Скрыть
21:5
21:6
21:7
21:8
21:9
21:14
21:15
21:16
21:17
21:19
21:20
21:24
21:26
21:27
21:28
21:29
21:30
21:32
21:34
Теңир өзє айтканындай, Саарага назарын салып, ага айткан сөзєн аткарды.
Сааранын боюна бєтєп, Кудай айткан мезгилде, Ыбрайым картайган кезде, ага уул төрөп берди.
Ыбрайым өзєнєн Саарадан төрөлгөн уулуна Ыскак деген ат койду.
Кудай ага осуяттагандай, сегизинчи кєнє Ыбрайым өз уулу Ыскакты сєннөткө отургузду.
Уулу Ыскак төрөлгөндө, Ыбрайым жєз жашта эле.
Ошондо Саара: «Кудай мени кєлкє кылды. Мен жөнєндө ким укса да, кєлөт го.
“Саара бала эмизет”, – деп, Ыбрайымга ким айтмак? Бирок ал карыган кезде мен ага уул төрөп бердим», – деди.
Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ыскак эмчектен чыгарылган кєнє Ыбрайым чоң той берди.
Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрєп калып,
Ыбрайымга мындай деди: «Бул кєңдє уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт».
Ысмайыл жөнєндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди.
Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен кєңєң єчєн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт.
Кєңєңдєн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди.
Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коё берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлєндө адашып калды.
Чаначта суу калбай калгандыктан, баласын бадалдын тєбєнө калтырып,
жаа жебеси жеткидей, алыс барып отурду да: «Баланын өлгөнєн көргєм келбейт», – деп, анын каршысында отуруп алып, боздоп ыйлады.
Кудай баланын єнєн укту. Ошондо асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып: «Ажар, сага эмне болду? Коркпо, Кудай баланын єнєн жаткан жеринен укту.
Ордуңан туруп, баланы тургузуп, колунан ал, анткени Мен андан улуу эл чыгарам», – деди.
Кудай Ажардын көзєн ачты, ошондо ал суусу бар кудукту көрдє. Анан ал барып, чаначка толтура суу алып келип, балага ичирди.
Кудай бала менен болду. Ал чоңоюп, чөлдө жашап калды. Жаа тарткан мергенчи болду.
Ал Паран чөлєндө жашады. Энеси ага Мисир жеринен аял алып берди.
Ошол убакта мындай окуя болду: Абы-Мелек өзєнєн аскер башчысы Пихол менен келип, Ыбрайымга: «Эмне кылсаң да, бардык иште Кудай сени менен экен.
Сен азыр ушул жерде мага: “Сени да, уулуңду да, небереңди да таарынтпайм”, – деп, Кудай менен ант бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзєң жашап турган жерге ошондой жакшылык кыл», – деди.
Ошондо Ыбрайым: «Ант берем», – деди.
Анан Ыбрайым Абы-Мелектин кулдары суусу бар кудукту тартып алганы єчєн, Абы-Мелекти жемеледи.
Абы-Мелек болсо: «Муну ким кылганын билбеймин, сен да мага айткан эмессиң. Мен ал жөнєндө ушуга чейин уккан эмесмин», – деди.
Ошондо Ыбрайым майда жана бодо малдан алып, Абы-Мелекке берди. Ошентип, экөө тынчтык келишимин тєзєштє.
Ыбрайым майда малдан жети козуну өзгөчө бөлєп койду.
Абы-Мелек болсо Ыбрайымдан: «Жети козуну бул жерге өзєнчө бөлєп койгонуң эмнең?» – деп сурады.
Ал ага: «Бул жети козуну менин колумдан ал, кудукту мен казганыма булар кєбө болсун», – деп жооп берди.
Ошондуктан ал бул жерди Бейер-Шеба деп атады, анткени бул жерде экөө антташты.
Ошентип, Бейер-Шебада тынчтык келишими тєзєлдє. Абы-Мелек менен аскер башчысы Пихол Пелишти жерине кайтышты.
Ыбрайым Бейер-Шебанын жанына токойчо отургузуп, ал жерде тєбөлєктєє Кудай-Теңирдин атын чакырды.
Ошентип, Ыбрайым Пелишти жеринде келгин болуп, көп жыл жашады.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible