Скрыть
13:1
13:2
13:3
13:4
13:5
13:8
13:9
13:10
13:11
13:12
13:13
13:15
13:16
13:17
13:19
13:21
13:23
13:26
13:28
13:31
13:32
13:33
13:35
Ошол учурда Ыйсага бир нече адам келип, Пилат љлтєрткљн галилеялыктар тууралуу кабарлады. Алардын каны љздљрєнєн курмандыктарынын каны менен аралашып калган эле.
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер бул галилеялыктарды башка бардык галилеялыктарга караганда кљбєрљљк кєнљљлєє болушкандыктан, ушундай азап тартышты деп ойлоп жатасыњарбы?
Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасањар, бардыгыњар ошолорго окшоп љлљсєњљр.
Силоомдогу мунара кулаганда, астында калган он сегиз киши Иерусалимдин башка бардык тургундарына караганда кљбєрљљк айыптуу болушкан деп ойлойсуњарбы?
Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасањар, бардыгыњар ошолорго окшоп љлљсєњљр».
Анан Ыйса бул єлгє-насаат ањгемени айтты: «Бир кишинин жєзєм багында анжыр дарагы болот. Ал келип, андан мљмљ издеп, таппай коёт.
Ошондо ал жєзємчєгљ: “Мен єч жылдан бери келип, ушул анжыр дарактан мљмљ издеп, таба алган жокмун. Аны кыйып ташта, бекер эле жерди ээлеп турат”, – дейт.
Бирок жєзємчє мындай деп жооп берет: “Кожоюн, быйылча аны коё тур. Мен анын тегерегин казып, кык тљгљйєн.
Мємкєн, ал кийинки жылы мљмљ берер. Эгерде бербесе, кыйдырып саласыњ”».
Ишемби кєнє Ыйса синагогалардын биринде элди окутуп жаткан.
Ошол жерде он сегиз жылдан бери ичиндеги жиндин таасири менен ооруп жєргљн аял бар эле. Ал бєкєр болчу, боюн тєзљй алчу эмес.
Ыйса аны кљрєп, жанына чакырып: «Аял, сен ооруњдан кутулдуњ!» – деди да, колун анын єстєнљ койду.
Ал ошол замат тєзљлєп, Кудайды дањктай баштады.
Синагога башчысы Ыйсанын ишемби кєнє аялды айыктырганына кыжырданып, элге: «Иш кылууга алты кєн бар го, айыгууга ишемби кєнє эмес, ошол кєндљрє келгиле», – деди.
Ошондо Тењир ага мындай деп жооп берди: «Эки жєздєєлљр, ишемби кєнє эч кимињер акырга байланып турган љгєзєњљрдє же эшегињерди чечип, сугарууга жетелеп барбайсыњарбы?
Шайтан он сегиз жылдан бери байлап жєргљн Ыбрайымдын ушул кызын ишемби кєнє байлоодон бошотууга болбойбу?!»
Ыйса ушинтип айтканда, Ага каршы болгондордун баары уялып калышты. Бєт эл Анын жасап жаткан бардык улуу иштерине кубанды.
Анан Ыйса мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгы эмнеге окшош? Аны эмнеге окшоштурсам болот?
Ал сары кычы данына окшош. Бир адам аны љз бакчасына септи. Ал љсєп чыгып, чоњ дарак болду, ошондо анын бутактарына канаттуу куштар уялашты».
Ыйса дагы мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгын эмнеге окшоштурсам болот?
Ал камыр ачыткыга окшош. Бир аял камыр ачытыш єчєн, аны алып, єч ченем унга кошот».
Ыйса шаарлар менен айыл-кыштактарды аралап, элди окутуп, Иерусалимди карай бара жатты.
Бирљљ Андан: «Тењир, чын эле куткарыла тургандар аз болобу?» – деп сурады. Ошондо Ыйса аларга мындай деди:
«Тар эшиктен кирєєгљ аракеттенгиле. Силерге айтып коёюн, кљптљр кирєєгљ аракеттенишет, бирок кире алышпайт.
Єй ээси туруп, эшикти бекиткенден кийин, силер сыртта туруп алып, эшикти каккылай баштайсыњар да: “Тењир! Тењир, эшикти ач”, – деп айтасыњар. Бирок Ал силерге: “Силердин ким экенињерди, кайдан экенињерди билбейм”, – деп жооп берет.
Ошондо силер: “Биз Сени менен эле чогуу тамактанып жєрчєбєз, Сен биздин кљчљлљрєбєздљ окутчусуњ”, – деп айта баштайсыњар.
Бирок Ал: “Силердин кайдан экенињерди билбейм. Эй, адилетсиздик кылуучулар, баарыњар Менин жанымдан кеткиле”, – деп айтат.
Силер Ыбрайымды, Ыскакты, Жакыпты жана бардык пайгамбарларды Кудайдын Падышачылыгынан, ал эми љзєњљрдєн тышка куулуп чыкканыњарды кљргљнєњљрдљ, боздоп ыйлап, кыйналып тиш кычыратасыњар.
Ошондо чыгыш менен батыштан, тєндєк менен тєштєктљн адамдар келип, Кудайдын Падышачылыгындагы дасторконго отурушат.
Ошентип, биринчилер акыркы, акыркылар биринчи болушат».
Ошол учурда кээ бир фарисейлер Ыйсанын алдына келип: «Бул жерден кет, анткени Ирод Сени љлтєргєсє келип жатат», – дешти.
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер ал тєлкєгљ барып айткыла: “Мен бєгєн, эртењ жиндерди кууп, оорулууларды айыктырып, єчєнчє кєнє аяктайм.
Бирок Мен бєгєн, эртењ жана бєрсєгєнє жол жєрєшєм керек. Анткени пайгамбардын Иерусалимден башка жерде љлєшєнљ жол берилбейт”.
Иерусалим! Пайгамбарларды љлтєрєп, љзєњљ жиберилгендерди таш барањга алган Иерусалим! Канаттуу љз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыњды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуњ.
Мына, єйєњ ээн калат. Сага айтып коёюн, “Тењирдин атынан Келе Жатканга дањк!” деп айта турган убакыт келгенге чейин, Мени кљрбљйсєњ”».
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible