Скрыть

Рут китеби, Глава 1

1:3
1:5
1:7
1:10
1:11
1:12
1:13
1:14
1:15
1:18
1:19
1:22
Башкаруучулар башкарып турган кєндљрє Жєйєт аймагында ачарчылык болду. Жєйєт аймагынын Бейт-Лехем шаарынан бир киши аялы, эки уулу менен Маап талааларына жашаганы кетти.
Ал кишинин ысымы Элимелек, аялынын ысымы Наами, ал эми эки уулунун ысымдары Махлон жана Килийон эле. Алар Жєйєт жеринин Бейт-Лехеминен чыккан эфраталыктар эле. Алар Маап талааларына келип, ошол жерде калышты.
Нааминин кєйљљсє Элимелек кљз жумуп, Наами эки уулу менен калды.
Алар Маап кыздарынан аял алышты. Биринин ысымы Орпа, экинчисинин ысымы Рут эле. Алар ошол жерде он жылга жакын жашашты.
Бирок анын эки уулу тењ: Махлон да, Килийон да кљз жумду. Ал аял эки уулу менен кєйљљсєнљн ажырап, жалгыз калды.
Ошондо ал келиндери менен Маап талааларынан чыгып, кайра љз жерине жљнљдє, анткени Маап талааларында жашап турганда, Кудай Љз элине келгенин, аларга нан бергенин укту.
Ал жашап турган жеринен чыкты, аны менен кошо эки келини да жљнљдє. Жєйєт жерине кайтып бара жаткан жолдо Наами эки келинине:
«Баргыла, ар бирињер љз энењердин єйєнљ кайткыла. Маркумдарга жана мага кылганыњарга жараша Тењир силерге ырайым кылсын!
Тењир батасын берип, экљљњ тењ кєйљљгљ чыгып, баш паана тапкыла!» – деди. Анан аларды љптє, бирок алар буркурап ыйлап:
«Жок, биз сени менен кошо сенин элиње кайтабыз», – дешти.
Наами болсо мындай деди: «Кайткыла, кыздарым. Мени менен барып эмне кыласыњар? Менин ичимде силерге кєйљљ боло турган балдарым бар бекен?
Кайткыла, кыздарым, баргыла. Мен эми кєйљљгљ тийгидей, жаш эмесмин. Эгерде мен: “Менден дагы эле ємєттљнсљњљр болот”, – десем да, атєгєл, ушул тєнє кєйљљм менен болуп, уулдуу болсом да,
алар чоњойгуча кєтєп жєрмљк белењер? Кєйљљгљ чыкпай жєрљ бермек белењер? Жок, кыздарым, силерди ойлоп, аябай капаланып жатам, анткени Тењирдин колу мага каршы кљтљрєлдє».
Алар кайрадан буркурап ыйлай башташты. Ошондо Орпа кайын энеси менен коштошту, Рут болсо аны менен калды.
Наами Рутка: «Мына, келинињ љз элине, љз кудайларына кайтты. Келинињдин артынан сен да кайт», – деди.
Бирок Рут: «Сени таштап, кайтып кетєєгљ мени мажбурлаба. Сен кайда барсањ, мен да ошол жакка барам; сен кайсы жерде жашасањ, мен да ошол жерде жашайм. Сенин элињ менин элим, сенин Кудайыњ менин Кудайым болот.
Сен кайсы жерде љлсљњ, мен да ошол жерде љлљм, сљљгєм ошол жерге коюлат. Тењир мени жазаласын, катуу жазаласын. Мени сенден љлєм гана ажыратат», – деди.
Наами Руттун љзє менен бирге кетєєнє бекем чечкенин кљрєп, кљндєргљнєн токтотту.
Ошентип, экљљ Бейт-Лехемге чогуу келишти. Алар Бейт-Лехемге келгенде, бєт шаар кыймылга келип: «Бул Наамиби?» – дешти.
Наами аларга: «Мени Наами деп чакырбагыла, мени Мара деп чакыргыла, анткени Бардыгын Кармап Туруучу мени оор кайгыга салды.
Мен бул жактан тєгљл кеткем, бирок Тењир мени куру кол кайтарды. Тењир мени айыптаган соњ, Бардыгын Кармап Туруучу башымды кайгыга салган соњ, мени Наами деп чакыруунун эмне кереги бар?» – деди.
Ошентип, Наами кайтып келди. Аны менен кошо Маап талааларынан келген мааптык келини Рут кайтып келди. Алар Бейт-Лехемге арпа орула баштаганда келишти.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible