Скрыть
19:2
19:3
19:6
19:8
19:10
19:11
19:15
19:18
19:20
19:21
19:22
19:23
19:24
19:25
19:29
Ыйса бул сљздљрдє айтып бєткљндљн кийин, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын наркы љйєзєнљ, Жєйєт аймагына келди.
Аны кљп эл ээрчип алды. Ыйса ал жерде оорулууларды айыктырды.
Ыйсанын жанына фарисейлер келишти да, Аны сынап: «Эркек ар кандай себептен улам аялы менен ажырашса болобу?» – деп сурашты.
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Жаратуучу эњ башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белењер?
Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экљљ бир дене болот.
Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын».
Алар Ыйсага: «Анда эмне єчєн Муса талак кат берип, аялын кетирсе боло тургандыгы жљнєндљ айтты эле?» – дешти.
Ыйса аларга: «Таш боор болгонуњардан улам, Муса аялыњарды кетирєєгљ уруксат берген. Бирок башында мындай эмес болчу.
Бирок Мен силерге айтып коёюн, ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Кєйљљсє кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот», – деди.
Шакирттери Ыйсага: «Эгерде эркектин аялынын алдындагы милдети ушундай болсо, анда єйлљнбљй эле койгон жакшы», – дешти.
Ыйса болсо аларга мындай деди: «Бул сљздє ар бир эле адам кабыл ала албайт. Кимге берилсе, ошол гана кабыл ала алат.
Анткени жыныстык байланышка тубаса жараксыз адамдар бар. Адамдар тарабынан бычылгандар да бар, Асман Падышачылыгы єчєн љздљрєн љздљрє ошондой кылгандар да бар. Кабыл ала алган адам кабыл алсын».
Колун коюп сыйынсын деп, кээ бирљљлљр Ыйсанын жанына балдарын алып келишти. Шакирттер болсо аларга тоскоолдук кылышты.
Ыйса аларга: «Балдарды коё бергиле, алардын Мага келєєсєнљ тоскоолдук кылбагыла. Анткени Асман Падышачылыгы ушундайлардыкы», – деди.
Балдардын єстєнљ колун коюп сыйынгандан кийин, Ыйса ал жерден кетти.
Бир жигит келип, Ыйсадан: «Жакшы Устат! Тєбљлєк љмєргљ ээ болуш єчєн, кандай жакшы иш кылуум керек?» – деп сурады.
Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсињ? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. Тєбљлєк љмєргљ ээ болууну кааласањ, Анын осуяттарын аткар», – деди.
«Кайсы осуяттарды?» – деди ал. Ыйса ага мындай деди: «Киши љлтєрбљ, ойноштук кылба, уурдаба, бирљљгљ жалаа жаппа,
ата-энењди сыйла, љзєњдє кандай сєйсљњ, жакыныњды да ошондой сєй».
Ошондо жигит Ага: «Мунун баарын мен жаш кєнємдљн бери сактап келем. Мага дагы эмне жетишпейт?» – деди.
Ыйса ага: «Эгерде жеткилењ болууну кааласањ, бар да, мал-мєлкєњдєн баарын сатып, жардыларга таратып бер. Ошондо асманда казынањ болот. Анан келип, Менин артымдан ээрчи», – деди.
Бул сљздє укканда, жигит капаланып кетип калды. Анткени анын мал-мєлкє кљп эле.
Ыйса шакирттерине мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кыйын.
Дагы айтарым, бай адамдын Асман Падышачылыгына кирєєсєнљ караганда, ийненин кљзєнљн тљљнєн љтєєсє оњоюраак».
Муну уккан шакирттер аябай тањ калышып: «Анда ким куткарылат?» – дешти.
Ыйса болсо аларды карап: «Адамдар муну кыла алышпайт, ал эми Кудай бардыгын кыла алат», – деди.
Ошондо Петир мындай деди: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жєрљбєз. Бул єчєн эмне алабыз?»
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, жањы жашоодо Адам Уулу Љзєнєн улуу тактысына отурганда, Мени ээрчип жєргљн силер да он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусуна бийлик жєргєзљсєњљр.
Менин ысымым єчєн єй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же љз жерин таштаган адам жєз эсе алат жана тєбљлєк љмєрдє мурастайт.
Биринчилердин кљпчєлєгє акыркы, акыркылардын кљпчєлєгє биринчи болот.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible