Скрыть
38:1
38:5
38:7
38:9
38:10
38:11
38:12
38:13
38:14
38:15
38:17
38:18
Анан мага Тењирден сљз болду:
«Адам уулу! Магок жериндеги Тубал менен Мешехтин башкы тљрљсє болгон Гокко жєзєњдє буруп, ага каршы пайгамбарчылык кыл.
Ага айт: Кудай-Тењир мындай дейт: “Мешех менен Тубалдын башкы тљрљсє Гок, Мен сага каршымын.
Сени артка бурам, оозуња ооздук салып, сени жана бєт аскерињди, аттарыњды жана атчандарыњды, башынан аягына чейин куралданган, соот кийген, калкан кармаган, кылыч менен куралданган чоњ, сан жеткис аскерињди,
алар менен кошо калкан кармаган, туулга кийген персиялыктарды, эфиопиялыктарды, путтуктарды,
Гомерди жана анын бєт аскерин, тєндєк жеринен Тогарманы жана анын бєт аскерин, кљптљгљн элдерди сени менен кошо алып чыгам.
Сен љзєњдєн жаныња чогулган бєт аскерињ менен даяр бол, согушка даярдан, сен аларга жол башчы болосуњ.
Кљп кєндљрдљн кийин сен чакырыласыњ. Акыркы жылдары сен кылычтан кутулган жерге, кљп элдердин арасынан жыйналган ал жердин тургундарына, дайыма ээн турган Ысрайыл тоолоруна келесињ, бирок эми ал жердин тургундары элдердин арасынан кайрылып келип, коопсуздукта жашашат.
Сен љзєњдєн аскерињ менен, кљп сандаган элињ менен бороондой кљтљрєлєп, жерди каптаган булуттай болуп келесињ”.
Кудай-Тењир мындай дейт: “Ошол кєнє жєрљгєњљ бир ой келип, сен бир жаман иш ойлоп таап,
мындай дейсињ: «Дубал менен курчалбаган жерге чыгайын, коопсуздукта жашап жаткан бейкапар элге барайын, алардын баары дубалдары жок жашашат, алардын дарбазалары да, кулпулары да жок».
Талап-тонош єчєн, олжого тунуш єчєн, кайрадан эл отурукташкан урандыларга кол салыш єчєн, элдердин арасынан жыйналган, жер киндигинде жашап, чарба, соода жєргєзгљн элге кол салыш єчєн келесињ.
Шеба, Дыдан жана Таршыш кљпљстљрє, алардын жаш арстандары сага: «Сен талап-тонош єчєн келдињби, љзєњдєн сансыз аскерињди олжо табыш єчєн, алтын-кємєштљрдє тартып алыш єчєн, мал-мєлктљрдє чаап алыш єчєн, чоњ олжого тунуш єчєн жыйнадыњбы?» – дешет”.
Ошондуктан, адам уулу, пайгамбарчылык кылып, Гокко айт: Кудай-Тењир мындай дейт: “Чыны менен эле, сен ошол кєнє Менин элим Ысрайыл коопсуз жашап жатканын билип,
љзєњдєн жерињ болгон тєндєк жеринен чыгып, кљптљгљн элдер менен – атчандар менен, жоон топ менен, кљп сандаган аскер менен келесињ.
Жерди каптаган булутка окшоп, Менин элим Ысрайылга каршы чыгасыњ. Бул акыркы кєндљрє болот. Элдер Мени таанып билиши єчєн, Мен сени, Гок, Љз жериме каршы алып келем, элдердин алдында сен аркылуу Љзємдєн ыйыктыгымды кљрсљтљм”.
Кудай-Тењир мындай дейт: “Байыркы кєндљрє: «Мен сени аларга каршы алып келем», – деп, ошол убакта пайгамбарчылык кылган Љзємдєн кулдарым – Ысрайыл пайгамбарлары аркылуу сен жљнєндљ айткан эмес белем?
Гок Ысрайыл жерине келген кєнє, – дейт Кудай-Тењир, – Менин каарым жалындап кєйљт.
Мен Љзємдєн кызганычым менен, Љзємдєн каарым кєйєп турганда, мындай деп айткам: Чын эле, ошол кєнє Ысрайыл жеринде љтљ катуу жер титирљљ болот.
Ошондо Менин жєзємдљн дењиз балыктары, асман канаттуулары, талаа жырткычтары, сойлоп жєрєєчє жаныбарлар, жер бетиндеги бардык адамдар титирешет, тоолор урайт, аска-зоолор кулайт, бєт дубалдар жер менен жер болот.
Љзємдєн бардык тоолорумда Гокко каршы кылыч чакырам, – дейт Кудай-Тењир. – Ар бир адамдын кылычы љзєнєн бир тууганына каршы чабылат.
Аны жугуштуу оору менен, кан тљгєє менен жазалайм, анын єстєнљ, анын аскеринин єстєнљ, анын жанында жєргљн бєт элдин єстєнљ кара нљшљр жана таш мљндєр, от жана кєкєрт тљгљм.
Ошентип, Љзємдєн улуулугумду жана ыйыктыгымды кљрсљтљм, кљп элдерге Љзємдє таанытып билдирем, ошондо Менин Тењир экенимди билишет”.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible