Скрыть
14:3
14:4
14:5
14:6
14:7
14:8
14:9
14:10
14:11
14:12
14:15
14:16
14:19
14:21
14:22
14:23
Шинар падышасы Амрапелдин, Эласар падышасы Ариохтун, Эйлам падышасы Кедорламердин жана Гоим падышасы Тидалдын убагында мындай болду:
алар Содом падышасы Берага, Амор падышасы Биршага, Адма падышасы Шинапка, Себоим падышасы Шемейберге жана Бела (Соар) падышасына каршы согуш ачышты.
Алардын бардыгы азыркы Туздуу деңиз турган Соар өрөөнєнө чогулушту.
Алар он эки жыл бою Кедорламердин алдында кулчулукта болуп, он єчєнчє жылы козголоң чыгарышты.
Он төртєнчє жылы Кедорламер менен бирге падышалар келишти да, Аштарот-Карнайымдагы репалыктарды, Гамдагы зуздуктарды, Шабей-Кирийатайимдеги эймимдерди,
ошондой эле өздөрєнєн Сеир тоосунда жашаган хориликтерди чөлдєн жанындагы Эл-Паранга чейин талкалашты.
Алар ал жактан кайтып келишкенден кийин, Эйин-Мишпат булагына (Кадеш) келишип, амалыктыктардын бєт өлкөсєн жана ошондой эле Хасатсон-Тамарда жашаган аморлуктарды кыйратышты.
Анан Содом, Амор, Адма, Себоим жана Бела падышалары Соар өрөөнєндө аларга каршы согуш ачышты,
Эйлам падышасы Кедорламер, Гоим падышасы Тидал, Шинар падышасы Амрапел, Эласар падышасы Ариох болуп, төрт падыша бешөөнө каршы чыкты.
Соар өрөөнєндө чайыр чуңкурлары көп эле. Содом менен Амордун падышалары качып баратып, ошол чуңкурларга тєшєп кетишти. Ал эми калгандары тоолорго качып кетишти.
Жеңгендер Содом менен Амордун бардык мал-мєлкєн жана болгон азыгын талап-тоноп кетишти.
Содомдо жашаган Ыбрамдын иниси Лотту да мал-мєлкє менен кошо алып кетишти.
Тирєє калгандардан бирөө келип, эврей Ыбрамга кабар берди. Ал ошол кезде Ыбрамдын шериктештери болгон Эшкол менен Анейирдин бир тууганы аморлуктардын Мамрей деген эмен токоюнун жанында жашачу.
Ыбрам тууганынын туткунга алынганын укканда, єйєндө төрөлєп өскөн єч жєз он сегиз кулун куралдандырып, душмандарын Данга чейин кууп барды.
Ал кулдары менен топ-топко бөлєнєп алып, аларды тєн ичинде кол салып талкалады. Аларды Дамасктын тєндєк жагындагы Хобага чейин кууп барды.
Ошентип, ал өзєнєн тууганы Лотту, анын бєт мал-мєлкєн, ошондой эле аялдарды жана элди кайра алып келди.
Ал Кедорламерди жана аны менен жєргөн падышаларды жеңип келе жатканда, «падыша өрөөнє» деп аталган Шабей өрөөнєндө Содом падышасы анын алдынан тосуп чыкты.
Ошондо Шалем падышасы Малки-Седек нан менен шарап көтөрєп чыкты. Ал бардыгынан жогору турган Кудайдын ыйык кызмат кылуучусу эле.
Ал Ыбрамга мындай деп батасын берди: «Бардыгынан жогору турган Кудай, асман менен жердин Эгедери Ыбрамга батасын берсин,
душмандарыңды колуңа салып берген бардыгынан жогору турган Кудайга алкыш!» Ошондо Ыбрам ага бардык мал-мєлкєнєн ондон бир бөлєгєн берди.
Содом падышасы Ыбрамга: «Адамдарымды бер, мал-мєлктє алып кал», – деди.
Бирок Ыбрам Содом падышасына минтип айтты: «Сен: “Мен Ыбрамды байыттым”, – деп айтпашың єчєн, жигиттердин жегендеринен жана мени менен бирге барган кишилердин єлєшєнөн башка сенин эч нерсеңди, жибиң турмак, бут кийимиңдин боосун да албайм деп,
бардыгынан жогору турган Кудай-Теңирге, асман менен жердин Эгедерине колумду көтөрөм.
Анейир, Эшкол, Мамрей єчөө өз єлєштөрєн ала берсин».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible