Скрыть
39:2
39:5
39:8
39:10
39:11
39:12
39:13
39:14
39:15
39:16
39:19
39:20
39:22
39:24
39:26
39:28
Сен болсо, адам уулу, Гокко каршы мындай деп пайгамбарчылык кыл: Кудай-Тењир мындай дейт: “Мешех менен Тубалдын башкы тљрљсє Гок, Мен сага каршымын!
Сени буруп келем, сени жетелеп, эњ алыскы тєндєк жеринен алып чыгып, Ысрайыл тоолоруна алып келем.
Сол колуњдагы жаањды кагып тєшєрљм, оњ колуњдагы жебелерињди ыргытам.
Сен љзєњдєн сансыз аскерињ менен, жаныњдагы элдер менен Ысрайыл тоолорунда љлљсєњ. Сени ар тєрдєє жырткыч канаттууларга жана талаа жырткычтарына жем кылам.
Сен ачык талаада љлљсєњ, анткени муну Мен айттым, – дейт Кудай-Тењир.
Магокко жана аралдарда бейкапар жашап жаткандарга от жиберем, ошондо Менин Тењир экенимди билишет.
Љзємдєн элим Ысрайылдын ичинде Љзємдєн ыйык ысымымды таанытам, мындан ары Љзємдєн ыйык ысымымдын булгануусуна жол бербейм, ошондо элдер Ысрайылдын ыйык Тењири Мен экенимди билишет”.
“Бул кєн келет, ордунан чыгат, – дейт Кудай-Тењир, – бул кєн – Мен айткан кєн.
Ошол кєнє Ысрайыл шаарларынын тургундары чыгып, курал-жарактар менен от жагышат: калкандар жана сооттор менен, жаалар жана жебелер менен, найзалар жана чокморлор менен от жагышат. Булар менен жети жыл от жагышат.
Талаадан отун ташышпайт, токойдон жыгач кыйышпайт, анткени жалањ курал-жарактар менен от жагышат. Љздљрєн карактагандарды каракташат, љздљрєн талап-тоногондорду талап-тоношот, – дейт Кудай-Тењир.
Ошол кєнє мындай болот: Ысрайыл жеринде, дењиздин чыгыш жагында жаткан жолоочулардын љрљљнєндљ Гокко бейит єчєн жер берем, ал бейит жолоочулардын жолун тосуп калат. Ал жерге Гокту жана анын сансыз аскерин кљмєшљт, ошентип, аны Амон-Гок љрљљнє деп аташат.
Жерди тазалаш єчєн, Ысрайыл аларды жети ай бою кљмљт.
Аларды ал жердин бардык эли кљмљт. Мен Љзємдє дањктаган кєн алар єчєн дањктуу кєн болот, – дейт Кудай-Тењир.
Жер бетин кљмєлбљй калгандардан тазалаш єчєн, аларды жолоочулардын жардамы менен кљмєє єчєн, жерди карап чыгууга туруктуу кишилерди дайындашат. Алар жети ай љткљндљн кийин издей башташат.
Жерди карап чыгуучулардын ичинен кимдир бирљљ ал жерден адамдын сљљгєн кљрсљ, анын жанына белги коюп коёт. Ал белги сљљк кљмєєчєлљр аны Гок љрљљнєнљ койгонго чейин турат.
Ошондуктан шаардын аты Амона деп аталат. Алар жерди ошентип тазалашат”.
Кудай-Тењир мындай дейт: “Сен болсо, адам уулу, ар тєрдєє канаттууларга жана талаа жырткычтарына айт: Чогулуп келгиле, Менин силер єчєн соё турган курмандыгыма, Ысрайыл тоолорундагы чоњ курмандыкка туш-туштан чогулуп келгиле, эт жеп, кан ичесињер.
Кєчтєє адамдардын этин жейсињер, жердин тљрљлљрєнєн канын ичесињер. Алардын баары – Башандын бордолгон кочкорлору, козулары, текелери жана букачарлары.
Менин силер єчєн сойгон курмандыгымдын майынан тойгуча жейсињер, канынан мас болгуча ичесињер.
Менин дасторконумдан аттарга жана чабандестерге, ар кандай кєчтєє адамдарга жана аскерлерге тоёсуњар”, – дейт Кудай-Тењир.
“Ошентип, Мен элдердин арасында Љзємдєн дањкымды кљрсљтљм, бардык элдер Менин жєргєзгљн сотумду, Менин алардын єстєнљ койгон колумду кљрєшљт.
Ошол кєндљн тартып, мындан ары Ысрайыл эли љздљрєнєн Кудай-Тењири Мен экенимди билет.
Ошондо элдер Ысрайыл љзєнєн кєнљљсє єчєн туткундалып кеткенин билишет. Алар Менин алдымда жєзє каралык кылышканы єчєн, Мен алардан Љз жєзємдє жашырып, аларды душмандарынын колуна салып бердим, ошондо алардын баары кылычтан кырылышты.
Мен аларга љздљрєнєн ыпыластыгы менен мыйзамсыздыгына жараша кылып, алардан Љз жєзємдє жашырдым”.
Ошондуктан Кудай-Тењир мындай дейт: “Жакыптын туткундалып кеткендерин азыр кайрып келем, бєт Ысрайылга ырайым кылам, Љзємдєн ыйык ысымыма болгон кызганычымды кљрсљтљм.
Алар љздљрєнєн жеринде эч ким коркутпай, коопсуз жашап жатышканда,
Мен аларды элдердин арасынан кайрып келгенде, аларды љздљрєнєн душмандарынын жеринен жыйнап келгенде, алар аркылуу кљп элдердин кљз алдында Љзємдєн ыйыктыгымды кљрсљткљндљ, алар љздљрєнєн Менин алдымда кылган кылмыштары менен мыйзамсыздыктарын сезишет.
Аларды элдердин арасына чачып, кайрадан љз жерине жыйнап келгенде, алар љздљрєнєн Кудай-Тењири Мен экенимди билишет. Ошондон кийин ал жерлерге алардын эч бирин калтырбайм.
Ошондон кийин Мен Љз жєзємдє алардан жашырбайм, анткени Мен Љз рухумду Ысрайылга тљгљм”», – дейт Кудай-Тењир.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible