Скрыть
39:4
39:6
39:8
39:10
39:11
39:13
39:15
39:16
39:17
39:18
39:19
39:22
Жусуп болсо Мисирге жеткирилди. Аны алып келген Ысмайыл уулдарынын колунан фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы, мисирлик Потипар сатып алды.
Теңир Жусуп менен болду. Ал иштеринде ийгиликке жетти, мисирлик мырзанын єйєндө жашады.
Теңир Жусуп менен экенин, кандай иш кылбасын, Теңир анын колуна ийгилик берип жатканын мырзасы көрдє.
Ошентип, Жусуп мырзасынан ырайым таап, ага кызмат кылып жєрдє. Ал Жусупту өз єйєнө башкаруучу кылып койду, өзєнєн колундагысынын баарын ага тапшырды.
Ал Жусупту өзєнєн єйєнө, колундагысынын баарына башкаруучу кылып койгондон тартып, Теңир Жусуп єчєн мисирлик мырзанын єйєнө батасын берди. Теңирдин батасы анын єйєндөгє жана талаасындагы бардык мал-мєлкєнєн єстєндө болду.
Ошентип, ал колундагысынын баарын Жусупка тапшырды. Анын барында ал жеген нанынан башка эч нерсе менен иши болбоду. Жусуп келишимдєє, сулуу жигит эле.
Мырзасынын аялынын Жусупка көзє тєшєп, ага: «Мени менен жат», – деди.
Бирок ал каршы болуп, мырзасынын аялына: «Мырзам менин барымда єйєндө эч нерсе менен иши жок, болгон нерсесинин бардыгын мага тапшырды.
Бул єйдө менден чоң эч ким жок. Ал сенден башкасына тыюу салган жок, анткени сен анын аялысың. Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында кєнөөгө батам?» – деди.
Ал аял Жусупка кєн сайын ушинтип айта берсе да, ал аны менен жатууга, аны менен бирге болууга макул болгон жок.
Бир кєнє Жусуп өз иштерин кылганы єйгө кирди. Ошол учурда єйдєн ичинде єйдөгєлөрдөн эч ким жок эле.
Аял аны кийиминен кармап: «Мени менен жат», – деди. Бирок ал сырткы кийимин аялдын колуна калтырып, сыртка качып чыкты.
Аял болсо Жусуптун сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып чыкканын көрєп,
єйєндөгєлөрєн чакырып алып: «Карагылачы, ал биздикине бул эврейди бизди шылдыңдатмакка алып келиптир. Ал мени менен жатканы келиптир, бирок мен катуу кыйкырып жибердим.
Ал менин кыйкырганымды угуп, сырткы кийимин калтырып, сыртка качып чыкты», – деди.
Ошентип, аял мырзасы єйєнө келгенге чейин, Жусуптун сырткы кийимин өзєнө калтырып койду.
Анан кєйөөсєнө ушул эле сөздөрдє кайталады: «Сен биздикине алып келген эврей кулуң мени шылдыңдаганы келди.
Бирок мен чуу көтөрєп кыйкырып жибергенде, ал сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып кетти».
Мырза аялынын оозунан «Сенин кулуң мага ушундай кылды» деген сөздє укканда, абдан ачууланды.
Ошондо мырзасы Жусупту падышанын туткундары жаткан зынданга салдырды. Ошентип, ал ошол зынданда жатты.
Теңир Жусуп менен болду. Ага ырайымын төгєп, зындан башчысынан ырайым таптырды.
Ошондо зындан башчысы зындандагы туткундардын бардыгын Жусуптун колуна берди. Жусуп ал жердеги бардык иштин єстєнөн башкаруучу болду.
Зындан башчысы ага тапшырылган иштерге кийлигишчє эмес, анткени Теңир Жусуп менен болуп, ал эмне кылбасын, бардык ишине ийгилик берип жатты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible