Скрыть
4:3
4:7
4:9
4:12
4:14
4:15
4:17
Алтын кандай карарды! Эњ жакшы алтын кандай љзгљрдє! Ыйык жайдын таштары кљчљлљрдєн кесилишине чачылды.
Сиондун таза алтынга барабар кымбат баалуу уулдары карапачы жасаган чопо идиштерге окшоп калышты!
Чљљлљр да эмчек берип, балдарын тойгузуп жатат, менин элимдин кызы болсо чљлдљгє тљљ кушка окшоп, таш боор болуп калды.
Суусаганынан эмчектеги баланын тили тањдайына жабышып калды. Балдар нан сурап жатышат, бирок аларга нан берген эч ким жок.
Таттуу тамак жегендер кљчљлљрдљ соолуп жатышат. Кочкул кызыл кийим кийип чоњойгондор кык кучактап жатышат.
Элимдин кызынын кєнљљсє єчєн алган жазасы Содомдун кєнљљсє єчєн алган жазасынан ашып тєштє: Содом кљз ачып-жумгуча кулатылган, ага адамдын колу тийген эмес.
Элимдин тљрљлљрє кардан таза, сєттљн ак болчу. Алардын денеси маржандан сулуу, ал эми кљрєнєшє сапфирдей эле.
Азыр болсо алардын жєзє бардык кара нерседен да кара. Кљчљлљрдљ аларды таанышпайт. Алардын териси сљљктљрєнљ жабышып, жыгачтай болуп куурап калды.
Кылычтан љлгљндљр ачарчылыктан љлгљндљргљ караганда бактылуу, анткени булар талаа жемиштеринин жетишпегендигинен кыйналып љлєп жатышат.
Менин элимдин кызы кыйрап жаткан убакта жєрљгє жумшак аялдар љздљрєнљ тамак болуш єчєн, љз балдарын бышырышты.
Тењир Љзєнєн каарын, Љзєнєн жалындаган каарын тљктє, Сион шаарына от койду, ал от шаардын негиздерин жалмады.
Иерусалимдин дарбазасынан душман менен жоо кирет деп, жер жєзєнєн падышалары жана ааламда жашагандардын баары ишенишкен эмес.
Мунун баары анын жалган пайгамбарларынын кєнљљлљрє єчєн, шаардын ичинде адил адамдардын канын тљккљн анын ыйык кызмат кылуучуларынын мыйзамсыздыктары єчєн болду.
Кљчљлљрдљ сокурлардай тентиреп жєрєштє, канга булганышты, ошондуктан алардын кийимдерине кол тийгизєє мємкєн эмес эле.
Алардын алдында: «Четке чыккыла! Таза эмес!» – деп кыйкырышты. «Четке чыккыла, четке чыккыла, кол тийгизбегиле!» – дешти. Ошондо алар уялып, кетип жатышты. Элдер арасында болсо: «Алар бул жерде калышпасын, – деп жатышты.
Тењирдин жєзє аларды чачат. Тењир эми аларды карабайт, анткени алар ыйык кызмат кылуучуларды сыйлашпайт, аксакалдарга ырайым кылышпайт».
Биздин кљзєбєз келбес жардамды кєтєп талыды. Љзєбєздєн кєзљт мунарабыздан бизди куткара албай турган элди кєттєк.
Љз кљчљлљрєбєздљ баса албашыбыз єчєн, алар биздин ар бир кадамыбызды ањдып турушту. Биздин акыркы кєнєбєз жакындап калды, кєнєбєз бєттє, биздин акыркы кєнєбєз келди.
Бизди куугунтуктагандар асмандагы бєркєттљрдљн да ыкчам эле. Алар тоолордо бизди кууп жєрєштє, чљлдљ биз єчєн буктурма коюп жатышты.
Биздин љмєрєбєздєн деми – Тењирдин майланганы алардын оруна тєштє. Биз ал жљнєндљ: «Биз элдер арасында анын кљлљкљсє астында жашайбыз», – дечє элек.
Эдом кызы, Уc жеринин тургуну, кубан, шаттан! Каарга толгон чљйчљк сага да жетет. Мас болгуча ичип, жылањачтанасыњ.
Сион кызы! Сенин мыйзамсыздыгыњ єчєн жазалоо бєттє. Ал сени мындан ары кууп чыкпайт. Бирок мыйзамсыздыгыњ єчєн, Эдом кызы, Ал сени жазалайт, кєнљљлљрєњдє ачат.
Толкования стиха Скопировать ссылку Скопировать текст Добавить в избранное
Библ. энциклопедия Библейский словарь Словарь библ. образов Практическая симфония
Цитата из Библии каждое утро
TG: t.me/azbible
Viber: vb.me/azbible