Скрыть
14:2
14:4
14:5
14:6
14:7
14:8
14:9
14:11
14:13
14:14
14:15
14:16
14:17
14:19
14:20
14:21
14:23
14:24
14:25
14:26
14:29
14:31
14:33
14:34
14:35
14:37
14:39
14:40
14:41
14:42
14:44
14:45
14:46
14:47
14:48
14:50
14:51
14:52
14:54
14:56
14:57
14:59
14:60
14:63
14:64
14:65
14:67
14:68
14:69
14:70
14:71
Пасах жана Ачыткысыз нан майрамына эки кєн калган эле. Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйсаны куулук менен кармап алуунун, љлтєрєєнєн жолун издеп жатышты.
Бирок алар: «Майрам кєндљрє болбойт, болбосо эл арасында козголоњ чыгып кетет», – деп сєйлљшєштє.
Ыйса Бетанияда, пес оорулуу Шымондун єйєндљ, дасторкондо отурганда, айнек идишке куюлган, кымбат баалуу, нарддан жасалган жыпар жыттуу, таза май алып, бир аял келди. Ал идиштин оозун сындырып, майды Ыйсанын башына куйду.
Ошондо кээ бирљљлљр ачууланышып, љз ара: «Жыпар жыттуу майды мынча ысырап кылуунун эмне кереги бар эле?
Аны єч жєздљн ашык динарийге сатып, жакырларга таратып берсе болмок да», – дешти. Ошентип, алар аялга нааразы болушту.
Бирок Ыйса аларга мындай деди: «Аны жайына койгула, эмнеге аны оњтойсуздандырып жатасыњар? Ал Мен єчєн жакшы иш кылды.
Анткени жакырлар ар дайым жаныњарда болот, аларга каалаган убагыњарда жакшылык кыла аласыњар. Мен болсо силер менен дайыма эле боло бербейм.
Бул аял колунан келгенин кылды. Мени кљргљ коюуга даярдаш єчєн, алдын ала денемди майлады.
Силерге чындыкты айтып коёюн, бул Жакшы Кабар дєйнљнєн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жљнєндљ да айтылат».
Он эки шакирттин бири Жєйєт Искариот Ыйсаны кармап берєє єчєн, башкы ыйык кызмат кылуучуларга барды.
Алар болсо муну укканда кубанышып, ага акча берєєнє убада кылышты. Ошондо Жєйєт Ыйсаны алардын колуна салып берєє єчєн, ыњгайлуу учурду издей баштады.
Ачыткысыз нан майрамынын биринчи кєнєндљ, Пасах козусу союлганда, шакирттери Ыйсага: «Пасах тамагын кайсы жерде жегињ келет? Биз барып, даярдап берели», – дешти.
Ошондо Ыйса эки шакиртин мындай деп жиберди: «Шаарга барсањар, кумура менен суу кљтљрєп бара жаткан адамга жолугасыњар. Анын артынан ээрчип,
ал кайсы єйгљ кирсе, ошол єйгљ киргиле да, ошол єйдєн ээсине: “Устат сенден: «Шакирттерим менен Пасах тамагын жей турган бљлмљ кайсы?» – деп сурап жатат” дегиле.
Ошондо ал силерге тљшљнчєлљр тљшљлєп даярдалган, єстєнкє кабаттагы чоњ бљлмљнє кљрсљтљт».
Анын шакирттери жолго чыгып, шаарга келишкенде, бардыгы Ыйса айткандай болуп чыкты. Ошентип, алар Пасах тамагын даярдашты.
Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен келди.
Дасторкондо тамак жеп отурушканда, Ыйса аларга: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Мени менен бирге тамак ичип отурган арањардагы бирљљ Мага чыккынчылык кылат», – деди.
Алар бул сљзгљ капа болушуп, биринин артынан бири: «Мен эмеспи?» – деп сурай башташты.
Ыйса аларга: «Ал – он экинин бири. Ал Мени менен бирге табактагы ашка нанын малып жатат.
Дегинкиси, Адам Уулу жљнєндљ Ыйык Жазууда кандай жазылса, ошондой аткарылып жатат. Бирок Адам Уулуна чыккынчылык кылган адамга кайгы! Ал адам тљрљлбљй эле койсо жакшы болмок», – деп жооп берди.
Алар тамак жеп жатканда, Ыйса нанды алды да, Кудайга ыраазычылык билдирип сындырды. Анан шакирттерине берип: «Алгыла, жегиле, бул нан Менин Денем», – деди.
Чљйчљктє да алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аларга берди. Бардыгы ошол чљйчљктљгєдљн ичишти.
Ошондо Ыйса аларга: «Бул – кљптљр єчєн тљгєлєп, жањы келишимди беките турган Менин каным.
Силерге чындыкты айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгында жањы шарап иче турган кєн келгенге чейин, Мен мындан ары жєзєм ширесинен ичпейм», – деди.
Кудайды дањктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жљнљштє.
Ошондо Ыйса аларга: «Ушул тєнє баарыњар Менден шектенесињер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет”, – деп жазылган.
Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам», – деди.
Ошондо Петир Ыйсага: «Бардыгы шектенишсе да, мен шектенбейм», – деди.
Ыйса ага: «Сага чындыкты айтып коёюн, бєгєн, ушул тєнє, короз эки жолу кыйкырганга чейин, cен Менден єч жолу баш тартасыњ», – деди.
Бирок ал ого бетер кєчљп: «Сени менен бирге љлєшєм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сљздљрдє башка шакирттер да айтышты.
Алар Гетсемани деген жерге келишти. Ошондо Ыйса шакирттерине: «Мен сыйынып келгенче, силер бул жерде отуруп тургула», – деди да,
Петирди, Жакыпты, Жаканды ала кетти. Анын тынчы кетип, жаны кыйнала баштады.
Анан аларга: «Жаным аябай кейип турат. Бул жерде калгыла да, сергек болгула», – деди.
Љзє четкерээк барып, жєзтљмљндљп жыгылды да, мындай деп сыйына баштады: «Эгерде мємкєн болсо, ушул саат Менден кыя љтєп кетсинчи».
Анан мындай деп сыйынды: «Ата! Сенин колуњдан келбеген нерсе жок. Бул чљйчљктє Менден кыя љткљрєп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун».
Ал шакирттерине кайтып келгенде, алардын уктап жатканын кљрєп, Петирге: «Шымон, уктап жатасыњбы? Бир саат сергек боло алган жоксуњбу?
Азгырылып кетпес єчєн, сергек болгула, сыйынгыла. Рух сергек, дене алсыз», – деди.
Анан дагы четкерээк барып, ошол эле сљздљрдє айтып сыйынды.
Ал кайтып келгенде, алардын кайрадан уктап калганын кљрдє. Анткени аларды уйку басып жаткан эле. Алар Ыйсага эмне деп жооп беришерин билишкен жок.
Yчєнчє жолу келгенде, Ыйса аларга: «Силер дагы эле уктап, эс алып жатасыњарбы? Бєттє, убакыт-сааты келди. Мына, Адам Уулу кєнљљкљрлљрдєн колуна салынып берилет.
Тургула, кеттик. Мына, Мага чыккынчылык кылуучу жакындап калды», – деди.
Ыйса муну айтып бєтљ электе эле, он экинин бири Жєйєт жана кылыч, союл кљтљргљн бир топ адам келип калды. Аларды башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар жиберишкен эле.
Ыйсага чыккынчылык кылуучу аларга: «Мен кимди љпсљм, Ал – Ошол. Аны кармап, сактык менен алып кеткиле», – деген эле.
Жєйєт келери менен, Ыйсанын жанына барып: «Устат! Устат!» – деп, Аны љптє.
Ошондо алар Аны кармап алышты.
Ыйсанын жанында тургандардын бири кылычын сууруп чыгып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун бир кулагын шылый чапты.
Ыйса аларга: «Мени кармаш єчєн, каракчыны кармачудай болуп, кылыч, союл алып чыктыњарбы?
Кєн сайын ийбадатканада элди окутуп, силер менен болгонумда, Мени кармаган жок элењер. Бирок Кудай сљзє орундалууга тийиш», – деди.
Ошондо шакирттеринин баары Ыйсаны таштап, качып кетишти.
Жылањач денесине жабуу жамынган бир жаш жигит Ыйсанын артынан ээрчип бара жатты. Ал жигитти аскерлер кармап алышканда,
ал єстєндљгє жабуусун таштай салып, жылањач бойдон качып кетти.
Ыйсаны башкы ыйык кызмат кылуучунун алдына алып келишти. Бардык ыйык кызмат кылуучулар, аксакалдар жана мыйзам окутуучулар Анын жанына чогулушту.
Петир Аны алыстан ээрчип, ыйык кызмат кылуучунун короосуна кирди. Ал жерде сакчылар менен бирге отуруп, отко жылынды.
Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен синедриондогулардын баары Ыйсага љлєм жазасын љкєм кылуу єчєн, жалган кєбљлљндєрєє издешти, бирок таба алышкан жок.
Анткени кљп адамдар Ага каршы жалган кєбљлљндєрєшсљ да, ал кєбљлљндєрєєлљр бири-бирине карама-каршы эле.
Кээ бирљљлљр орундарынан туруп, Ага каршы мындай деп жалган кєбљлљндєрєштє:
«Биз Анын: “Кол менен салынган бул ийбадаткананы бузуп, єч кєндєн ичинде кол менен салынбаган башка ийбадаткана тургузам”, – дегенин укканбыз».
Бирок алардын мындай кєбљлљндєрєєлљрє да бири-бирине дал келген жок.
Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ортого чыгып, Ыйсадан: «Сен эмне такыр жооп бербейсињ? Сага каршы булар эмне деп кєбљлљндєрєп жатышат?» – деп сурады.
Бирок Ыйса унчуккан жок, эч кандай жооп да берген жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсага дагы мындай суроо берди: «Дањктуу Кудайдын Уулу, Машайак Сенсињби?»
«Менмин! Силер Адам Уулунун кудуреттєє Кудайдын оњ жагында отурганын жана асмандагы булуттар єстєндљ келе жатканын кљрљсєњљр», – деп жооп берди Ыйса.
Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу љзєнєн кийимин айрып жиберип: «Бизге дагы кандай кєбљлљр керек?
Кудайга акарат келтиргенин љзєњљр уктуњар. Силер буга эмне дейсињер?» – деди. Алардын баары Ыйсаны љлєм жазасына татыктуу деп чечишти.
Кээ бирљљлљр Ага тєкєрљ башташты. Анын кљзєн тањып коюп сабап: «Кана, пайгамбарчылык кылчы!» – дешти. Сакчылар да Аны жаакка чапкылашты.
Петир ылдыйкы короодо турганда, башкы ыйык кызмат кылуучунун кєњдљрєнєн бири келди.
Ал отко жылынып отурган Петирди кљрєп, тигиле карап: «Сен да назареттик Ыйса менен чогуу жєрбљдєњ беле», – деди.
Бирок ал: «Сенин эмнени айтып жатканыњды билбейм, тєшєнгљн да жокмун», – деп, танып койду. Анан ал сыртка, сырткы короого чыкты. Ошондо короз кыйкырды.
Петирди кайрадан кљргљн кєњ љзєнєн жанында тургандарга: «Бул да ошолордон», – деп айта баштады.
Ал болсо дагы танып койду. Ошол жерде тургандар бир аздан кийин Петирге кайрадан: «Сен, чын эле, ошолордонсуњ. Анткени сен галилеялыксыњ да», – дешти.
Петир болсо аябай карганып: «Силер айтып жаткан Адамды мен тааныбайм», – деди.
Ошондо короз экинчи жолу кыйкырды. Петир Ыйсанын: «Короз эки жолу кыйкырганга чейин, сен Менден єч жолу баш тартасыњ», – деп айткан сљзєн эстеп, ыйлай баштады.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible