Скрыть
20:6
20:8
20:10
20:11
20:13
20:14
20:15
20:16
20:17
20:18
Ыбрайым ал жерден чыгып, тєштєккө келип, Кадеш менен Шурдун ортосуна жайгашып, Герар жеринде убактылуу жашап турду.
Ыбрайым өз аялы Саараны: «Бул менин карындашым», – деди. Ошондо Герар падышасы Абы-Мелек киши жиберип, Саараны алдыртты.
Кудай Абы-Мелекке тєн ичинде тєшєндө келип, ага мындай деди: «Эми сен алган бул аял єчєн өлөсєң, анткени анын кєйөөсє бар».
Абы-Мелек болсо Саарага тийген жок. Ал мындай деди: «Эгедерим! Кантип эле Сен айыпсыз элди жок кыласың?
Ыбрайым мага: “Бул менин карындашым”, – деп, өзє айтпады беле? Саара да: “Ал менин агам”, – деген. Мен муну таза жєрөк, таза кол менен кылгам».
Ошондо Кудай тєшєндө ага мындай деди: «Сен муну таза жєрөк менен кылганыңды Мен билемин, ошондуктан сени ага тийгизбей, Мага каршы кєнөө кылуудан сактап калдым.
Аялды кєйөөсєнө азыр эле кайтарып бер, анткени ал – пайгамбар, ал сен єчєн сыйынсын, ошондо сен тирєє каласың. Эгерде кайтарып бербесең, анда билип кой, сен бардык адамдарың менен кошо, сөзсєз, өлөсєң».
Ошондо Абы-Мелек эртең менен эрте туруп, өзєнєн бардык кулдарын чакырып алып, бул сөздөрдєн бардыгын аларга угуза айтып берди. Алар абдан коркуп кетишти.
Анан Абы-Мелек Ыбрайымды чакырып алып, ага: «Эмне єчєн сен бизге мындай кылдың? Мага жана менин падышачылыгыма чоң кєнөө келтиргидей, сага эмне кєнөө кылдым эле? Сен туура эмес иш кылдың.
Сен бул ишти кандай ой менен кылдың эле?» – деди.
Ыбрайым мындай жооп берди: «Бул жерде Кудайдан коркуу жок болгондуктан, мени аялымдын айынан өлтєрєп коюшат деп ойлодум.
Ал, чын эле, менин карындашым. Экөөбєз аталаш бир тууганбыз, энебиз башка. Азыр болсо ал менин аялым.
Кудай мени атамдын єйєнөн жер кезєєгө алып чыкканда, мен ага: “Мага ырайым кылып, кайсы жерге келсек да, бардык жерде сен мени: «Бул менин агам» де”, – деп айткан элем».
Ошондо Абы-Мелек Ыбрайымга майда жана бодо мал, кулдарды жана кєңдөрдє берди. Аялы Саараны да ага кайра берди.
Анан Абы-Мелек мындай деди: «Мына, менин жерим сенин алдыңда. Каалаган жериңде жаша».
Саарага да мындай деди: «Мына, мен бир тууган агаңа миң кємєш шекел бердим. Бул сенин бєт элдин алдында ак экениңди билдирет, сен бардыгынын алдында акталдың».
Анан Ыбрайым Кудайга сыйынды. Ошондо Кудай Абы-Мелекти, анын аялын, кєңдөрєн сакайтты, алар төрөй башташты.
Анткени Теңир Ыбрайымдын аялы Саара єчєн Абы-Мелектин єйєндөгє бардык аялдарды төрөбөс кылып салган эле.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible