Скрыть
31:1
31:2
31:3
31:4
31:5
31:6
31:7
31:8
31:9
31:10
31:11
31:12
31:14
31:15
31:16
31:17
31:18
31:20
31:21
31:22
31:23
31:24
31:25
31:26
31:27
31:28
31:30
31:31
31:32
31:33
31:34
31:35
31:36
31:37
31:38
31:40
31:41
31:43
31:44
31:45
31:46
31:47
31:49
31:50
31:51
31:52
31:54
Ошондо Жакып Лабандын уулдарынын мындай сөздөрєн укту: «Жакып биздин атабыздын бардык нерсесин ээлеп алды, ал ушул байлыктын баарын атабыздын мал-мєлкєнөн жыйып алды».
Жакып Лабандын жєзєн караса, ал аны мурдагыдай карабай калыптыр.
Ошондо Теңир Жакыпка: «Ата-бабаларыңдын жерине, өзєңдєн мекениңе кайт. Мен сени менен боломун», – деди.
Жакып киши жиберип, Рахел менен Леяны талаага, койлорунун жанына чакыртып алды.
Жакып аларга: «Мен атаңардын мурдагыдай карабай калганын көрєп турам. Бирок атамдын Кудайы мени менен болду.
Силер менин атаңарга бєт кєчєм менен кызмат кылганымды билесиңер.
Атаңар болсо мени алдап, кызмат акымды он жолу алмаштырды. Бирок анын мага жамандык кылуусуна Кудай жол берген жок.
Ал мага “Темгилдєє мал сенин кызмат акың болот” дегенде, малдын баары темгил тууду. Ал эми “Сенин кызмат акың ала-була мал болот” дегенде, малдын баары ала-була тууду.
Ошентип, Кудай малды атаңардан тартып алып, мага берди.
Бир жолу куут маалында, тєшємдө кууган текелердин баары ала-була, темгили, тактары бар текелер экенин көрдєм.
Кудайдын периштеси тєшємдө мага: “Жакып!” – деди. Мен: “Мына мен”, – дедим.
Ал мага: “Башыңды көтөрєп карачы, кууган текелердин баары – ала-була, темгили, тактары бар текелер, анткени Мен Лабандын сага эмне кылып жатканын көрєп турам.
Мен сага Бейтелде келген Кудаймын, ошол жерде сен эстеликтин єстєнө зайтун майын куюп, ошол жерде Мага убада бергенсиң. Эми ордуңан туруп, бул жерден чыгып, өз мекениңе кайт”, – деди».
Рахел менен Лея ага: «Атабыздын бизге бергидей, энчи, мурасы бар беле?
Ал бизди бөтөн катары санайт. Анткени ал бизди сатты, атєгєл, кємєшєбєздє да жеп койду.
Кудай атабыздан тартып алган байлыктын баары биздики жана балдарыбыздыкы. Ошондуктан Кудай сага айткандын бардыгын кыл», – дешти.
Ошондо Жакып ордунан туруп, балдары менен аялдарын төөлөргө мингизди.
Анан Месопотамиядан тапкан өзєнєн бардык мал-мєлкєн алып, Канаан жерине, атасы Ыскакка жөнөп кетти.
Лабан малын кыркканы кетери менен, Рахел атасынын жасалма кудайларын уурдап алды.
Жакып болсо арамейлик Лабанга өзєнєн кетерин айтпай, аны алдап кетти.
Ошентип, ал өзєнєн бардык мал-мєлкєн алып, дарыядан өтєп, Гилат тоосун карай бет алды.
Жакыптын кеткендигин Лабанга єчєнчє кєнє айтышты.
Ошондо ал жанына туугандарын алып, жети кєн бою кууп жєрєп отуруп, ага Гилат тоосуна келгенде жетти.
Кудай арамейлик Лабанга тєн ичинде тєшєндө келип: «Байкагын, Жакыпка жаман да, жакшы да айтпа», – деди.
Лабан Жакыпты кууп жетти. Жакып болсо чатырын тоого тигип алган эле. Лабан да туугандары менен чатырын Гилат тоосуна тикти.
Ошондо Лабан Жакыпка: «Бул эмне кылганың? Эмне єчєн мени алдадың, кыздарымды туткунга тєшкөндөрдөй кылып алып кеттиң?
Эмне єчєн жашыруун качтың? Эмне єчєн менден жашындың? Эмне єчєн мага айткан жоксуң? Мен сени той-тамаша өткөрєп, ыр ырдап, дап кагып, гусли чертип узатпайт белем?
Атєгєл, неберелерим менен кыздарымдын бетинен өптєргөн жоксуң. Сен ойлонбой иш кылдың.
Силерге жамандык кылууга кєчєм жетет, бирок атаңардын Кудайы кечээ мага: “Байкагын, Жакыпка жакшы да, жаман да айтпа”, – деди.
Кете берсең мейли эле, анткени атаңдыкында болууну абдан каалаптырсың, бирок эмне єчєн менин кудайларымды уурдап кеттиң?» – деди.
Жакып Лабанга мындай деп жооп берди: «Кыздарыңды менден тартып аласың го деп корктум.
Кудайларыңды кимден тапсаң, ал тирєє калбасын! Туугандарыбыздын көзєнчө меникинен издеп таап ал». Аларды Рахел уурдап алганын Жакып билген эмес эле.
Ошондо Лабан Жакыптын, Леянын, эки кєңдєн чатырларына кирип, издеп таба албады. Анан Леянын чатырынан чыгып, Рахелдикине кирди.
Рахел болсо жасалма кудайларды төөнєн чомунун астына катып, өзє єстєнө отуруп алган эле. Лабан чатырды бєт аңтарып, таба албады.
Рахел атасына: «Мырзам менин тура албаганыма ачууланбаса экен, анткени менде аялдарга мєнөздєє нерсе болуп жатат», – деди. Ал издеп-издеп, жасалма кудайларын таба албады.
Жакып ачууланып, Лабан менен айтыша кетти. Ал Лабанга мындай деди: «Менин артыман кууп келгидей, айыбым кайсы, кєнөөм кайсы?
Менин буюмдарымдын баарын карап чыктың, өзєңдєн кайсы буюмуңду таптың? Ушул жерде менин туугандарым менен өз туугандарыңдын алдында көрсөт. Алар экөөбєздєн ортобузда калыстык кылышсын.
Сага жыйырма жыл иштеп бердим, кой-эчкилериң бала салган жок, корооңдогу койлоруңдан жеген жокмун.
Жырткыч жара тарткандарын алып келген эмесмин, алар менин чыгашам эле. Кєндєз жоголсо да, тєндө жоголсо да, сен менден төлөтєп алып турдуң.
Кєндєз ысыктан, тєнкєсєн сууктан жапа чегип кыйналдым, тєн уйкумдан калдым.
Менин жыйырма жылым сенин єйєңдө ушинтип өттє. Мен сенин эки кызың єчєн сага он төрт жыл, малың єчєн алты жыл кызмат кылдым. Сен болсо менин кызмат акымды он жолу алмаштырдың.
Эгерде атам Ыбрайымдын Кудайы жана Ыскактын Коркунучу мени менен болбогондо, сен мени азыр да эч нерсе бербей, куру кол коё бермексиң. Кудай менин кайгымды жана маңдай тер, таман акымды көрєп, кечээ менин таламымды талашты».
Ошондо Лабан Жакыпка мындай деп жооп берди: «Кыздар – менин кыздарым. Балдар – менин балдарым. Мал – менин малым. Сен көрєп тургандын баары меники. Мен кыздарыма жана алар төрөгөн балдарга эми бир нерсе кылмак белем?
Азыр экөөбєз келишим тєзөлє, ал сен экөөбєздєн ортобузда кєбө болcун».
Жакып таш алып, аны эстелик кылып койду.
Анан Жакып өзєнєн туугандарына: «Таш жыйнагыла», – деди. Алар таш жыйнап, дөбө кылып єйєштє да, ошол дөбөгө отуруп алып тамактанышты.
Лабан аны «Жыгар-Саадут» (Кєбө дөбө) деп, Жакып болсо аны Гилат деп атады.
Анан Лабан: «Бєгєндөн баштап бул таш дөбө экөөбєздєн ортобузда кєбө болот», – деди. Ошондуктан ал жерди Гилат деп аташты.
Ал дөбө Миспа деп да аталат, анткени Лабан: «Сен экөөбєз бири-бирибизден бөлєнєп кеткенден кийин, Теңир менин єстємөн да, сенин єстєңөн да көз салып турсун.
Эгерде кыздарыма жаман мамиле кыла турган болсоң же кыздарымдын єстєнө аял ала турган болсоң, байкагын, экөөбєздєн ортобузда кєбө болчу адам жок, бирок ортобузда Кудай кєбө», – деди.
Ошентип, Лабан Жакыпка: «Мына бул дөбө менен мен койгон эстелик экөөбєзгө кєбө болот.
Бул дөбө менен бул эстелик кєбө: жамандык кылыш єчєн, бул дөбө менен бул эстеликтен сен тарапка мен өтпөйм, мен тарапка сен өтпөйсєң.
Ыбрайымдын Кудайы, Нахордун Кудайы, алардын ата-бабаларынын Кудайы ортобузда калыс болсун», – деди. Жакып атасы Ыскактын Коркунучу менен ант берди.
Анан Жакып тоодо курмандык чалып, туугандарын тамакка чакырды. Алар тамактанып, тоодо тєнөп калышты.
Лабан эртеси эртең менен эрте туруп, неберелери менен кыздарын өөп, аларга батасын берип жөнөп кетти. Ошентип, Лабан өз жерине кайтып келди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible