Скрыть
Псалом 46 
46:1
46:2
46:4
46:5
46:8
46:10
Псалом 47 
47:1
47:5
47:9
47:10
47:12
47:13
47:14
Псалом 48 
48:1
48:2
48:3
48:4
48:6
48:12
48:14
48:17
48:20
Псалом 49 
49:6
49:8
49:10
49:11
49:13
49:20
49:22
Псалом 50 
50:1
50:4
50:10
50:11
50:14
Псалом 51 
51:1
51:5
51:6
51:8
Псалом 52 
52:1
52:4
52:5
Псалом 53 
53:1
53:3
53:6
53:7
53:8
Псалом 54 
54:1
54:3
54:5
54:6
54:7
54:8
54:9
54:10
54:12
54:13
54:15
54:16
54:17
54:19
54:21
Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.
Бардык элдер, кол чапкыла, Кудайды кубанычтуу єн менен чакыргыла!
Анткени кудуреттєє Тењир коркунучтуу, Ал – бєт жер єстєндљгє улуу Падыша.
Бизге элдерди баш ийдирди, урууларды бут алдыбызга жыкты.
Ал бизге мурасты, Љзє сєйгљн Жакыптын сыймыгын, тандап берди.
Кудай кубанычтуу кыйкырыктардын коштоосунда, Тењир сурнайдын коштоосунда жогору кљтљрєлдє.
Биздин Кудайды мактап ырдагыла, ырдагыла. Биздин Падышаны мактап ырдагыла, ырдагыла.
Анткени Кудай – бєт жер жєзєнєн Кудайы. Баарыњар тєшєнєп ырдагыла.
Кудай элдердин єстєнљн падыша болду; Кудай Љзєнєн ыйык тактысына отурду.
Бардык элдердин тљрљлљрє Ыбрайымдын Кудайынын эли катары чогулду, анткени жердеги калкандар Кудайдыкы. Кудай алардын єстєнљн љтљ бийик кљтљрєлдє.
Ыр. Забур. Корактын уулдарыныкы.
Тењир биздин Кудайыбыздын шаарында, Љзєнєн ыйык тоосунда улуу, тєбљлєк дањктоого татыктуу.
Сион тоосу – эњ сонун бийиктик, бєт жер жєзєнєн кубанычы. Анын тєндєк тарабында улуу Падышанын шаары жайгашкан.
Кудай анын сарайларында тирек катары белгилєє.
Падышалардын баары чогулуп, согушка аттанышты.
Бирок алар бул шаарды кљргљндљ, коркуп кетишти, єрљйлљрє учуп, артка качышты.
Аларды коркунуч каптады, толгоо тарткан аялдай кыйналышты.
Сен чыгыш шамалы менен Таршыш кемелерин кыйраттыњ.
Биз Себайот Тењирдин шаарында, биздин Кудайдын шаарында, эмнени уксак, азыр ошону кљрдєк. Кудай аны тєбљлєккљ бекемдейт.
Кудай, биз Сенин ийбадатканањдын ичинде Сенин ырайымыњ жљнєндљ ойлондук.
Кудай, Сенин ысымыњ сыяктуу эле дањкыњ да тљгљрљктєн тљрт бурчуна жетет. Сенин оњ колуњ адилеттикке толгон.
Сион тоосу шаттансын, Тењир, туура љкємдљрєњ єчєн Жєйєт кыздары кубанышсын.
Сион тоосун тегеректеп, аны айланып чыккыла. Анын мунараларын санап чыккыла.
Љз жєрљгєњљрдє анын чептерине бургула. Келечек муунга айтып бериш єчєн, анын єй-жайларын карап чыккыла.
Анткени бул Кудай биздин тєбљлєк Кудайыбыз. Ал биз љлгљнгљ чейин да жол башчыбыз болот.
Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.
Бардык элдер, муну уккула. Бєт ааламда жашап жаткандар, буга кулак салгыла.
Карапайымдар да, атактуулар да, байлар да, жакырлар да – баарыњар уккула.
Менин оозум акылдуу сљздљрдє сєйлљйт, жєрљгємдєн ойлогону – билим.
Кулагымды накыл сљзгљ бурам. Гусли чертип, табышмагымды ачам:
«Башыма кыйынчылык тєшкљн кєндљрє, душмандарымдын мыйзамсыздыгы мени курчап алганда, эмне єчєн коркушум керек?»
Љз кєчєнљ ишенгендер жана кљп байлыгы менен мактангандар!
Адам љз бир тууганын эч куткара албайт, аны куткарып алуу єчєн, Кудайга кун тљлљй албайт.

9-10 Алардын жанын куткарып алуу баасы љтљ кымбат. Адам тєбљлєк жашаш єчєн жана мєрзљнє кљрбљш єчєн, эч качан эч кандай кун тљлљй албайт.

Акылдуу адамдар акылсыз адамдар сыяктуу эле љлєп жатышканы, эси жоктор љлєп, дєнєйљлљрєн башкаларга калтырып жатышканы ар бир эле адамга айкын.
Алардын ою боюнча єйлљрє тєбљлєк турат, єй-жайлары укумдан-тукумга калат, ошондуктан жерлерин љздљрєнєн ысымдары менен аташат.
Бирок адамдын атак-дањкы тєбљлєктєє эмес, анткени адам љлљ турган жаныбарларга эле окшош.
Алардын бул жолу – акылсыздык, аларды жолдогондор болсо алардын ойлорун туура кљрєшљт.
Аларды койлор сыяктуу љлгљндљр жаткан жайга камашат. Аларды љлєм кайтарат, эртењ менен адил адамдар алардын єстєнљн бийлик жєргєзєшљт. Алардын кєчє жок болот, алардын турагы – мєрзљ.
Бирок Кудай мени кабыл алып, жанымды љлгљндљр жаткан жайдын бийлигинен куткарат.
Адам байый баштаганда, анын єйєнєн атак-дањкы арта баштаганда, коркпо.
Анткени ал љлєп бара жатканда, эч нерсени ала кетпейт. Атак-дањкы артынан кетпейт.
Ал тирєє кезинде љз жанын кадырлап-кастарласа да, љзєн љзє камсыз кылганы єчєн адамдар аны макташса да,
ал љзєнєн ата-бабаларынын артынан барат, алар эч убакта жарыкты кљрєшпљйт.
Атак-дањктуу, бирок акылсыз адам љлљ турган жаныбарларга эле окшош.
Асаптын забуру. Кудайлардын Кудайы, Тењир, єн салып, кєн чыгыштан кєн батышка чейин жер жєзєндљгєлљрдєн бардыгын чакырат.
Кудай сулуулуктун туу чокусу болгон Сион тоосунан келет.
Кудайыбыз келе жатат, Ал унчукпай келе жаткан жок: Анын алдында – баарын жалмаган от, тегерегинде – катуу бороон.
Ал Љз элин соттоо єчєн, жогорудан асман менен жерге чакырык салып жатат:
«Курмандыктын жанында Мени менен келишим тєзгљн Менин ыйыктарымды чогулткула».
Асман Анын чындыгын жар салып жатат, анткени бул Сот – Кудай Љзє.
«Элим, Мени ук, Мен сєйлљйм, Ысрайыл, Мен сага каршы кєбљгљ љтљм. Мен Кудаймын, сенин Кудайыњмын.
Мен сени курмандыктарыњ єчєн жемелебейм. Сенин бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарыњ дайыма Менин алдымда.
Сенин єйєњдљн букачар да албайм, сенин корооњдон теке да албайм.
Анткени токойдогу жаныбарлардын баары Меники, тоодогу мињдеген мал да Меники.
Тоодогу бардык куштарды билем, талаадагы жаныбарлар Менин алдымда.
Эгерде Мен ачка болсом да, сага айтмак эмесмин, анткени бєткєл аалам жана анда жашагандардын баары Меники.
Мен букачардын этин жемек белем? Текенин канын ичмек белем?
Кудайга мактоо курмандыгын алып кел, кудуреттєє Кудайга берген убадаларыњды аткар.
Башыња кыйынчылык тєшкљн кєнє Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени дањктайсыњ».
Кєнљљкљргљ болсо Кудай мындай дейт: «Эмне єчєн сен Менин мыйзамдарымды жар саласыњ, осуятымды оозуња аласыњ?
Сен Менин мыйзамдарымды жек кљрљсєњ, Менин сљздљрємдє таштап салдыњ.
Ууруну кљргљндљ, ага кошулуп кетесињ, ойноштук кылгандарга кошулуп ойноштук кыласыњ.
Оозуњдан жаман сљздљр чыгат, тилињ болсо жалган сљздљрдє куюлуштуруп сєйлљйт.
Отуруп алып бир тууганыња каршы сєйлљйсєњ, љз энењдин уулун жамандайсыњ.
Сен ушундай кылдыњ, бирок Мен унчуккан жокмун. Љзєњ кандай болсоњ, Мени да ошондой ойлодуњ. Айыбыњды ачып, кєнљљњдє љз кљзєњљ кљрсљтљм.
Кудайды унуткандар, мына ушуну тєшєнгєлљ, болбосо Мен силерди тытып жок кылгым келсе, эч ким куткарбайт.
Мага мактоо курмандыгын алып келген адам – Мага урмат кљрсљткљн адам. Љз жолун байкап жєргљн адамга Мен Кудайдын куткаруусун кљрсљтљм».
Ырчылар тобунун башчысына.
Дљљт Бат-Шебага жакындагандан кийин, ага Натан пайгамбар келгендеги Дљљттєн забуру.
Кудайым, мени Љзєњдєн улуу ырайымыњ боюнча ая, Љзєњдєн улуу кайрымдуулугуњ боюнча кєнљљлљрємдє љчєрєп сал.
Кєнљљлљрємдє тазаргыча жууп, кылмышымдан тазала.
Анткени мен кєнљљлљрємдє мойнума алам, кылмышым кљз алдымдан кетпейт.
Мен Сага, бир гана Сага каршы кєнљљ кылдым, Сенин кљз алдыњда жаман иш кылдым. Сенин љкємєњ адилет, Сенин сотуњ таза.
Мен бойго бєткљндљн тартып эле кєнљљкљрмєн, энемден кєнљљкљр болуп тљрљлгљм.
Сен жєрљктљгє чындыкты сєйљсєњ, ички дєйнљмљ акыл бердињ.
Мага иссоп менен кан чач, ошондо таза болом. Мени жуу, ошондо кардан ак болом.
Мага кубаныч менен шаттыктын єнєн угуз, ошондо Сен талкалаган сљљктљрєм сєйєнљт.
Кєнљљлљрємдљн жєзєњдє бур, менин кылмыштарымдын баарын љчєр.
Кудайым, таза жєрљк жарат, рухумду жањыла.
Менден жєзєњдє бурба, менден Љзєњдєн Ыйык Рухуњду алба.
Мага Љзєњдєн куткаруу кубанычыњды кайтарып бер, бийлиги бар Рухуњ менен мени бекемде.
Мыйзамсыздарга Сенин жолуњду єйрљтљм, ошондо кудайсыздар Сага кайрылышат.
Кудайым, куткаруучу Кудайым, мени кандан куткар, менин тилим Сенин адилеттигињди дањазалайт.
Тењир! Менин оозумду ач, ошондо менин оозум Сенин дањкыњды жар салат.
Анткени Сен курмандыкты каалабайсыњ, мен аны берер элем. Бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкты жактырбайсыњ.
Чын жєрљктљн љкєнєє – Кудай алдында курмандык. Сен љкєнєп, моюн сунган жєрљктє жек кљрбљйсєњ.
Љз ырайымыњ менен Сионго ырайым кыл. Иерусалим дубалдарын кайра тургуз.
Ошондо адилеттик курмандыктары, тартуулар, бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктар Сага жагымдуу болот. Ошондо Сенин курмандык чалынуучу жайыњда букачарларды курмандыкка чалышат.
Ырчылар тобунун башчысына.
Эдомдук Дойек Шабулга келип: «Дљљт Акимелектин єйєнљ келди», – деп билдиргенден кийинки Дљљттєн єйрљтєєсє.
Зулум адам, эмнеге сен кыянат ишињ менен мактанып жатасыњ? Кудайдын ырайымы дайыма мени менен.
Тилињ љлємдє тилеп жатат, жаман ойлуу, сенин тилињ курч устарадай.
Сен жакшылык кылганга караганда, жамандык кылганды жакшы кљрљсєњ, чындыкка караганда калп айтканды жакшы кљрљсєњ.
Адамды љлтєрљ турган ар кандай сљздљрдє, жалган сєйлљгљндє жакшы кљрљсєњ.
Ошон єчєн Кудай сени таптакыр кыйратат, сени љзєњдєн турак-жайыњдан, тамырыњды тирєєлљр жашаган жерден сууруп алып ыргытат.
Адил адамдар кљрєп коркуп калышат. Сага кєлєп, мындай дешет:
«Мына бул адам Кудайга таянган эмес, тескерисинче, байлыгынын молдугуна таянган, кыянат иштери менен кєч алган».
Мен болсо Кудайдын єйєндљгє кљгљрєп турган зайтун дарагындаймын. Кудайдын ырайымына ар дайым таянам.
Кылган иштерињ єчєн мен Сени тєбљлєккљ дањктайм жана Сенин ысымыња таянам, анткени ыйыктарыњдын алдында Сенин ысымыњ жакшы.
Ырчылар тобунун башчысына. Yйлљмљ аспап менен. Дљљттєн єйрљтєєсє.
Акылсыз љз жєрљгєндљ: «Кудай жок», – дейт. Алар бузулуп, жийиркеничтєє кылмыштарды кылышты. Жакшылык кылган бир да адам жок.
Кудайды издеген акылдуу адам барбы же жокпу, кљрєш єчєн, Кудай асмандан адам баласын карады.
Бардыгы жолдон чыгышты, бардыгы бирдей жараксыз болуп калышты. Жакшылык кылган адам жок, бирљљ да жок.
Мыйзамсыз иш кылгандар, менин элимди нандай жегендер, Кудайды чакырбагандар, чын эле, акылына келишпейби?
Алар коркунуч жок жерде коркушат, анткени Кудай сага каршы чыккандардын сљљктљрєн чачат. Сен аларды уяткарасыњ, анткени Кудай аларды четке каккан.
Ким Сион тоосунан Ысрайылды куткарат? Кудай Љз элин туткундан љз жерине кайра алып келгенде, Жакып кубанат, Ысрайыл шаттанат.
Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен.
Зуптуктар Шабулга келип: «Дљљт биздин жерде жашынып жатат», – дешкенден кийинки Дљљттєн єйрљтєєсє.
Кудай! Мени Љзєњдєн ысымыњ єчєн сакта, мага Љзєњдєн кєчєњ менен љкєм чыгар.
Кудай! Менин сыйынуумду ук, менин оозуман чыккан сљздљргљ кулак сал.
Анткени жат эл мага каршы чыкты, зулумдар мени љлтєрєєнє каалап жатышат. Алар Кудайдын алдына келєєнє каалашпайт.
Кудай менин жардам берєєчєм. Тењир менин жаныма кєч берет.
Ал менин душмандарымды кыянаттыгы єчєн жазалайт. Аларды Љз чындыгыњ менен кырып сал.
Мен Сага чын жєрљктљн курмандык чалам. Сенин ысымыњды дањктайм, Тењир, анткени Сенин ысымыњ жакшы.
Анткени Сен мени бардык кайгыдан куткардыњ, кљздљрєм душмандарыма тике карады.
Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дљљттєн єйрљтєєсє.
Оо Кудай, менин сыйынуумду ук, менин жалбарган єнємдє укпай койбо.
Мени тыњша, мага кулак сал. Кайгыдан кыйналып онтоп жатам,
душмандын єнєнљн, кудайсыздын кысымынан коркуп жатам. Анткени алар мага каршы мыйзамсыз иштерди жасап жатышат, каарданып, кастык кылып жатышат.
Жєрљгєм титиреп жатат, мени љлєм коркунучу каптады.
Мени коркунуч менен калтырак басты, єрљйдє учурган коркунуч каптады.
Ошондо мен мындай дедим: «Ким мага кљгєчкљндєкєндљй канат берет? Мен учуп чыгып, тынч алар элем.
Алыска учуп кетип, ээн чљлдљ жашар элем.
Куюндан, бороондон жашынганга шашылар элем».
Тењир, аларды талкала, аларды ар кандай тилдерге бљл, анткени мен шаарда болуп жаткан зордук-зомбулукту, чыр-чатакты кљрєп жатам.
Алар кєн-тєн дебей, шаар дубалдарын айланып жєрєшљт. Шаар ичинде – кыянатчылык менен кыйынчылык.
Анын дал ортосунда – бєлгєн-чапкын. Шаардын кљчљлљрєнљн алдамчылык менен эки жєздєєлєк кетпейт.
Анткени мени шылдыњдап жаткан адам душманым эмес, аны мен кљтљрмљкмєн. Мага менменсинип жаткан адам мени жек кљргљн адам эмес, андан мен качып кутулмакмын:
бирок ошол сенсињ, жандай кљргљн досум, жакын адамым.
Сен экљљбєз чын жєрљктљн сырдашчу элек, Кудайдын єйєнљ бирге барчу элек.
Алардын тєбєнљ љлєм жетсин, алар љлгљндљр жаткан жайга тирєєлљй тєшсєн, анткени алардын єйєндљ, алардын арасында кыянаттык бар.
Ал эми мен Кудайды чакырам, ошондо Тењир мени куткарат.
Эртењ менен да, тєштљ да, кечинде да жалынып жалбарам, ошондо Ал менин єнємдє угат.
Ким менин жанымды мага каршы чыккандардан тынчтык менен куткарат, анткени мага каршылар кљп.
Кылымдардан бери тактыда отурган Кудай угуп, аларды моюн сундурат, анткени аларда эч љзгљрєє жок, алар Кудайдан коркушпайт.
Алар љздљрє менен тынч жашагандарга кол салып, љздљрєнєн келишимин бузушту.
Алардын ооздору майдан да жумшак, бирок жєрљктљрєндљ – кастык. Сљздљрє зайтун майынан да жумшак, бирок љздљрє – кындан суурулган кылыч.
Љз тєйшєктљрєњдє Тењирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттєє адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт.
Кудайым, Сен аларды љлєм оруна тєшєрљсєњ, канкорлор менен кара ниеттер љмєрєнєн жарымын да жашабайт. Ал эми мен, Тењир, Сага гана таянам.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible