Скрыть
15:3
15:4
15:7
15:8
15:9
15:11
15:12
15:14
15:15
15:19
15:20
15:21
Бул окуялардан кийин Теңир Ыбрамга көрєнєш аркылуу мындай деди: «Коркпогун, Ыбрам, Мен сенин калканыңмын, сенин сыйлыгың абдан чоң».
Ошондо Ыбрам мындай деди: «О, Эгедер Теңирим! Мага Сен эмне бересиң? Мен баласыз өтєп бара жатам, єй ишин башкаруучум – дамасктык ушул Элиезер.
Сен мага тукум берген жоксуң, ошондуктан єйємдөгє адам менин мураскорум».
Ошондо Теңирден ага мындай сөз айтылды: «Ал сенин мураскоруң болбойт, сенин мураскоруң өзєңдөн чыккан балаң болот».
Анан аны сыртка чыгарып, мындай деди: «Асманды карачы, эгерде жылдыздарды санай алсаң, санап чык. Сенин тукумуң ошончо болот».
Ыбрам Теңирге ишенди. Теңир анын ишенимин ага адилдик катары эсептеди.
Теңир Ыбрамга минтип айтты: «Бул жерди сенин ээлигиңе берєє єчєн, сени каздимдердин Ур шаарынан алып чыккан Теңир Менмин».
Ыбрам Андан: «Эгедер Теңирим! Мен бул жерге ээ болорумду эмнеден билем?» – деп сурады.
Теңир ага мындай деди: «Мага єч жылдык кунажын, єч жылдык эчки, єч жылдык кочкор, бактек жана жаш көгєчкөн алып кел».
Ал алардын бардыгын алып келди да, канаттуулардан башкасын экиге бөлєп, бөлєктөрдє бири-биринин тушуна койду.
Ошондо этке жырткыч куштар жабалактап учуп келишти, бирок Ыбрам аларды кубалап турду.
Кєн батарда Ыбрамды катуу уйку басты. Ошондо аны єрөй учурган коркунуч менен коюу караңгылык каптады.
Ошондо Теңир Ыбрамга мындай деди: «Билип ал, сенин укум-тукумуң бөтөн жерде келгин эл болот. Аларды кул кылып, төрт жєз жыл эзишет.
Бирок Мен аларды кул кылган элди жазалайм, ошондо алар ал жерден көп мал-мєлк менен чыгышат.
Ал эми сен ата-бабаларың жаткан жайга тынчтык менен кетесиң, бакыбат өмєр сєрєп, көргө коюласың.
Бул жерге алардын төртєнчє тукуму кайтып келет, анткени аморлуктардын мыйзамсыздыгы чегине жете элек».
Кєн батары менен караңгылык каптап, мештен чыккандай тєтєн менен от жалыны бири-биринин тушуна коюлган бөлєктөрдєн ортосунан өттє.
Бул кєнє Теңир Ыбрам менен мындай келишим тєздє: «Мен сенин укум-тукумуңа бул жерди, Мисир дарыясынан тартып улуу Эфрат дарыясына чейинки:
кейнилердин, кеназдыктардын, кадмонитсалыктардын,
хеттиктердин, периздиктердин, репалыктардын,
аморлуктардын, канаандыктардын, гиргештиктердин жана жебустуктардын жерин бердим».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible