Скрыть
4:2
4:3
4:5
4:6
4:7
4:9
4:13
4:15
4:17
4:18
4:20
4:21
4:22
4:23
4:26
4:28
4:29
4:30
4:34
4:35
4:36
4:37
4:39
4:42
4:44
Ыйса Ыйык Рухка толуп, Иордандан кайтып келгенден кийин, Рух тарабынан чљлгљ алынып барылды.
Ошол жерде Ал кырк кєн шайтан тарабынан сыналды. Ошол кєндљрє Ал эч нерсе жеген жок. Акырында, Ал ачка болду.
Ошондо шайтан Ага: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоњ, анда мына бул ташка буйру, ал нанга айлансын», – деди.
Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ыйык Жазууда: “Адам нан менен гана эмес, Кудайдын ар бир сљзє менен жашайт”, – деп жазылып турат».
Ошондо шайтан Аны бийик тоого чыгарып, кљз ирмемде Ага дєйнљнєн бєт падышачылыктарын кљрсљтєп:
«Сага ушул падышачылыктардын баарынын єстєнљн болгон бийликти жана алардын атак-дањкын берем. Анткени ал мага берилген, мен аны кимге кааласам, ошого берем.
Ошондуктан, эгерде Сен мага таазим кылсањ, баары Сеники болот», – деди.
Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Ыйык Жазууда: “Кудай-Тењириње табын, Ага гана кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди.
Ошондо шайтан Аны Иерусалимге алып барып, ийбадаткананын тљбљсєнљ тургузуп, мындай деди: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоњ, анда ушул жерден боюњду таштап жибер.
Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Љз периштелерине Сени сактоону буйруйт.
Сен бутуњду ташка уруп албашыњ єчєн, алар Сени колдоруна кљтљрєп кетишет”, – деп жазылып турат».
Ыйса ага: «“Кудай-Тењирињди сынаба”, – деп айтылган», – деп жооп берди.
Шайтан Ыйсаны сынап бєткљндљн кийин, убактылуу Анын жанынан кетип калды.
Ыйса Ыйык Рухтун кєчєнљ толуп, Галилеяга кайтып келди. Ал жљнєндљ бардык аймактарга кабар тарап жатты.
Ал синагогаларда элди окута баштады. Аны бардыгы мактап жатышты.
Ыйса Љзє чоњойгон Назарет шаарына келип, адатынча ишемби кєнє синагогага кирди. Ал Кудайдын китебинен окуп берєє єчєн ордунан турганда,
Ага Ышайа пайгамбардын китебин сунушту. Ал китепти ачып, мындай деп жазылган жерин таап окуду:
«Тењирдин Руху Менде, анткени Ал Мени жакырларга Жакшы Кабар таратууга дайындады. Мени жєрљгє жаралууларды айыктырууга, туткундарга боштондук жарыялоого, сокурлардын кљзєн ачууга, кыйналгандарды эркиндикке чыгарууга,
Тењирдин ырайым кылуу жылын жарыя кылууга жиберди».
Анан Ыйса китепти жаап, кызматчыга кайтарып берип, ордуна отурду. Синагогадагылардын бардыгынын кљздљрє Ага тигилди.
Ошондо Ыйса аларга: «Силер уккан ушул пайгамбарчылык бєгєн орундалды», – деди.
Бардыгы Аны кубатташты. Анын оозунан чыккан керемет сљздљрєнљ тањ калып: «Бул Жусуптун эле баласы эмеспи?» – дешти.
Ыйса аларга мындай деди: «Силер Мага “Дарыгер, љзєњдє айыктыр!” деген макалды айтарыњар анык. “Капернаумда кылгандарыњды уктук. Ошол кылгандарыњды бул жерде, Љз мекенињде да кылчы”, – дээрсињер».
Анан Ыйса дагы мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, эч бир пайгамбар љз жеринде кабыл алынбайт.
Силерге чындыкты айтып жатамын, Илияс пайгамбардын тушунда, єч жыл алты ай бою жамгыр жаабай, бардык жерде катуу ачарчылык болгон кезде, Ысрайылда жесир аялдар кљп эле.
Ошондо Илияс алардын эч кимисине жиберилбестен, Сидон жеринин Сарепат шаарындагы бир жесирге гана жиберилген.
Ошондой эле Элиша пайгамбардын тушунда Ысрайылда пес оорулуулар кљп болгон, бирок сириялык Наамандан башка эч ким айыккан эмес».
Муну укканда, синагогадагылардын баары ачууланышты.
Алар орундарынан тура калышып, Ыйсаны шаардан кууп чыгышты да, ылдый тєртєп жибермекчи болуп, љздљрєнєн шаары жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты.
Бирок Ыйса аларды аралап љтєп, кетип калды.
Ыйса Галилеядагы Капернаум шаарына келип, ишемби кєндљрє элди окутуп жатты.
Эл Анын окутуусуна тањ калды, анткени Ал бийлиги бар адамдай сєйлљчє.
Синагогада жин оорулуу бир адам бар эле. Ал:
«Эй, назареттик Ыйса, бизде эмнењ бар? Сен бизди жок кылуу єчєн келдињ. Сенин ким экенињди билем, Сен Кудайдын Ыйыгысыњ», – деп кыйкырды.
Ыйса ага: «Єнєњдє бас! Бул адамдын ичинен чыгып кет!» – деп тыюу салды. Ошондо жин ал адамды элдин алдына жыгып, ага эч кандай зыян келтирбестен, анын ичинен чыгып кетти.
Ошондо бардыгынын єрљйлљрє учуп, љз ара: «Бул эмне дегени? Ал жиндерге бийлик менен, кєч менен буйрук берип жатат, алар чыгып кетип жатышат», – дешти.
Ошентип, Ыйса жљнєндљ бардык аймактарга кабар тарады.
Ыйса синагогадан чыккандан кийин, Шымондун єйєнљ келди. Шымондун кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жаткан эле. Ыйсадан ага жардам берєєсєн љтєнєштє.
Ыйса анын жанына келип, аны ысытма оорусунан айыктырды. Аял дароо ордунан туруп, аларга кызмат кыла баштады.
Кєн батканда, Ага ар кандай оорулууларды алып келе башташты. Ал ар биринин єстєнљ колдорун коюп, аларды айыктырып жатты.
Кљптљрдєн ичинен жиндер: «Сен Кудайдын Уулу Машайаксыњ!» – деп кыйкырып чыгып жатышты. Бирок Ыйса аларга Љзєнєн Машайак экенин айтууга тыюу салды, анткени жиндер Анын Машайак экенин билишчє.
Тањ атканда Ыйса єйдљн чыгып, ээн жерге барды. Эл Аны издеп таап, кетирбей алып калгысы келди.
Бирок Ыйса аларга: «Мен Кудайдын Падышачылыгы жљнєндљгє Жакшы Кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек. Анткени Мен ошол єчєн жиберилгем», – деди.
Ошентип, Ыйса Галилеядагы синагогаларда насаат айтып жатты.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible