ысрайыл љз ємєтє Бейтел єчєн кандай уят болсо, Маап Кемош єчєн ошондой уят болот.
Силер: “Биз согушта эр жєрљк, каарман адамдарбыз”, – деп кантип айтып жатасыњар?
Маап ээн калды, анын шаарлары љрттљнєп жатат, анын тандалган жаш уландары союлууга кетти, – дейт ысымы Себайот Тењир болгон Падыша.
Маап жакында кыйрайт, аны жакында алаамат каптайт.
Анын кошуналары, аны жоктоп ыйлагыла, анын ысымын билгендердин бардыгы: “Кєч-кубат таягы, дањк таягы кандай талкаланды!” – дегиле.
Дибондо жашоочу кыз, дањк бийиктигинен тєшєп, суусуз жерде отур, анткени сага Мааптын кыйратуучусу келип, чептерињди талкалайт.
Аройердин кыз тургуну, жолдун боюна туруп алып кара, качып бара жаткандан жана аман калгандан: “Эмне болуп кетти?” – деп сура.
Маап уят болду, анткени ал ээн калды. Боздоп ыйлагыла, љкєргєлљ, Маап талкаланды деп, Арнондо жар салгыла.
Ошентип, тєздєктљгє љлкљлљргљ жаза келди, Холонго да, Жааска да, Мейпаатка да,
Дибонго да, Небого да, Бейт-Дыблатайымга да,
Кирийатайимге да, Бейт-Гамулга да, Бейт-Мейонго да,
Кериотко да, Ботсырага да, Маап жериндеги алыскы жана жакынкы шаарлардын бардыгына жаза келди.
Мааптын мєйєзє кесилди, анын каруу-булчуњу талкаланды», – дейт Тењир.
Аны мас болгуча ичиргиле, анткени ал Тењирге каршы кљтљрєлдє. Маап љзєнєн кусундусунда оонасын, љзє шылдыњ болсун.
Сен Ысрайылды шылдыњ кылган жок белењ? Ал тууралуу айткан сайын башыњды чайкагыдай, ал эмне, уурулардын арасынан кармалды беле?
Шаарларыњарды таштап, аска-зоолордо жашагыла, Мааптын тургундары. Yњкєрдєн оозуна уя салган кљгєчкљндљрдљй болгула.
Биз Мааптын текеберлиги, чегинен чыккан текеберлиги жљнєндљ, менменсингендиги, тењсинбегендиги, мактанчаактыгы, жєрљгєнєн кљтљрєлгљндєгє жљнєндљ укканбыз.
«Мен анын менменсингендигин билем, – дейт Тењир, – бирок анысы негизсиз. Анын сљздљрє курулай: айтканын аткарбайт».
Ошондуктан Маап єчєн боздоп ыйлайм, бєт Маап єчєн љкєрљм. Кир-Херестин тургундары єчєн єшкєрєшљт.
Сыбманын жєзємдєгє, сен єчєн Жазерди жоктоп ыйлагандай ыйлайм. Сенин бутактарыњ дењиздин аркы бетине чейин жайылып турчу, Жазер кљлєнљ чейин жетчє. Кыйратуучу сенин жайкы мљмљлљрєњљ жана бышкан жєзємєњљ кол салды.
«Кармелден жана Маап жеринен кубаныч менен шаттык тартылып алынды. Мен жєзєм сыгылуучу жайларда жєзєм тебелљљнє токтотом. Мындан ары аларда ыр ырдап жєзєм тебелешпейт, мындан ары кубанычтын кыйкырыгы эмес, согуштун кыйкырыгы угулат.
Кешпондон Элалейге жана Жааска чейин жеткен кыйкырыктан улам алар Соардан тартып Хоронайымга жана єчєнчє Эглатка чейин кыйкырышат, анткени Нимримдин суулары да какшыйт.
Мааптан, – дейт Тењир, – бутканаларда курмандык чалгандарды, љздљрєнєн кудайларына жыпар жыттуу зат тєтљткљндљрдє жок кылам».
Ошондуктан менин жєрљгєм Маап єчєн чоордой сыздап жатат. Кир-Херестин тургундары єчєн жєрљгєм чоордой сыздап жатат, анткени алардын тапкан байлыктары жок болду.
Ар биринин башындагы чачы жулунган, ар биринин сакалы алынган. Ар биринин колдорунда тырмактын изи, ар биринин белинде зумбал.
«Мааптын бардык єйлљрєнєн єстєндљ жана бардык кљчљлљрєндљ ый, анткени Мен Маапты керектен чыккан идиштей кылып талкаладым», – дейт Тењир.
«Ал кандай талкаланды, – деп, боздоп ыйлашат. – Маап артка качып, кандай уятка калды!» Маап љзєнєн айланасындагылардын бардыгына шылдыњ болот жана аны кљргљн элдин єрљйє учат.
Анткени Тењир мындай дейт: «Мына, ал бєркєткљ окшоп учуп келип, Мааптын єстєнљ канатын жаят.
Шаарлар каратылып алынат, сепилдер каратылып алынат, ошол кєнє Мааптын кайраттууларынын жєрљктљрє толгоодон кыйналып жаткан аялдын жєрљгєндљй болот».
Маап элдердин катарынан жок кылынат, анткени ал Тењирге каршы чыкты.
«Мааптын тургуну, коркунуч да, ор да, сыйыртмак да сен єчєн, – дейт Тењир.
Коркунучтан качкан адам орго тєшљт. Ал эми ордон чыккан адам сыйыртмакка тєшљт, анткени Мен ага, Маапка, жазалоо жылын каптатам», – дейт Тењир.
Качып бара жаткандар алсырап, Кешпондун кљлљкљсєнљ токтошту, бирок Кешпондон от чыкты, Сихондун ичинен жалын чыкты, ал Мааптын капталын жана козголоњчул уулдарынын чокусун жалмап кетти.
Маап, сага кайгы! Кемош эли љлдє, анткени сенин уулдарыњ туткундалып кетти, сенин кыздарыњ да туткундалды.
«Бирок акыркы кєндљрє Мааптын туткундарын кайра алып келем», – дейт Тењир. Мааптын жазасы ошол кєнгљ чейин.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible