Скрыть
2:3
2:4
2:5
2:6
2:10
2:12
2:13
2:15
2:16
2:19
2:20
2:21
2:25
Асман менен жер жана алардын бардык кошуундары ушундайча жаратылып бєткөн.
Ошентип, жетинчи кєнгө оогондо, Кудай өзєнєн иштерин бєтєрдє; өзєнєн бардык иштерин бєтєрєп, жетинчи кєнє эс алды.
Анан Кудай жетинчи кєнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени Кудай өзє жараткан жана жасаган бардык иштерин бєтєрєп, ошол кєнє эс алды.
Асман менен жердин жаратылуусу мындай болгон: Кудай-Теңир асман менен жерди жаратып жатканда,
жерде эч кандай бадал жок эле, эч кандай чөп өсө элек болчу, анткени Кудай-Теңир жер бетине жамгыр жаадырган эмес, жерди иштете турган адам да жок эле.
Бирок жерден буу көтөрєлєп, бєт жер бетин сугарып турган.
Анан Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жєзєнө өмєр демин єйлөдє, ошондо ал тирєє жан болуп калды.
Кудай-Теңир чыгыштагы Эйденге бак отургузуп, ал жерге өзє жараткан адамды жайгаштырды.
Андан кийин Кудай-Теңир топурактан көрєнєшє жакшы, жегенге жарактуу ар кандай мөмөлєє дарактарды өстєрєп чыгарды. Бактын ортосуна өмєр дарагын жана жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак өстєрєп чыгарды.
Эйденден бакты сугара турган дарыя агып чыкты. Ал ошол жерден төрт дарыяга бөлєндє.
Биринин аты – Пишон, ал алтын чыккан бєт Хабила жерин айланып агат.
Ал жердин алтыны да жакшы. Ал жерде жыпар жыттуу чайыр жана агат ташы бар.
Экинчи дарыянын аты – Гихон, ал бєткєл Куш жерин айланып агат.
Yчєнчє дарыянын аты – Хидекел, ал Ашурдун алдынан агып өтөт. Төртєнчє дарыя – Эфрат.
Эйден багын иштетсин жана сактасын деп, Кудай-Теңир адамды ошол бакка жайгаштырды.
Анан Кудай-Теңир адамга мындай деп осуят кылды: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот,
бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан кєнє өлєп каласың».
Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы».
Кудай-Теңир топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жаратып, аларды кандай атай тургандыгын көрєє єчєн, адамга алып келди. Ар кандай тирєє жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду.
Адам бардык малдарга: асман канаттууларына, талаа жаныбарларына ат койду, бирок ага ылайык жардамчы табылбады.
Ошондо Кудай-Теңир адамды катуу уктатып салды. Ал уктап жатканда, анын бир кабыргасын алып, ордун эт менен жаап койду.
Ошентип, Кудай-Теңир адамдан алынган кабыргадан аял жаратып, аны адамга алып келди.
Ошондо адам мындай деди: «Бул – менин сөөгємдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт. Ал “аял” деп аталат, анткени эркектен алынды».
Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот.
Адам менен аялы экөө тең жылаңач эле, бирок уялышчу эмес.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible