Скрыть
37:2
37:3
37:5
37:6
37:7
37:8
37:9
37:10
37:12
37:13
37:15
37:16
37:18
37:19
37:23
37:27
37:30
37:31
37:32
Жакып атасы жашаган Канаан жеринде жашап турду.
Жакыптын жашоосу мындай эле: Жусуп он жети жашында, өспєрєм чагында өзєнєн бир туугандары менен, атасынын аялдары Била жана Зилпанын уулдары менен мал кайтарчу. Жусуп атасына алардын жаман иштерин жеткирип турчу.
Ысрайыл Жусупту башка уулдарынан өзгөчө жакшы көрчє, анткени ал анын карыганда көргөн уулу эле. Ошон єчєн ага кооз кийим тиктирип берди.
Бир туугандары атасынын өздөрєнө караганда Жусупту көбєрөөк жакшы көрөрєн көрєшєп, Жусупту жек көрєп калышты. Аны менен бир тууганча сєйлөшө албай калышты.
Бир кєнє Жусуп тєш көрєп, тєшєн бир туугандарына айтып берди. Ошондон кийин алар аны ого бетер жек көрєп калышты.
Жусуп аларга мындай деди: «Мен көргөн тєшкө кулак салгылачы.
Тєшємдө биз талаада боо байлап жєрєптєрбєз, бир маалда менин боом тикесинен туруп калды. Ошондо силердин боолоруңар тегерете туруп, менин боомо жєгєнєп таазим этишти».
Ошондо бир туугандары: «Кантип эле сен бизге падышачылык кылып каласың? Кантип эле сен бизди бийлеп каласың?» – дешип, аны тєшє єчєн, айткан сөздөрє єчєн ого бетер жек көрєп калышты.
Ал дагы башка тєш көрєп, тєшєн бир туугандарына айтты: «Бєгєн мен дагы тєш көрдєм. Тєшємдө кєн менен ай жана он бир жылдыз мага жєгєнєп, таазим кылып жатыптыр».
Ал тєшєн атасы менен бир туугандарына да айтып берди эле, атасы урушуп, мындай деди: «Эмне деген тєш көргөнсєң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага келип, таазим кылып калалы?»
Бир туугандары ыза болушту, атасы болсо анын сөзєн жєрөгєнө тєйєп алды.
Бир туугандары атасынын малын Шекемге жайып кетишкенде,
Ысрайыл Жусупка: «Бир туугандарың Шекемде мал жайып жєрєшөт. Барып келчи, мен сени аларга жиберейин», – деди. Ал ага: «Мына мен», – деп жооп берди.
Атасы ага: «Барып, бир туугандарың аман-эсенби, малы тєгөлбє, көрєп, мага жообун алып кел», – деди. Ошентип, аны Хеброн өрөөнєнөн Шекемге жөнөттє. Жусуп Шекемге келди.
Ал талаада адашып жєргөндө, ага бирөө жолугуп, андан: «Эмне издеп жєрөсєң?» – деп сурады.
«Мен бир туугандарымды издеп жєрөм. Алар кайсы жерде мал жайып жєргөнєн айтып коёсуңбу?» – деди ал.
Ошондо жанагы киши: «Алар бул жерден кетишти, анткени мен алардын “Дотанга барабыз” дегенин уккам», – деди. Жусуп бир туугандарынын артынан жөнөп, аларды Дотандан тапты.
Алар Жусупту алыстан көрєшєп, ал жакындай электе эле, аны өлтєрєєнє чечип коюшту.
Анан алар бири-бирине: «Мына, тєш көргєч келатат.
Жєргєлө, азыр барып, аны өлтєрєп, чуңкурга таштап салалы, аны жырткыч айбан жеп кетти деп айтып коёбуз. Ошондо анын тєштөрє эмне болорун көрөбєз», – дешти.
Муну Рубейин угуп: «Жок, Жусупту өлтєрбөйбєз», – деп, аны алардын колунан куткарып калды.
Рубейин аларга: «Кан төкпөгєлө. Аны чөлдөгє чуңкурга таштап салгыла, ага кол көтөрбөгєлө», – деди. Ал бул сөздє Жусупту алардын колунан куткарып, атасына кайтарыш єчєн айтты.
Жусуп өзєнєн бир туугандарына келгенде, алар Жусуптун єстєнөн кооз кийимин сыйрып алышты.
өзєн болсо чуңкурга таштап жиберишти. Ал чуңкур бош болчу, анда суу жок эле.
Анан алар тамак жегени отурушканда, Гилат жактан келе жаткан Ысмайыл уулдарынын кербенин көрєштє. Алар төөлөрєнө жыпар жыттуу заттарды: стиракс, бальзам, ладан жєктөп алып, Мисирге алып бара жатышкан.
Ошондо Жєйєт бир туугандарына: «Бир тууганыбыздын канын төгєп, өлєгєн жашырып салгандан не пайда?
Жєргєлө, аны Ысмайыл уулдарына сатып жиберели, колубуз да булганбайт, анткени ал биздин бир тууганыбыз, каныбыз бир», – деди. Бир туугандары анын тилин алышты.
Мидиандык соодагерлер өтєп бара жатышканда, Жусупту чуңкурдан тартып алышып, Ысмайыл уулдарына жыйырма кємєш тыйынга сатып жиберишти. Алар болсо Жусупту Мисирге алып кетишти.
Рубейин чуңкурга кайра келип караса, чуңкурда Жусуп жок экен. Ошондо ал өз кийимдерин айрып жиберди.
Анан бир туугандарына келип: «Бала жок экен, эми мен кайда барам?» – деди.
Алар бир текени союп, Жусуптун кооз кийимин кан кылып,
атасына берип жиберишти. Анан атасына келип, мындай дешти: «Биз муну таап алдык, карасаң, бул кийим уулуңдуку эмеспи?»
Жакып анын кийимин таанып: «Бул – уулумдун кийими. Ал жырткычка жем болуптур, аны жырткыч жара тартып кеткен турбайбы», – деди.
Анан Жакып өз кийимин айрып, єстєнө зумбал кийип, уулун көп кєн жоктоп ыйлады.
Ошондо атасын сооротууга бєт уул-кыздары чогулду, бирок ал сооронгусу келбей: «Мен эми өлгөндөр жаткан жайга, уулума барганча кайгырып өтөм», – деди. Жусуптун атасы уулун ушинтип жоктоду.
Мидиандыктар болсо аны фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы Потипарга сатып жиберишти.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible