Скрыть
2:1
2:5
2:8
2:9
2:11
2:13
2:15
2:18
Он тљрт жылдан кийин Титти жаныма алып, Барнаба менен чогуу кайрадан Иерусалимге бардым.
Мен ал жакка Кудай ачып бергендиктен бардым. Бекер эле эмгектенбегенимди жана бекер эле эмгектенип жатпаганымды билиш єчєн, бутпарастардын арасында таратып жаткан Жакшы Кабар жљнєндљ љзгљчљ кадырлуу адамдарга айтып бердим.
Бирок алар мени менен жєргљн Титти да, эллин болгонуна карабастан, сєннљткљ отурууга мажбурлашкан жок,
ал эми биздин Машайак Ыйса аркылуу ээ болгон эркиндигибиз жљнєндљ астыртан билип алып, бизди кулга айландырыш єчєн,
Жыйынга жашыруун тєрдљ кирген жалган «бир туугандарга» бир азга да макул болгон жокпуз, кљнгљн жокпуз. Жакшы Кабардагы чындык силерде сакталыш єчєн ошенттик.
Кээ бирљљлљр тарабынан кадырлуу деп эсептелгендер (алардын качан, кантип кадырлуу болушкандыгы мен єчєн мааниге ээ эмес, анткени Кудайда бет карамалык жок) мага эч кандай кошумча нерсе жєктљшкљн жок.
Бирок Петирге сєннљткљ отургузулгандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылгандай эле, мага сєннљткљ отургузулбагандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылганын билишти.
Анткени Петирдин сєннљткљ отургузулгандардын арасындагы элчилик кызматын колдоп жаткан Кудай менин да бутпарастардын арасындагы элчилик кызматымды колдоп жатат.
Жыйындын кадыр-барктуу тиректери деп эсептелген Жакып, Кейфа жана Жакан Кудайдын мага кљрсљткљн ырайымы жљнєндљ билишип, мага жана Барнабага биргелешип иштљљ єчєн кол сунушту. Ошентип, биз бутпарастарга бара турган болдук, алар болсо сєннљткљ отургузулгандарга бара турган болушту.
Бирок алар бизден жакырларды эстен чыгарбообузду љтєнєштє, мен бул ишти бєт кєчєм менен аткарууга аракеттендим.
Петир Антийохеяга келгенде, мен ага ачык эле каршы чыктым, анткени анын кылганы туура эмес эле.
Жакып жиберген кишилер келгенге чейин, Петир бутпарастар менен чогуу тамактанып жєргљн. Бирок ошол сєннљткљ отургузулгандар келгенде, Петир коркуп, сєннљткљ отургузулбагандардан четтеп, алыстай баштаган.
Кээ бир жєйєттљр да ага окшоп эки жєздєєлєк кылышкан, атєгєл, Барнаба да аларга азгырылып, эки жєздєєлєк кылган.
Бирок мен алардын Жакшы Кабардагы чындыкка ылайык жашашпагандыгын кљргљнємдљ, бардыгынын кљзєнчљ Петирге: «Эгерде сен жєйєт болуп туруп, жєйєттљрдљй эмес, бутпарастардай жашап жатсањ, анда эмнеге бутпарастарды жєйєттљрдљй жашоого мажбурлап жатасыњ?» – деп айттым.
Биз жєйєт болуп тљрљлгљнбєз, кєнљљкљр бутпарастар эмеспиз.
Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталарын билебиз. Ошондуктан биз да мыйзамды аткаруу менен эмес, Машайакка ишенєє аркылуу акталыш єчєн, Машайак Ыйсага ишенип калдык. Анткени мыйзамды аткаруу менен эч бир адам акталбайт.
Эгерде Машайак аркылуу акталууга умтулуп жєргљн биз љзєбєз да кєнљљкљр болуп чыксак, анда Машайак кєнљљнєн кызматчысы болуп калабы? Албетте, жок!
Эгерде мен љзєм талкалаганды кайра куруп жатсам, анда љзємдє љзєм кылмышкер кылып жатам.
Себеби мен Кудай єчєн жашайын деп, мыйзам аркылуу мыйзам єчєн љлгљм. Мен Машайак менен кошо айкаш жыгачка кадалгам.
Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машайак жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сєйгљн жана менин ордума Љзєн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам.
Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм. Эгерде мыйзам аркылуу акталсак, анда Машайак бекер эле љлдє.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible