Скрыть
9:3
9:5
9:8
9:9
9:10
9:12
9:14
9:15
9:16
9:17
9:18
9:19
9:20
9:21
9:22
9:23
9:24
9:25
9:27
9:28
9:29
Ошондо Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдап көбөйгєлө, жерге толгула.
Жер бетиндеги жаныбарлар, асмандагы канаттуулар, деңиздеги балыктар, жер бетинде кыбыр эткендин баары силерден коркуп, титиреп турушсун. Аларды силерге бердим.
Кыбыр эткен тирєє жандын бардыгы силерге азык болсун. өсємдєктє бергенимдей эле, силерге булардын бардыгын берип жатам.
Бирок тирєє жанды мууздабай туруп жебегиле, анткени кан – анын жаны.
Мен силердин каныңар єчєн – жаныңар єчєн жазалайм: адамдын канын төккөн мал болсо да, адам болсо да, бир тууганы болсо да, анын жазасын берем.
Ким адамдын канын төксө, анын каны да адамдын колу менен төгєлөт, анткени адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган.
Силер болсо укумдап-тукумдагыла, жер бетине тарагыла, көбөйгєлө».
Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деди:
«Эми Мен силер менен жана силерден кийинки укум-тукумуңар менен,
силердин жаныңардагы бардык тирєє жандыктар: канаттуулар, малдар, бардык жер жаныбарлары, силер менен кошо кемеден чыккандар, бардык жаныбарлар менен келишим тєзөм.
Мындан ары эч бир тирєє жан топон суу менен кырылбайт деп, Мен силер менен келишим тєзөм. Мындан ары жер бетиндегинин баарын жок кыла турган топон суу болбойт».
Кудай дагы мындай деди: «Менин силер менен, бардык тирєє жандыктар менен укумдан-тукумга, тєбөлєккө тєзєп жаткан келишимимдин белгиси мындай:
Мен булут бетине көк желе тартам, ал Мени менен жердин ортосундагы келишимдин белгиси болот.
Мен жер бетине булут каптатканда, булут бетинде көк желе пайда болот.
Ошондо силер менен, бардык тирєє жандыктар менен тєзгөн өзємдєн келишимимди эстейм. Мындан ары бардык тирєє жандыктарды кырган топон суу болбойт.
Булут бетинде көк желе пайда болгондо, Мен аны көрєп, жер бетиндеги бардык тирєє жандыктар менен тєзгөн өзємдєн тєбөлєк келишимимди эстейм».
Ошентип, Кудай Нухка: «Жер бетиндеги бардык тирєє жандыктар менен тєзгөн келишимимдин белгиси мына ушул», – деди.
Кемеден чыккан Нухтун уулдары булар: Шем, Хам жана Жепет. Хам болсо Канаандын атасы болгон.
Бул єчөө – Нухтун уулдары, алардан бєт жер жєзєндөгє адамдар тараган.
Нух жер иштетип, жєзємзар отургузду.
Ал шарап жасап, андан ичип мас болуп, өз чатырында жылаңач жатты.
Атасынын жылаңач жатканын Канаандын атасы Хам көрєп калып, сыртка чыгып, эки бир тууганына айтты.
Шем менен Жепет болсо кийим-кечек алып, ийиндерине салып, арты менен барып, атасынын жылаңач денесин жабышты. Алар тескери карап тургандыктан, атасынын жылаңач этин көрєшкөн жок.
Нух ичкен шарабынан соолугуп тургандан кийин, кенже уулунун эмне кылганын билип калып, мындай деди:
«Канаанга каргыш тийсин! Ал өз бир туугандарынын алдында эң төмөнкє кул болсун».
Анан дагы мындай деди: «Шемдин Кудай-Теңирине алкыш! Канаан анын (Шемдин) кулу болсун.
Кудай Жепетти жайылтсын, ал Шемдин чатырларында жашасын. Канаан анын кулу болсун».
Нух топон суудан кийин єч жєз элєє жыл жашады.
Нух бардыгы болуп тогуз жєз элєє жыл жашап көз жумду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible