Скрыть
24:3
24:4
24:5
24:8
24:9
24:10
24:13
24:14
24:18
24:22
24:25
24:26
24:27
24:28
24:30
24:32
Жаман адамдарга кљз артпа, алар менен чогуу болууну каалаба.
Анткени алардын жєрљгє зордук-зомбулук жљнєндљ ойлойт, тили жамандык жљнєндљ сєйлљйт.
Yй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет.
Yй ичи ар кандай кымбат баалуу, сонун мєлккљ билгичтик менен толтурулат.
Акылдуу адам кєчтєє, даанышман адам љзєнєн кєч-кубатын чыњдайт.
Ошондуктан согушту ойлонуп жєргєз. Кљп кењеш ийгиликке жеткирет.
Акылмандык акылсыз адам єчєн љтљ бийик, дарбаза алдында ал ооз ачпайт.
Жамандык кылууну ойлогон адамды кара ниет дешет.
Акылсыз адамдын ою – кєнљљ, шылдыњчыл адам адамдар єчєн жийиркеничтєє.
Эгерде сен башыња мєшкєл тєшкљн кєнє алсыз экенињди сезсењ, анда кєчєњ аз.
Љлємгљ кыйылгандарды куткар. Љлємгљ љкєм кылынгандарды куткаруудан кантип баш тартасыњ?
Сен: «Мына, биз муну билген эмес элек», – дегени турасыњбы? Эмне, жєрљктљрдє Сыноочу билбейт бекен? Сенин жєрљгєњдє Байкап Туруучу муну билет, Ал адамга кылган ишине жараша тиешесин берет.
Уулум, бал же, анткени ал жагымдуу, даамы тањдайыњан кетпеген балды да же.
Акылмандыкты таанып билєє да сенин жаныња дал ошондой жагымдуу. Эгерде аны тапкан болсоњ, анда келечегињ бар, ємєтєњ ишке ашат.
Мыйзамсыз, адил адамдын єйєнљ жамандык ойлобо, анын жаткан жайын талап-тонобо.
Анткени адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат, ал эми мыйзамсыздар жыгылып, љлємгљ дуушар болушат.
Душманыњ кулаганда сєйєнбљ, ал мєдєрєлгљндљ жєрљгєњ кубанбасын.
Анткени муну Тењир кљрљт, бул Ага жакпайт, Ал Љзєнєн ага болгон каарын токтотуп коёт.
Жамандык кылгандарга ачууланба, мыйзамсыздарга кљз артпа.
Анткени жамандык кылгандардын келечеги жок, мыйзамсыздардын чырагы љчљт.
Уулум, Тењирден жана падышадан корк, козголоњчулар менен байланышпа.
Анткени Тењир менен падышадан љлєм кєтєлбљгљн жерден келет, экљљнљн келе турган кыйроону ким алдын ала айта алат?
Акылмандар да: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес», – деп айтышкан эмеспи.
Кєнљљкљргљ: «Сеники туура», – деген адамды эл каргайт, аны уруулар жек кљрљт.
Ал эми айыпты ашкерелегендерди эл жакшы кљрљт, алар бата алышат.
Туура жооп ооздон љпкљндљй.
Адегенде єйєњдљн сырткаркы иштерди жаса, талаадагы иштерињди бєтєр, анан єйєњдє кур.
Жакыныња жалган кєбљ болбо. Жалган сєйлљп эмне кыласыњ?
«Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам, ага кылганына жараша тиешесин берем», – дебе.
Мен жалкоо кишинин талаасынын жанынан, кем акыл кишинин жєзємзарынын жанынан љттєм.
Баарын тикенек басып кетиптир, аны чалкан каптап калыптыр, таш дубалы урап калыптыр.
Муну кљрєп, жєрљгємдє љзгљрттєм, муну кљрєп, љзємљ сабак алдым:
«Бир аз уктай турсањ, бир аз єргєлљп жата турсањ, бир аз колуњду бооруња алып жата турсањ,
жакырлык сага жолоочудай кирип келет, муктаждык сага куралдуу кишидей кирип келет».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible