Скрыть
49:2
49:23
49:25
49:32
Анан Жакып уулдарын чакырып: «Чогулуп келгиле, силерге алдыда эмне болорун айтып берейин.
Жакыптын уулдары, чогулуп келгиле, кулак салгыла, атаңар Ысрайылды уккула», – деди.
«Рубейин, менин тунум! Сен менин кєч-кубатымсың, кєчємдєн башатысың, кадыр-баркың артып, кудуретке жеттиң.
Бирок сен суудай ташкындадың, ошондуктан тунгучтугуңдан айрыласың. Анткени атаңдын жаткан жерине кирип, төшөгєн булгадың.
Шымон менен Леби экөө бир тууган, алардын кылычтары – катаалдыктын куралдары.
Мен алардын кеңешине катышпайм, алардын жыйынына атак-даңкым кошулбайт. Анткени алар ачууга алдырып, эркектерди өлтєрєштє, өз каалоолору боюнча букалардын тарамыштарын кесишти.
Алардын каарына наалат, анткени ал катаал. Алардын ачуусуна каргыш тийсин, анткени ал жаалдуу. Аларды Жакыптын арасына таратам, Ысрайылдын арасына чачам.
Жєйєт! Сени бир туугандарың көкөлөтө макташат. Колуң душмандарыңдын мойнунда болот. Атаңдын уулдары сага таазим кылышат.
Жаш арстан Жєйєт уулум олжого тоюп, туруп келе жатат. Ал керилип, арстан сымал, ургаачы арстан сымал жатты. Аны ким тургуза алат?
Элдештирєєчє келмейинче, Жєйєттєн колунан бийлик таягы тєшпөйт, тукумунан мыйзам чыгаруучу кетпейт. Ага элдер баш ийишет.
Ал жєзєм сабагына кодигин байлайт, эң мыкты жєзєм сабагына ургаачы эшегинин баласын байлайт. Шарапка кийимин, жєзєм ширесине жамынчысын жууйт.
Шараптан көздөрє жылтырап, сєттөн тиштери агарат.
Забулун деңиз жээгинде, кемелер токтоочу жайдын жанында жашайт, анын чеги Сидонго чейин жетет.
Исахар – эки суунун ортосунда жаткан кєчтєє эшек.
Ал бейпилдик жакшы экенин, жер жагымдуу экенин көрдє: жєк көтөрєє єчєн ийинин тосуп, салык төлөө єчєн эмгек кыла баштады.
Дан Ысрайылдын бир уруусу катары өз элине калыстык кылат.
Дан жолдо жаткан жылан, жолуңдан чыккан уулуу жылан болот, атынын бутун чакса, чабандес чалкасынан кетет.
Теңирим, Сенин жардамыңдан ємєттөнөм!
Гатты калың эл кысымга алат, бирок ал аны артынан калбай кууп чыгарат.
Ашырдын тамак-ашы кенен болот, ал падышаныкындай тамак таап келип турат.
Напталы – келишимдєє жейрен, оозунан ширин сөз чыгат.
Жусуп – жемиштєє дарактын бутагы, булактын жанындагы жемиштєє дарактын бутагы. Анын шак-бутактары дубалдан ашып жайылат.
Жаа тарткычтар аны капа кылышты, ага кастык кылып, жаа тартышты,
бирок анын жаасы катуу бойдон калды. Жакыптын кудуреттєє Кудайы, Ысрайылдын Кайтаруучусу жана тиреги колдогондуктан, анын колунун булчуңдары бекем.
Атаңдын Кудайы сага да жардам берсин. Кудуреттєє Кудай сени жогорудан асман баталары менен, төмөндө туңгуюк башаттары менен алкасын, азыркы жана келечектеги укум-тукумуңа батасын берсин.
Байыркы тоолордун, тєбөлєктєє дөбөлөрдєн баталарынан көп эсе артык турган атаңдын баталары менен батасын берсин. Ушул баталар Жусуптун башында жана бир туугандарынын арасынан тандалгандын башында болсун.
Бенжемин – жырткыч карышкыр, эртең менен карактаганын жейт, кечинде олжосун бөлєштєрөт».
Ысрайылдын он эки уруусу мына ушулар жана аларга атасынын айткандары да ушулар. Аларды алкап, ар бирине өз батасын берди.
Анан аларга мындай осуят кылды: «Мен эми өз элиме кошулганы бара жатам. Мени хеттиктердин Эпрон талаасындагы єңкєргө, ата-бабаларымдын жанына койгула.
Канаан жериндеги, Мамрейдин алдындагы, Махпел талаасындагы єңкєрдє талаа менен кошо Ыбрайым көрєстөн єчєн хеттик Эпрондон сатып алган.
Ал жерге Ыбрайымды жана аялы Саараны коюшкан. Ал жерге Ыскак менен Ребеканы коюшкан. Ал жерге мен Леяны койгом.
Ал талаа жана талаадагы єңкєр Хет уулдарынан сатылып алынган».
Ошентип, Жакып уулдарына осуяттарын айтып бєттє да, буттарын төшөккө коюп, жан берип, өз элине кошулду.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible