Скрыть
46:1
46:3
46:5
46:6
46:7
46:9
46:10
46:12
46:14
46:15
46:16
46:17
46:20
46:21
46:22
46:23
Кудай-Тењир мындай дейт: “Ички короонун чыгышты караган дарбазасы алты иш кєнє бою бек турушу керек, ал эми ишемби кєнє жана ай жањырган кєнє ачык болушу керек.
Тљрљ сырттагы дарбазанын кире бериш бљлмљсє аркылуу кирип, ошол дарбазанын кашектеринин жанында турат. Ыйык кызмат кылуучулар анын бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгы менен тынчтык курмандыгын чалышат. Ал дарбазанын босогосунун алдында Тењирге таазим кылат, анан сыртка чыгат, дарбазалар болсо кечке чейин ачык турат.
Ал жердин эли ишемби кєндљрє жана ай жањырганда, ушул дарбазанын кире бериш жеринде Тењирге таазим кылышат.
Тљрљнєн ишемби кєнє Тењирге арнап чала турган бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгы кемчиликсиз алты козу жана кемчиликсиз бир кочкор болуш керек.
Бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козуларга колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп алып келсин.
Ай жањырган кєнє ал кемчилиги жок бир букачар, ошондой эле кемчилиги жок алты козу жана бир кочкор чалсын.
Ал бир букачарга бир эйфа, бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козуларга колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп алып келсин.
Тљрљ келгенде, дарбазанын кире бериш бљлмљсє аркылуу кирип, ошол эле жол менен чыксын.
Ал жердин эли майрам кєндљрє Тењирдин алдына келгенде, табынуу єчєн тєндєк дарбазасы аркылуу киргендер тєштєк дарбазасы аркылуу чыгышсын, ал эми тєштєк дарбазасы аркылуу киргендер тєндєк дарбазасы аркылуу чыгышсын. Кирген дарбазасы аркылуу чыкпай, каршысындагы дарбаза аркылуу чыгышсын.
Тљрљ да алардын арасында болушу керек. Алар киргенде, ал да кирсин, алар чыкканда, ал да чыксын.
Майрамдарда жана салтанаттуу кєндљрдљ ал бир букачар єчєн бир эйфа, бир кочкор єчєн бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козулар єчєн колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгы єчєн бир гин зайтун майын тартууласын.
Эгерде тљрљ љз каалоосу менен Тењирге арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкты же тынчтык курмандыгын чалгысы келсе, анда ага чыгышты караган дарбазаны ачып беришсин. Ал љзєнєн бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгы менен тынчтык курмандыгын ишемби кєнє кандай чалса, ошондой чалат, андан кийин ал сыртка чыгат, ал сыртка чыккандан кийин дарбаза жабылат.
Тењирге арналып чалынуучу бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка кєн сайын кемчилиги жок бир жылдык козу алып кел. Аны кєн сайын эртењ менен алып кел.
Ал козу менен бирге кєн сайын эртењ менен эйфанын алтыдан бир бљлєгєнчљлєк нан курмандыгын, майда унду нымдаш єчєн гиндин єчтљн бир бљлєгєнчљлєк зайтун майын алып кел. Тењирге арналып тартуулануучу нан курмандыгы жљнєндљгє љзгљрєлбљс, тєбљлєк мыйзам ушундай.
Бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка козу, нан курмандыгын, зайтун майын кєн сайын эртењ менен єзбљй чалып турушсун”.
Кудай-Тењир мындай дейт: “Эгерде тљрљ љз уулдарынын ичинен бирљљнљ белек бере турган болсо, анда ал анын уулдарынын да мурасы болсун. Бул алардын мурасы болсун.
Эгерде ал љзєнєн мурасынан кулдарынын ичинен бирљљнљ белек бере турган болсо, анда ал белек ага эркиндикке чыккан жылына чейин гана таандык, андан кийин ал тљрљгљ кайра кайтат. Анын мурасы љз уулдарына гана љтєшє керек.
Бирок тљрљ элди мураска алган жеринен сєрєп чыгарып, анын мурасынан албашы керек. Менин элимдин ичинен эч ким љз мурасынан куулуп чыкпаш єчєн, ал љзєнєн уулдарына љзєнєн мурасынан гана бере алат”».
Анан ал мени дарбазанын капталындагы жол менен ыйык кызмат кылуучулардын тєндєктє караган ыйык бљлмљлљрєнљ ээрчитип келди. Ошол жерде, алардын арт жагында, батыш тарабында бир жер бар экен.
Анан ал мага: «Ыйык кызмат кылуучулар айып єчєн чалынуучу курмандыкты, кєнљљ єчєн чалынуучу курмандыкты жана нан курмандыгын бышыра турган жер ушул. Эл ыйыкталып калбаш єчєн, алар бул курмандыктарды сыртка алып чыгышпасын», – деди.
Анан ал мени сырткы короого алып чыгып, короонун тљрт бурчу менен алып љттє, короонун ар бир бурчунда дагы бирден короо бар экен.
Короонун тљрт бурчунда узундугу кырк чыканак, туурасы отуз чыканак болгон жабык короолор бар экен. Короонун тљрт бурчундагы короолордун ченеми бирдей экен.
Ал тљрт короону тегерете курчаган дубал бар экен, ал эми дубалдардын тєбєндљ коломтолор бар экен.
Анан ал мага: «Бул – курмандык бышыруучу жер, бул жерде ийбадаткананын кызматчылары элдин курмандыктарын бышырышат», – деди.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible