Скрыть
19:3
19:4
19:6
19:8
19:10
19:12
19:13
19:15
19:16
19:18
19:19
19:20
19:21
19:23
19:25
19:28
19:29
19:30
19:31
19:33
19:34
19:35
19:36
19:38
Лот Содомдун дарбазасынын жанында отурганда, жанагы эки периште кечинде Содомго келди. Лот аларды көрө коюп, тосуп алуу єчєн, ордунан туруп, жерге чейин башын ийип таазим этип, мындай деди:
«Мырзаларым! Кулуңардын єйєнө кирип, тєнөп кеткиле, бутуңарды жууп алгыла, эртең менен туруп, жолуңарды улантасыңар». Бирок алар: «Жок, биз көчөгө тєнөйбєз», – дешти.
Ал аябай өтєнєп сурангандыктан, алар аныкына бет алып, єйєнө келишти. Лот аларга сый көрсөттє, ачыткысыз нан жасады. Алар жешти.
Алар жата электе, содомдуктардын жаш-карысы дебей, шаардын бардык тегерек-четинен келген эл єйдє тегеректеп алышты.
Лотту чакырып, ага мындай дешти: «Сага тєнөккө келген кишилер кайда? Аларды бизге чыгарып бер. Биз аларга жакындайбыз».
Лот кире беришке чыгып, өзєнєн аркасынан эшикти бекитти.
Анан мындай деди: «Агайын-туугандар, жамандык кылбагыла.
Менин эркек көрө элек эки кызым бар, мен аларды чыгарып берейин, аларга каалаганыңарды кылгыла, бирок бул кишилерге тийбегиле, анткени булар менин єйємө келишти».
Бирок алар: «Бери кел. Карасаң муну, келгин болуп туруп соттошкусу бар! Эми биз сага аларга кылгандан да жаман кылабыз», – деп, Лотту жөөлөп, эшикти сындырмакчы болушту.
Ошондо жанагы кишилер колдорун сунуп, Лотту єйгө тартып киргизип, эшикти бекитип салышты.
Ал эми єйдєн кире беришиндеги адамдарды жашынан карысына чейин сокур кылып салышкандыктан, алар эшикти таба албай кыйналышты.
Жанагы кишилер Лотко мындай дешти: «Бул жерде дагы кимиң бар? Кєйөө балаң болобу, уулдарың болобу, кыздарың болобу, шаарда кимиң болбосун, бардыгын бул жерден алып чык.
Анткени биз бул жерди жок кылабыз. Анын тургундарынан кордук көргөндөрдєн зар-муңу Теңирге жетти, Теңир аны жок кылыш єчєн, бизди жиберди».
Ошондо Лот чыгып, болочок кєйөө балдарына мындай деди: «Тургула, бул жерден чыгып кеткиле, анткени Теңир бул шаарды жок кылат». Бирок кєйөө балдарына ал тамашалап жаткандай көрєндє.
Таң атары менен периштелер: «Шаардын мыйзамсыздыктары єчєн өлєп калбашың єчєн, ордуңан туруп, аялыңды жана колуңдагы эки кызыңды алып чык», – деп, Лотту шаштыра башташты.
Лот шашпагандыктан, жанагы кишилер Теңирдин ага болгон ырайымынан улам аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты.
Аларды сыртка чыгаргандан кийин, алардын бири мындай деди: «өз жаныңды сакта, артыңа кылчайып караба, бул тегеректин эч жерине токтобо, өлєп калбашың єчєн, тоого кач».
Бирок Лот аларга мындай деди: «Жок, Эгедерим!
Мына, Сенин кулуң Сенин алдыңда ырайым тапты, мага чоң ырайым көрсөтєп, менин өмєрємдє сактап калдың, бирок тоого качып кете албайм, анткени кырсыкка кабылып өлєп калышым мємкєн.
Качып барууга мына бул шаар жакын, ал чакан шаар эмеспи. Ошол жакка качайын, чакан шаар эмеспи. Аман калам».
Ошондо Ал ага: «Макул, сенин каалооң боюнча Мен сен айткан шаарды кыйратпайын.
Тезирээк ошол жакка кач, анткени сен ал жакка жетмейинче, Мен эч нерсе кыла албайм», – деди. Ошондон улам ал шаар Соар деп аталып калган.
Жер бетине кєн чыкканда, Лот Соарга келди.
Ошондо Теңир Содом менен Аморго асмандан Теңирден болгон кєкєрт менен отту жамгыр кылып төктє.
Ошентип, Теңир бул шаарларды, алардын тегерек-четин, адамдарынан тартып, өсємдєктөрєнө чейин кыйратып салды.
Аялы болсо Лоттун артынан келе жатып, кылчайып артын карады эле, туз мамыча болуп калды.
Ыбрайым эртең менен эрте туруп, мурун Теңирдин алдында турган жерине жөнөдє.
Ал Содом менен Аморго жана алардын тегерек-четине көз чаптырып караса, жерден мештин тєтєнєндөй болгон тєтєн көтөрєлєп жатыптыр.
Кудай бул тегеректеги шаарларды кыйратып жатып, Ыбрайымды эстеди да, Лот жашаган шаарларды кыйратып жатканда, ал жерден Лотту алып чыкты.
Лот Соардан чыгып, эки кызы менен бирге тоодо жашап калды, анткени ал Соарда жашагандан коркту. Ал эки кызы менен бирге єңкєрдө жашап турду.
Ошондо эжеси сиңдисине: «Атабыз картайды. Бєт жер жєзєнєн салты боюнча жер єстєндө бизге жакындай турган адам жок.
Ошондуктан атабызды шарапка тойгузуп, аны менен жатып, атабыздан тукум улайлы», – деди.
Алар ошол тєнє өз атасын шарапка тойгузушту. Анан эжеси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок.
Эртеси кєнє эжеси сиңдисине: «Мен кечээ атам менен жаттым. Бєгєн тєндө да аны шарапка тойгузалы. Анан сен кирип, аны менен жат, атабыздан тукум улайлы», – деди.
Алар бул тєнє да атасын шарапка тойгузушту. Анан сиңдиси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок.
Ошентип, Лоттун эки кызы тең өз атасынан кош бойлуу болуп калышты.
Эжеси уул төрөп, атын Маап койду. Ал – ушул кєнгө чейин Маап элинин атасы.
Сиңдиси да уул төрөп, атын Бен-Ами койду. Ал – ушул кєнгө чейин Амон элинин атасы.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible